Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:22

"Бир жылда 30%". Бишкекте батир ижарасы кымбаттады


Бишкек.
Бишкек.

Кичи райондордогу кош бөлмөлүү, шарт-абалы орточо батир акысы 400-500 долларга чыкканы Бишкекте демейки эле көрүнүш болуп калды. Соңку жыл ичинде батир ижарасынын наркы биржадагы баалуу кагаз баасындай эле өсүүдө. Жергиликтүү тургундар буга Украинадагы согуш башталгандан бери ордо калаага толуп кеткен орусиялыктарды күнөөлөшөт. Бирок базарга аралашкандар баары бир кылка эмес дешет.

Ашыкча кымбат батир акысы

“Эки бөлмөлүү батир. 104-серия, 45 кв. м., Ата-Түрк паркына жакын жерде. Эмерек, тиричилик техникасы, кондиционери бар. Баасы 35 миӊ сом + депозит”.

Бир жыл мурун эле ушундай шарты бар батирди 25 миң сомго ижарага алуу мүмкүн болчу, бирок бүгүн дегеле мындай баага таппайсың. Кичи райондордо батир ижарасы азыр квадрат метрине 6 доллар, Түштүк магистралдын боюнда 7, Жалда жана борбор жакта 8-9 доллар турат. Орточо айлык маянасы 285 доллардан ашпаган бишкектиктер буга дегеле чыдабайт.

Бишкектеги батир акысы. Квадрат метрине АКШ доллары менен. Булак: House.kg.
Бишкектеги батир акысы. Квадрат метрине АКШ доллары менен. Булак: House.kg.

House.kg, порталынын маалыматына ылайык, бир жыл ичинде батир акысы дээрлик 30 % кымбаттаган. Өлкөдө тир укмуштай инфляция болгон 2021-жылы дагы баа мынчалыкка өскөн эмес эле.

“Мен Бишкекке 4-июнда учуп келип, кыш жакындаганда Шри-Ланкага учайын дегем. Бирок батирди дароо таба албай, Ысык-Көлгө кеттим. Баалар өсүп кетти. Бош батирлер аз окшойт, акчам жетпестигин сезип калдым”, - деп кейиди Бишкек тургуну Владимир.

Владимирдин энеси Кантта батирин ижарага берип келет. Андагы турак жай акысы да кескин көтөрүлүп кетиптир. Мурда шаардан батирди 8 миң сомго деле табуу мүмкүн болчу, азыр 13015 миңден арзаны жок дейт ал.

“Орусиялыктар анча деле таасир эткен жок”

Орусия Украинага бастырып кирип, Батыш санкция сала баштагандан бери он миңдеген орусиялыктар убактылуу иштеп-жашап турганга тынчыраак жай издеп жакынкы чет өлкөлөргө агылышты. Бул өлкөлөрдүн өкмөттөрү учурдан пайдаланып күтүүсүз келген киши агымын кармап калууга аракет кылууда. Бирок мунун айынан батир ижарасы кескин кымбаттап кетти. Баарынан да Түркияда, Грузияда, Арменияда баалар катуу өстү, Борбор Азия өлкөлөрүндө да
кымбатчылык сезилип калды.

Мисалы, Өзбекстандын Борбордук банкы батир баасынын өсүшүн КМШ өлкөлөрүнөн, атап айтканда, Орусия менен Белоруссиядан “туристтер көп келип жаткандыгы” менен байланыштырат.

Кыргызстанга, айрым эсептер боюнча, Орусиядан 2 % жетпеген эле убактылуу мигранттар келген. Бирок батир берүү мүмкүнчүлүгү кыйла чектелүү болгондуктан, ушул көрсөткүч деле батир базарына сезилерлик таасир этип койду. Орусиялыктар түнөк жайлардын (хостелдердин), чогуу турма жайлардын (коливинг-борборлордун) жана арзан батирлердин негизги кардарлары болуп калышты.

Орусиялыктар көбүнчө жекече келишет, бирок айрым компаниялар өз кызматкерлерин топ-тобу менен жиберет. SmartLab программалык камсыздоосун иштеп чыгуучу мекеме жакын арада Кыргызстанга өзүнүн 250 кызматкерин которорун жарыя айтты. Ошентсе да, батир акысы орусиялыктар агылып келерден алда канча мурун, 2021-жылдын башында эле башталган эле.

Өткөн жылдын күзүндө баалар Пакистандан келген студенттердин эсебинен өскөн.

"Пакистан Кыргызстандын медициналык ЖОЖдорун кара тизмеден чыгарганда, батир базары кадимкидей кызып кеткен болчу",- дейт батир ээси Инна. - Март айында орусиялыктар батир алууда деген уу-дуу чыкты эле. Ооба, алар кымбатыраак төлөшү мүмкүн, бирок кийин баары бир сайттарга кирип, арзаныраагын издешет. Анан көчүп кетишет. Мындай ызы-чуу башында, кош бөлмөлүү батирлер 400 доллардан алынган кезде болду эле, бирок азыр тынчып калды. Пакистан менен Индиядан студенттер агылып келгенде да баалар өсө баштаган болчу. Менин эки бөлмөлүү батирим бар, 1961-жылы курулган “хрущевка”. Азыр орусиялыктарга 300 долларга берем. Бирок аянты болгону 42 квадрат метр – бул бир бөлмөлүү батирдей эле”.

Орусиялыктардын батир баасына тийгизген таасири 10-15 %дан ашпайт. Турак жай акысы негизинен жалпы эле баалардын көтөрүлүп жатканына байланыштуу өсүүдө дейт Apartment.kg кыймылсыз мүлк агенттигинин жетекчиси Бекнур Атаканов. Анын компаниясы жогорку класстагы батирлерди алууга же тапшырууга көмөктөшөт.

“Бул баарынан да курулуш материалдарынын кымбатташына байланышкан. Ижарага берем деп батир сатып алуучулар турак жай баасынын көтөрүлүп кеткенине карай ижара акысын жогорулатууга аргасыз болууда. Шарты жакшы саналган батир азыр квадратына 1200 сомдон айланат. Албетте, мындай батирлерди ээлери арзан бергиси келбейт. Соңку бир жыл ичинде мыкты класстагы батирлердин ижара акысы 15-20 % өстү. Былтыр жайында ижарасы 550-600 турган кош бөлмөлүү батирлер азыр 700 доллардан ашып кетти”, - деп айтты ал.

“Азаттыктын” кабарчысына “Кадастр” мамлекеттик мекемеси берген маалыматка ылайык, Бишкекте акыркы бир жылда турак жай 18% ашык кымбаттаган. Батирдин 1 чарчы метринин баасы азыр 833 доллар турат.

Бишкектеги батирлердин квадрат метринин наркы, 2022-жыл, июнь. Булак: “Кадастр” ММ.
Бишкектеги батирлердин квадрат метринин наркы, 2022-жыл, июнь. Булак: “Кадастр” ММ.

Турк жай баасы чын эле өсүп кетти, бирок батир ижарасы башка себептен – инфляциянын өтө жогорулугунан улам кымбаттады деп эсептейт “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кыймылсыз мүлктү талдоо боюнча башкы адиси Айдар Сукенбаев.

Батир ээлери улам кымбаттап бараткан турак жай наркына карашат. 2021-жылдын июнь айына салыштырмалуу 2022-жылы июнда инфляция 13,1 % жетти. Батир ээлери жана кыймылсыз мүлк агенттери Бишкекте турак жай мындан ары да кымбаттай берет дешет. Мунун себептеринин бири катары алар жаӊы окуу жылы келатканы жана жалпы кымбатчылыктын тынымсыз өсүшү менен байланыштырышат.

Кыргызстандын Улуттук банкы азык-түлүк товарларынын баасы “рекорддук деӊгээлдеги жогору бойдон” калып жатканын моюнга алды. Ал эми инфляция даражасы дүйнө жүзүндө катуу болууда деп билдирди Улуттук банк.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG