Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:24

Айсултан Назарбаевдин баңгизаттан каза тапканы аныкталды


Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан баңгизат колдонгондон улам көз жумганы аныкталды. Мындай тыянакты 24-мартта табышмактуу өлүмдү иликтеген британиялык сот чыгарды.

29 жаштагы Айсултан Назарбаев акыркы бир нече жыл баңгизатка көз карандылыктан арылуу үчүн дарыланып келген. Ал өз үй-бүлө мүчөлөрүн коррупцияга айыптап, бир нече жолу соцтармактардан билдирүү тараткан. Мындан улам анын капилет өлүмү "көшөгө аркасындагы оюндун" кесепетинен болушу мүмкүн деген шектенүүнү пайда кылган.

Бирок, иликтөө учурунда британиялык тергөөчү Фиона Уилкокс күбөлөрдүн, полициянын жана психиатрдын айткандарын угуп чыккан. Алар "Айсултандын өлүмүнө баңгизат себеп болгон" деп бүтүм чыгарышкан.

"Мен Айсултан өз ажалы менен өлдү деп эсептейм. Ал кокаинге берилип кеткендиктен көз жумду. Бул өлүмгө байланыштуу шек саноолор алынды", деп билдирди Уилкокс.

Ал ошондой эле тергөө учурунда маркум Айсултан Назарбаевдин канында жашоого коркунучтуу дозадагы кокаин бар экендиги аныкталганын кошумчалады.

Айсултан Назарбаев казак Сенатынын экс-спикери Дарига Назарбаева менен анын мурдагы күйөөсү, маркум Рахат Алиевдин кичүү баласы. Алиев 2015-жылы өзү көзөмөлдөгөн банктын топ-менеджерлерин уурдаган, деген айып менен сот жараянын күтүп жаткан Австриянын түрмөсүндө табышмактуу жагдайда каза тапкан. Австрия бийлиги өлүмдүн себеби суицид дегени менен, Рахат Алиевдин экинчи аялы жалдаган адвокаттар анын киши колдуу болгонуна ишенишет.

Айсултан атасы каза болгондон кийин маңзатка берилип кеткен. Бул тууралуу соцтармактарда байма-бай маалыматтар чыгып келген.

Айрыкча Айсултан Назарбаев экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрү аралашкан, казак элине "миллиарддаган доллар" чыгым алып келген ири коррупциялык схемалар жөнүндө Фейсбукта ачык айтып чыгып, туугандарын көп ирет сындаган.

Журналисттерге ал Казакстандын газын сатуу боюнча коррупциялашкан схемалар иштелип чыкканын, ага жетиштүү далилдери бар экенин малымдаган эле.

Айсултан ошондой эле "апам таятамды ар дайым катуу кармайт, анткени, мен анын уулумун", деген чуулгандуу жазууну да калтырып кеткен.

Бирок, расмий Нур-Султан анын бийликке жана таасирдүү туугандарына айтып келаткан айыптоосун баңгилик менен байланыштырып келишти. Казакстандын ошол кездеги маалымат министри Даурен Абаев Айсултандын мындай дооматтары баңгиликтин "ксепеттери деп билдирген болчу.

Айсултан Назарбаев.
Айсултан Назарбаев.

2019-жылдын октябрь айында Улуу Британиянын соту Назарбаевдин небересин Лондондогу полиция кызматкерине кол салгандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. Ошондой эле сот өкүмүндө ал баңгиликтен дарыланышы зарыл экендиги айтылган.

Соттук иштин материалдарында Айсултан Лондондогу бир батирге жашыруун кирип, ал жерде кирин жууп, андан чыгып башка бир батирге кирүүгө аракет кылып жаткан жерден кармалганы айтылат. Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлерине Назарбаев каршылык көрсөтүп, бир кызматкердин колун катуу тиштеп алган.

Ал эми былтыр февралда Айсултан Улуу Британиядан башпаанек сурап жаткандыгын жарыялаган. Полициянын инспектору Крис Эверетт сот отурумунда сүйлөп жатып, Айсултан көз жумганда бизнес визасы бар дипломатиялык паспорту болгонун, башпаанек берүү өтүнүчү менен кайрылган документтери жок экендигин айткан.

Казакстан Сенатынын экс-спикери, Мажилистин учурдагы депутаты Дарига Назарбаева уулу каза болгондон кийин коомчулукту "орду толгус жоготууга түшүнүү менен мамиле кылууга" чакырган.

Ал ортодо ушул жылдын башында мамлекеттик телеканалда көрсөтүлгөн документалдык тасмада Нурсултан Назарбаев жээн неберисин кайгыруу менен эскерди:

Айсултан Назарбаев жана Нурсултан Назарбаев. 1999-жыл.
Айсултан Назарбаев жана Нурсултан Назарбаев. 1999-жыл.

"Мага окшош бир неберемди жоготтук. Анын эрте кетишине абдан өкүнөм. Биз аны эч жакка жибербей кармап отура алган жокпуз. Аны кармап калуу мүмкүн эмес болчу. Ал буга чейин эле ушул "иштин" (баңгиликтин - ред.) кулу болуп, токтоно албай калган. Биз аны Орусияда, Лондондо дарыладык, бирок, туруштук бере албай койду," деген эле Назарбаев.

Эл башынын үй-бүлөсү Айсултандын көзү тирүү кезинде айткандарына бир да жолу комментарий беришкен эмес.

Айсултан Назарбаев Улуу Британиянын «Сандхерст» аскердик академиясынан билим алган. Мекенине кайтып келгенден кийин Казакстандын Коргоо министрлигинде иштеген. 2017-жылы жети айдай Казакстандын Футбол федерациясынын вице-президенти болгон. 2013-жылы казакстандык миллионер Кайрат Боранбаевдин кызы Алима Боранбаевага үйлөнгөн.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG