Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

“Азерфондун” ээси ким?


Президент Илхам Алиев үй-бүлөсү менен
Президент Илхам Алиев үй-бүлөсү менен

“Азерфон” Азербайжандагы эң ири телеком компания. Мобилдик байланыш тармагында 3-муундун технологияларын сунуш кылган жападан жалгыз провайдер.

Эң кирешелүү компаниянын ээлери ким? Алар монополияга кантип жетишти? деген суроо бүдөмүк бойдон калууда. “Азаттыктын” азери редакциясынын кабарчысы Хадича Исмаилова жүргүзгөн иликтөө компаниядагы акциялардын басымдуу бөлүгү президент Илхам Алиевдин эки кызына таандык экенин көрсөттү.

Баш калаа Бакыда жайгашкан “Азерфон” өлкөнүн жаңы тарыхындагы эң ийгиликтүү ишкер долбоорлордун катарына кирет. 2007-жылы негизделген компаниянын 1,7 миллиондой кардары бар жана Азербайжан аймагынын дээрлик 80% кызмат көрсөтөт. 3-муундун технологиялары жаатында болсо монополистке айланган. Арийне анын жылдык кирешеси жана канча салык төлөөрү тууралуу маалымат ачыкка чыгарылбай келатат.

Апрелде Каспий жана Европа өлкөлөрүнүн ишкерлер интеграция клубу “Азерфонду” жылдын эң мыкты мобилдик оператору деп атаган. Баса Азербайжан президенти Илхам Алиев ал клубдун ардактуу төрагасы.

2006-жылы Маалымат министрлигинин “Азерфон” компаниясынын негизделиши жөнүндө маалыматында германиялык Siemens AG жана дагы эки британиялык фирма кожоюндук кылаары айтылган.

Бирок Siemens AG компаниясынын басма сөз катчысы Моника Брюклмайер-Лангендорф анын компаниясы эч качан “Азерфон” же Азербайжандагы башка мобилдик операторго ээ болбогонун “Азаттыкка” ырастады. Финляндияда жайгашкан Siemens Nokia Network да “Азерфондо” акциялары бардыгын төгүндөдү.

Бирок Хадича Исмаилованын айтымында, Азербайжандын Маалымат министрлиги фирманын ээлерин аныктоого келгенде баягы эле сөздөрүн кайталайт.

Журналист өлкөнүн салык министрлигинен алган документке ылайык, “Азерфондун” баалуу кагаздарына Панамада катталган үч компания, Невис аралдарында жайгашкан бир фирма жана “Азтелеком” ээлик кылат. Панамадагы компаниялар акциялардын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөйт.

Азербайжанда президенттик үй бүлө эң бай


Хадича Исмаилова “Азаттыкка” курган маегинде иликтөөсүн 2008-жылы эле баштаганын айтат:

- 2008-жылы “Азерфондун” акцияларына ээлик кылган компаниялардын тизмеси колубузга тийген. Бирок чыныгы кожоюндар ким экендиги баары бир бүдөмүк бойдон кала берди. Жакында мен башка бир иликтөөнүн үстүнөн иштеп калдым. Панамада катталган компаниялардын реестрин казып отуруп, баягы тааныш фирмалардын аталыштарын көрүп калдым.

Документте Панамада катталган үч компания тууралуу чакан маалымат камтылган. Ага ылайык, президенттин туңгуч кызы 25 жаштагы Лейла Алиева “Гладвин” жана “Гринелл” компанияларынын ээси болуп чыкты. Кичүү кызы Арзу болсо казыначы катары катталган. Үчүнчү фирмада болсо Арзу – президент, ал эми Лейла казыначы деп көрсөтүлгөн.

“Президенттин администрациясы Алиевдин үй-бүлөсүнө таандык бизнес тууралуу кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартууда. 2005-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, жогорку мамлекеттик кызматкерлер, анын ичинде президент өздөрүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн мал-мүлкү тууралуу декларация толтуруп турууга милдеттүү. Мамлекет башчы Алиевдин декларациясы эч качан коомчулукка шардана кылынган эмес”, - дейт Исмаилова.

Президент Илхам Алиев шайлоо бекетинде, Бакы, 2009-жылдын 18-марты
- 2003 жана 2008-жылы маалымат каражаттары жана оппозиция Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, президенттикке талапкер Илхам Алиевдин кирешеси тууралуу маалымат сураганбыз. Тилекке каршы БШК андай маалыматты бербей койгон. 2005-жылкы мыйзамга карабай эч бир чиновник, же президент декларацияларын бир да жолу толтурган жок. Анын себебин сурасак, министрлер кабинети тиешелүү форманы даярдаган эмес деп жооп беришти.

“Азаттыктын” азери редакциясынын кабарчысы Хадича Исмаилова буга чейин Алиевдин кызы тендерсиз эле мамлекеттик банкты менчиктештиргенин, жубайы жана кыздары өзгөчө финансы тармагында өтө активдүү иш жүргүзөөрүн айтат.

Washington Post гезити былтыркы марттагы сандарынын биринде президент Илхам Алиевдин үч баласына Дубайда 75 миллион долларга бааланган мүлк катталганын жазып чыккан.

XS
SM
MD
LG