Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

Бангладеш: Ислам менен демократия тиреши


"Хефазат-и-Исламдын" Даккадагы демонстрациясы, 5-май, 2013
"Хефазат-и-Исламдын" Даккадагы демонстрациясы, 5-май, 2013

Бангладеште радикал исламчылар менен полициянын кагылыштары кайталанып, кеминде 15 адам набыт болду, 60 ашууну жаракат алды. Исламисттер бул өлкөдө атеисттерди дарга асууну талап кылышкан, секулярдуу өкмөт буга каршы.

Бангладештеги “Хефазат-и-Ислам” тобунун демонстрациясын таркатыш үчүн жекшембиде полиция үнү кулак жарчу гранаталар менен резина окторун колдонду. Бирок нааразылык акциялары дүйшөмбүдө да улантылды.

Полицияга карай таш ыргыткан он миңдеген демонстрантка коопсуздук күчтөрү көздөн жаш чыгара турган газ чачып, желим ок менен атып жатышты.

“Аллаху акбар!” (“Алла улук”) жана “Атеисттерди дарга!” деген кыйкырыктар менен чыккандар борбордук райондорго жүрүш жасашкан.

Баш калаа Даккадагы борбордук Мотижхил районун исламчылар басып алышкан эле. Дүйшөмбү күнү эрте менен бул жерди полиция кайра көзөмөлүнө алганын кабарлады.

“Daily Star” аттуу жергиликтүү басылманын кабарына караганда, исламчылар үч миңдей автобусту жалдап, митингчилерди сырттан борборго жыйнап келишкен.

Полиция менен демонстранттардын кагылыштары баш калаанын түштүк-чыгышындагы Канчпур районунда да катталды.

Исламисттер бул өлкөдө “Аллага акаарат келтиргендерди” өлүм жазасына тарткан мыйзам кабыл алынышын жактап жатышат. Андан сырткары, өлкөнүн окуу жайларында ислам сөзсүз окутулушун, коомдо эркектер менен аялдардын орду ажыратылышын, шариаттын мыйзамдары киргизилишин талап кылышууда.

Дүйшөмбүдө “Америка добушу” радиосуна сүйлөп жатып, өлкөнүн мурдагы юстиция министри Камал Хуссейн: "Биз “коммуналдык демократиядан” кетүү боюнча коомубузда даана мунасага жетишкенбиз деп ишенем, коммунализмдин кайра жаралышын каалабайбыз, дин менен саясат аралашып кетишин каалабайбыз, - деди. - Пакистанда азыр мунун айынан толгон-токой проблемалар бар. Мен пакистандыктар менен сүйлөшкөндө алар бизде коммуналдык саясат жок экенине суктанышат".

Буга чейин исламчылар Бангладештин дүнүявий коом бойдон калышын жактаган блоггерлерге чабуул коюшканы белгилүү.

Өлкөдө экстремисттик чакырыктар күчөп, өкмөткө нааразылык көбүрөөк айтыла баштаганын мурдагы министр коррупция, бийликтер тараптан жоопкерчиликтин жоктугу жана башкарууну коомдорго өткөрүп салгандык менен түшүндүрдү.

"Күчтүү демократия боюнча азыркыдай көңүл калуу өлкөдө “жоопту биз билебиз” дегендердин көбөйүшүнө жол берип жатат. Албетте, алар жоопту билишпейт", - деди Хусейн.

Соңку башаламандык Бангладеш өкмөтү эки апта мурун 622 адамдын өлүмүнө алып келген фабрикадагы кырсыктан кийин элдеги нааразылыкты басууга чамасы жетпей жаткан учурга туш келүүдө.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG