Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

Бахрейн: Коопсуздук күчтөрү шийи демонстранттарын Бермет аянтынан сүрүп чыгарды


2011-жылдын 16-мартында Бахрейн падышалыгынын коопсуздук күчтөрү шийи араптар басымдуулук кылган демонстранттарды күч менен таркатты. Бермет аянтындагы окуялар. Ишкер Ник “Азаттыкка” жиберген сүрөттөрдөн. Манама ш., Бахрейн. 16.03.2011.
2011-жылдын 16-мартында Бахрейн падышалыгынын коопсуздук күчтөрү шийи араптар басымдуулук кылган демонстранттарды күч менен таркатты. Бермет аянтындагы окуялар. Ишкер Ник “Азаттыкка” жиберген сүрөттөрдөн. Манама ш., Бахрейн. 16.03.2011.

Перс булуңундагы Бахрейн падышалыгынын ордо шаарында бир айдан бери топтолгон демонстранттар 16-мартта борбордук аянттан күч менен сүрүп чыгарылды. Өлкөдө кеңири саясий реформаларды жүргүзүүнү талап кылган шийи араптардын Манама шаарынын Бермет аянтындагы убактылуу чатырлары алынып салынды. Серепчилердин баамында, эми бул эмирликтеги шийи-сунни тирешүүсү жаңы деңгээлге чыкчудай.


Бермет аянты таштандыга толду

Шаршемби күнү, 16-мартта, Бахрейн падышалыгынын коопсуздук күчтөрү шийи араптар басымдуулук кылган демонстранттарды күч менен таркатты.

Ордо шаар Манаманын Бермет аянтына чогулган калайык өлкөдөгү кеңири демократиялык реформаларды, ал түгүл чакан падышалыкты бийлеген ал-Халифа сулалесин – азчылыкты түзгөн сунний араптар 200 жылдай мурда негиздеген династияны жоюуну талап кылып жатышкан.

Металл кабырчыктуу унааларга таянган коопсуздук күчтөрү 16-мартта эртең менен Бермет аянтындагы нааразылык жыйынынын катышуучуларын четинен сүрүп кирди жана аларга каршы жаш агызчу газдарды колдонду.

Бахрейн куралдуу күчтөрүнүн өкүлү өкмөттүк сыналгыдан шаршембидеги иш-чара тууралуу мындай деп баяндады:

- Бахрейндин куралдуу күчтөрү бүгүн, 2011-жылдын 16-мартында, коопсуздук күчтөрү мыйзам бузган кишилерден, биздин атуулдарыбыз менен тургундарыбыздын тынчын алып коркутуп жана улуттук экономикабызга кедерги болуп жаткан кишилерден Бермет аянтын, каржы булуңун, ошондой эле Сулайманийа саламаттык борборун жана аларга жакын аймактарды тазалоого жетишкенин билдирет.

Демонстранттардын айтымында, шаршембидеги кагылышуунун айынан бери дегенде эки киши набыт болуп, он чакты киши жаракат алды. Ал эми расмий бийлик болсо кайсы-бир демонстрант өз унаасы менен келип сүзгөндүктөн, эки полициячы курман болду деп кабарлады.

Бахрейн падышалыгынын өкмөттүк сыналгысы Бермет аянтынын демонстранттардан тазаланган, бирок ар кайсы жерде таштандылар жана өрттөн кийинки түтүнү быкшыган нерселер жайнаган сүрөттөрүн көрсөттү.

- Эми ушул сүрөттөрдү көрсөтүү менен бирге, биз атуулдарыбызды жана тургундарыбызды Бахрейндин туруктуулугу жана коопсуздугу калыбына келтирилгенине ишендирип айта алабыз. Бахрейн биз дайыма ишеним артып келген кишилердин колунда.

Шаршембидеги окуялар тууралуу Манамада жашаган ишкер Ник мырза жиберген сүрөт баян.

Бахрейн: Манаманын Бермет аянтындагы кагылышуу

x
Бахрейн жана сырткы дүйнө

Дээрлик бир айдай аянтты бербей ээлеп жаткан демонстранттардын убактылуу башпаана жайларын, чатырларын бузуп, аларды аянттардан кууп чыкканга чейинки күнү, 15-мартта, Сауд Арабстан жана Перс булуңундагы башка арап өлкөлөрү – Оман, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмирдиги - бир миңден ашуун жоокерди Бахрейн падышасына жардамга жөнөтүшкөн.

Ошол эле шейшембиде, 15-март күнү, Бахрейн падышасы өлкөдө үч айлык мөөнөткө чукул кырдаал жарыялады.

Шейшемби күнү коопсуздук күчтөрү менен нааразылык иш-чараларынын катышуучуларынын кагылышуусу болуп, анын айынан үч киши окко учуп, 200дөй киши жарадар болгону кабарланган.

Бирок сырткы күчтөр жергиликтүү демонстранттарды таркатуу аракеттерине кошулган же кошулбаганы азырынча так эмес.

Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад сунний падышалыгы Сауд Арабстандын Бахрейнге аскер киргизишин акылсыз кадам катары кескин сынга алды.

Ирактагы шийи араптарынын өкүлдөрү да Бахрейндин бийлигинин жергиликтүү шийи демонстранттарга катаал мамилесин сындап чыкты.

Бахрейнде Бешинчи аскер деңиз флотун кармаган АКШ болсо бул өлкөдөгү тирешкен тараптарды сабырдуулукка чакырды.

Бириккен Улуттар Уюму да тараптарды өлкөдөгү олуттуу көйгөйлөрдү саясий жолдор менен чечүүгө чакырууда.

Бахрейн оппозициясы менен бийлигинин карама-каршы үмүттөрү

Бахрейндик оппозиция болсо Тунис менен Мысырдагы (Египет) быйылкы элдик ыңкылаптардын жеңишине шыктанып, өлкөдө аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөгөн парламенттик башкарууну киргизүүнү талап кылып келет.

Алардын арасында падышалык башкарууну толугу менен жоюуну талап кылгандар да бар.

Бахрейн падышасы Хамад ибн Иса ал-Халифа болсо бир катар майда-чүйдө саясий жеңилдиктерге баруу аркылуу өз бийлик системасын сактап калууга умтулууда.

XS
SM
MD
LG