Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:57

Сабалган жигиттин жакындары милицияны айыптады


Видеодогу сүрөт.
Видеодогу сүрөт.

Бишкекте 22 жаштагы жигит токмоктолуп ооруканага түштү. Жабырлануучу тарап аны сабагандар милиция кызматкерлери экенин айтып чыкты. Окуя тартылган видео интернетке тарап, соцтармакта отургандардын нааразылыгын жаратууда.

Ал эми шаардык ички иштер башкармалыгы алгач мушташка Чүй облустук милиция кызматкерлери аралашкан деген маалымат таратып, кийинчерээк аны четке какты. Азыркы тапта окуяга тартип сакчылары аралашканбы, же жокпу деп териштирүү жүрүп жатат.

Бишкектеги “Оливье” кафесинен чыккан эки адам ага кирип бараткан жигитти себепсиз сабаганы тартылган видео 1-февралда интернетке тараган. Аны жарыялаган адам жабырлануучу иниси экенин, сабагандар Бишкектин Биринчи Май райондук милициясынын Азамат жана Нурлан аттуу кызматкерлери болгонун, бири мас абалда, экинчиси соо экенин жазган болчу.

Видеодо кафеден чыккан эки адамдын бири бет маңдай келе жаткан жигитти алгач чыканак менен уруп, ортодо уруш чыкканы, андан кийин экөөлөп аны сабап салганы тартылган. “Азаттык” радиосу сабалган Бек Мыктыбек уулунун жакындары менен байланышты.

Атасы Мыктыбектин билдиришинче, окуя 29-январдын түнү болгон. Ал уулу сүйлөшкөн кызы менен аталган кафеден чыгып, жол жээгинде такси күтүп жатып, унутуп калган моюн орогучун алуу үчүн кайра кирип баратканда токмоктолгонун айтып берди:

- 16 киши Азамат деген жигиттин туулган күнүн белгилеп, ошол жерде ичип отурушуптур. Алардын көпчүлүгү милиция кызматкерлери экен. Менин уулум ал жерден чыгып, моюн орогучу үчүн артка кайрылганда чыканак менен уруп кулатып жатпайбы. Ал быйыл эле Медициналык академияны аяктап, фармацевтика тармагында иштеп жаткан. Жалгыз эркек балам, эки кызым бар.

Мыктыбектин айтуусунда, сабалган жигитке эч ким “Тез жардам” чакырбаптыр. Окуя болгон жерге өзү баргандан кийин гана ооруканага жеткирилген. Башына көп сокку жегендиктен, Республикалык бейтапкананын нейрохирургия бөлүмүнө жеткирилип, жаагына операция жасалган. Бүгүн эсине келип, сүйлөп калды деген атасы кылмыш үчүн милиция кызматкерлерин айыптоодо:

- Мен баргыча “Тез жардам” чакыруу эч кимдин оюна келбептир. Урган жигиттер болсо кетип калышкан. Милиция кызматкерлери ошол жерде кантип басып жүрөт? Ушундай билимдүү деген жигиттер бул кадамга баргандан кийин мен турмуштан түңүлүп, айла жок коомчулуктан жардам сурап турган мезгилим. Аларды жазага тартуу үчүн болгон күч-аракетимди жумшайм. Өздөрү мени менен сүйлөшө элек. Бирок, туугандары чалып, кечирим сурап жатышат. Окуя тууралуу видеону кафенин жетекчилиги менен сүйлөшүп алдым, алар да түшүнүү менен мага аны бергени үчүн ыраазычылык билдирем. Болбосо, далилдеш кыйынга турмак.

Мушташтын "каармандары" изделүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00

Мындай маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы ырастап, чуулгандуу видеодогу окуяга Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери аралашканын, алардын аты-жөнү такталып кармалганын, тийиштүү материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилгенин кабарлаган. Бирок көп өтпөй “туура эмес маалымат тарап кетиптир” деген жүйө менен аны четке какты.

Мекеменин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев мушташка катышкандардын тартип коргоо органдарына тиешеси териштирилип жатат жана кармала элек деп билдирди:

- Тигил же бул деп айтыш кыйын. Учурда ошолор боюнча комиссия түзүлүп, иштеп жатат. Биринчи сурак менен Биринчи Май райондук милиция кызматкерлери дешти. Андан кийин Аламүдүн райондук тартип сакчылары деген маалымат чыгып кетти. Алар чын эле милиция кызматкерлериби же башкаларбы, муну ИИМдин ички коопсуздук башкармалыгы иликтөөгө киришти. Сабагандарды издөө, аныктоо аракеттери уланууда.

Ал эми “Оливье” кафесинин кызматкерлери болсо окуя сыртта болгонун жана кардарлардын ким экендигинен кабары жоктугун маалымдашты:

- Биз эшикке чыкпайбыз. Мушташка катышкандар милиция кызматкерлери экенин так айта албайбыз.

Кыргызстанда тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн чырлуу окуяларга аралашкан учурлары байма-бай жарыяланып турат. Буга тартип бузган милиция кызматкерлеринин мыйзам чегинде жазага тартылбай жатканы түрткү берүүдө деген пикирде укук коргоочу Азиза Абдирасулова:

- “Карга карганын көзүн чукубайт” дегендей эле кеп. Сот, прокуратура сөөмөй кезеп, коркуткан болгону менен чынында жоопкерчиликке тартылбай калууда. Көп нерсе жетекчиликке көз каранды. Милиционерлердин улам-улам тартипсиздикке жол берип жатышынын бирден-бир себеби катары башчылардын тынымсыз алмашуусун атайм.

22 жаштагы Бек Мыктыбек уулунун ур-тепкиге алынышы боюнча кылмыш иши козголду. Ишти азыр Бишкектин Ленин райондук прокуратурасы тергеп жатат. Ал арада окуя чагылдырылган видео социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, милициянын дарегине сын айткандар арбууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG