Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

"Өзүмдүн акчам, пара эмес". Аспеков менен УКМКнын айтышы


Мелис Аспеков Октябрь окуяларынын кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун санаалашы болгон.
Мелис Аспеков Октябрь окуяларынын кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун санаалашы болгон.

Атайын кызмат 28-августта Садыр Жапаровдун тарапташы, быйыл жазында президенттин ырайымы менен абактан чыккан Мелис Аспековдун билдирүүсүнө жооп берди.

Мекеме Аспековдун үйүнөн табылган 10 миң доллардан ашуун акча козголгон кылмыш ишинде далил катары саналбагандыктан ээсине кайтарылган.

"Акчамдын кайтарылышы күнөөмдүн жоктугунун бирден бир далили"

Мелис Аспеков 27-августта Фейсбуктагы баракчасына атайын кызмат өзүн кармаган учурда үйүндө акча болгонун, аны өз ыктыяры менен күч органдарына өткөрүп бергенин айтууда

УКМКнын акчасын кайра кайтарып бергенин "күнөөм жоктугунун бирден бир далили" деп чечмеледи. Ошол эле маалда өзүнө таандык каражатты видеого чыгарып, элге пара катары көрсөтүшкөнүнө ыза болгонун жашырган жок.

Мелис Аспеков
Мелис Аспеков

"Өз ыктыярым менен текчеден алып чыгып берген каражатты "пара" катары көрсөтүп коюшту. Коомчулук мен пара менен кармалгандай ойлоп калды. Чындыгында алар көрсөткөн акча өзүмдүкү эле. Ошону социалдык тармактарга жаздым. Эгер бул акчага белги коюлуп, Дашковго же дагы башкасына таандык болсо ошолорго берилмек. Бул дагы менин күнөөлүү эместигимдин бирден бир далили. Коомчулукка мени жаман көрсөтүү максатында дагы бир ак автоунаанын жанында бирөөнү жерге, бирөөнү капотко жаткырган видео чыгарышкан, бирок андагы киши мен эмес, Жураев болчу. Жураев басым-кысым алдында "төрт жолу алып келгем" деп көрсөтмө берген, бирок сөзүнө эч кандай далил табылган жок, оозеки айтылган куру сөз болду. Булар мени далили жок сөз менен эле соттоп атат. 250 миң долларды төрт бөлүп алып келди деп атат, анда жок дегенде төртүнчү жолкусунда кармашпайт беле?".

"Азаттыкка" соңку окуялар тууралуу айтып жатып Аспеков Садыр Жапаровдун жанында 10 жылга чукул убакыт жүрүп, анын тарапташы болгонун айтты. Бирок азыр ал саясаттан алыстап, жеке ишкерлик менен алектенип жатканын белгиледи.

"Оозеки сөз менен, эч кандай аудио, кат же видеолор болбой туруп соттогон болбойт. Мени эмне үчүн түрмөгө отургузганын мен билем, бирок азыр айта албайм. Азыркы бийлик турганда Жогорку Сотко кайрылуунун кажети жок. Балким бийлик туура жана калыс жолго түшсө, же бийлик алмашса өз чындыгымды айтып кайрылышым мүмкүн. Өлкө тарыхында кылмышкердин акчасын кайрып берген күн болгон эмес. Мен үч мекемеге кат жазып жатып, 10 миң долларымды жана 15 миң сомумду кайтарып алдым. Акталган жокмун, бирок бул дагы күнөөмдүн жоктугунун далили. Маселен мени "күнөөлүү" деп тапкан соң далил зат катары алынган акчаны Дашковго бериши керек эле, бирок булар аны кылган жок да".

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Мелис Аспековдун билдирүүсүнөн кийин жооп берди. Мекеме анда 10 миң долларды кайтарып бергени чын экенин белгилеген. Бирок Аспековдун муну күнөөсүз экенине байланыштырганын көз будамайлоо деп атаган.

"Мелис Аспековго кайтырылып берилген каражат анын үйүн тинтүү маалында алынган жана далил буюм катары каралган эмес, иликтөөгө тиешеси жок болгон. Айыптоо өкүмү күчүнө киргенден кийин мыйзам талабына ылайык акча өзүнө кайтырылды. Аспеков "акча талап кылуу" жана "алдамчылык" беренелери менен соттолгонуна карабай, УКМКнын акчаны кайтарып бергенин күнөөсүздүгү катары көрсөтүп, коомчулукту атайылап адаштырып жатат", - деп жазылган маалыматта.

УКМК “опузалап талап кылуу” жана “алдамчылык” беренелери менен козголгон кылмыш ишинде сот Аспековду күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыратканын белгилеген.

Мелис Аспеков деген ким?

2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы Аспеков 2021-жылдын башында "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалып, кылмыш иши козголгон.

Кийин ал ишке "15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу" айыбына “алдамчылык” беренеси кошулган.

2022-жылдын март айында Биринчи май райондук соту Мелис Аспековду күнөөлүү деп таап, алгач жети жылга эркинен ажыраткан. Ошол жылы июлда Бишкек шаардык соту өкүмдү өзгөртүп, соттун биринчи инстанциясынын өкүмүндөгү Аспековду "алдамчылык" беренеси менен күнөөлүү деп тапканы менен жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чарасын берген эмес. Аспековдун алты жылдык абак жазасы каралган “Опузалап талап кылуу” айыбын күчүндө калтырган.

Аспеков 2023-жылдын май айында абактан президенттин ырайымынын негизинде бошотулган.

Жарандык активист Аспеков соттук жараяндарда күнөөсү далилденбегенин, "саясий негизде иш козголгонун" билдирип келет. Садыр Жапаров анын дооматтарын четке каккан.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 2022-жылдын 3-июнунда “Азаттыкка” курган маегинде мурдагы тарапташы Мелис Аспековго жооп берип, Мелис Аспеков президенттик шайлоо убагында ар кимден акча чогултканы үчүн камакта жатканын айткан.

Мелис Аспеков буга чейин Жапаровдун жакын адамы катары өзүн тааныштырып келген, аны менен бир канча иш-чараларга катышкан жана аны коштоп жүргөн.

"Ырайым сурагандык - күнөөсүн мойнуна алгандык"

Анын камакта отуруп ырайым сураганын күнөөсүн мойнуна алганы деп түшүнгөн эксперт Мүсуркул Кабылбеков буларга токтолду.

Мүсүркул Кабылбеков
Мүсүркул Кабылбеков

"Өзүн күнөөлүү деп эсептебеген адам ырайым сурап президентке кат жазбайт. Анын арызын канааттандырып, эркиндикке чыгарганы, демек ал кылганын мойнуна алганы. Эгер ал жалган жалаа жабылды жеп эсептесе акырына чейин туруп, өз чындыгы үчүн күрөшмөк, бирок андай болгон жок да. Биздин саясатчылар арасында айрымдары камакта отуруп, ырайымды кабыл албай койгондору болгон, себеби алар өзүн күнөөлүү деп эсептеген эмес. Ырайым сурагандыктын өзү - күнөөнү мойнуңа алганың, мыйзамдуу соттолгонуң".

УКМКнын ишине айтылган сын

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев болсо далили жок окуялар пиар үчүн чоң маалымат катары таратылбашы керек деп эсептейт:

"Пиар катуу болуп, "мынча киши буга шек саналып кармалды" дешет. Бирок сотко келгенде "далилденбей калды", "сот өткөрбөй койду" деген өңдүү чекке жетип калганы өкүнүчтүү. Экинчи тарабы, мисалы Аспеков саясатта белгилүү адам, ага карата кандайдыр бир көрсөтмө болушу мүмкүн. Бирок негизинен алганда аягы далилденбей, иш жабылып калган фактылар болууда. Тергөөнүн сапаты начарлап баратканына баарыбыз күбө болуудабыз. Азыр "кармадык" деген сөз кийин отчет бергенге керек болуп турат. Мурда "натыйжалуу иштеди" деп кармалган киши сот жообуна тартылганда гана айтылчу. Азыр ошол стандарттарга келишибиз кажет, болбосо канчалаган жарандарыбыз "жөн жерден жаманатты" болуп атканын айтышууда. Сан эмес сапатка көбүрөөк көңүл буруу зарыл".

39 жаштагы Мелис Аспеков бир нече жылдан бери саясатка аралашып, өзүн жарандык активист катары тааныштырып келген. Анын баскан жолунда чуу жараткан окуялар буга чейин да болгон. Мисалы, 2019-жылы Жогорку Кеңештин ошол учурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков УКМКга арыз менен кайрылган. Депутат өз арызында Мелис Аспеков андан 11 миң доллар доолап, сураганын бербесе, каралаган материал жарыялайм деп опузалаганын жазганы бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG