Линктер

шаршемби, 26-апрель, 2017 Бишкек убактысы 02:32

Жаңыл Жусупжандын жол дептеринен кино тууралуу жаңы блогу.

Тамплиер чебин жолдон баратып кокусунан көрүп калдым. Кылымдарды карытып, дубалдары үбөлөнүп жатса да кан суудай аккан замандарды эске салып, каардуу дүпүйөт.

Франция менен тамплиер желектери желбиреп турган дарбазадан кирип, ичин бир сыйра айландык.

Ошондо өткөн августта Болот Шамшиев агайга кокусунан жолугуп калганымды эстедим. Ош шаарындагы «Царский Двор» деген ресторанда чогуу болгон элек.

Кетип жатканда агай мени колдон алып, «Жаңыл, мен сага бир фильмдин сценарийин жиберейин. Продюсер караштырбайсыңбы» деди.

Такси күтүп жатканбыз. Түн ортосу болуп калган, чекеси бак-шактуу Ленин көчөсүнүн четинде турган агайдын чачтарын бубак баскан, кийгени ак шым, ак куртка. Сүйлөгөнү шар, кыймыл-аракети шайдоот.

Ал кандай сценарий экенин сурадым.

«Тамплиерлер жөнүндө, алардын ордосун талкалашканда, айрымдары качып, Франциядан Ысык-Көлгө чейин келишкен экен».

Агай тарыхты айтып жатабы же киносунбу деп ойлодум, бирок сөзүн бөлгөн жокмун.

Орто кылымдарда дүйнөнү дүңгүрөткөн тамплиерлер Жакынкы Чыгышта мусулмандар менен кармашып, кийин Иерусалимден куулуп Францияга кайтышканда алардан акча ала берип карызга баткан падыша тамплиерлердин кыйнаганын кыйнап, өрттөгөнүн өрттөп жок кылдырганын уккан жайым бар эле.

Бүгүн Ирак, Сирияда өз элине кыргын салган, Европада бейкүнөө элди атып, машина менен сүздүрүп жаткан, дүйнөдөгү эң бай террордук уюм саналган халифатчыларды айрымдар "диндин сакчылары" деп чаң жугузгулары келбейт.

Тамплиерлер диндин тазалыгы үчүн ар кошкон элдер менен гана согушпастан, өз мекендештеринин, башка европалыктардын көзүн оюп, тилин кесишкенин Батышта баары жакшы билет. Анткени мектепте тарыхтан окушат.

Ошол эле мезгилде ал кездеги эң бир байманалуу диний жана согуштук уюм саналган Тамплиер орденин эр жүрөктүүлүктүн, чынчылдыктын үлгүсү катары туу туткандар күнү бүгүнгө чейин бар.

Оштун жылуу кечи эле. Элдер улам келген такси менен бир четинен кетип жатышты. Болот агай колумду кармаган бойдон орусчалап сүйлөп жатты.

«Качкын тамплиерлер кеме куруп, Ысык-Көлдүн ортосуна барып, ошол жерде туруп калышыптыр. Аларга көчмөндөр сүзүп жете албаптыр. Ошондо кытайлар кайыктарды алып келип, аларды жеңишиптир» деди.

Көз алдыма караңгы түндө көл үстүндө калкып турган ай, алтын кайыктагы зоот кийген куралчан рыцарлар, аларды кебелбестен заңкайып карап турган Теңир-Тоо тартылды.

Батышта тамплиер фестивалдары, жарыштар уюштурулат, бул темада тартылган «Да Винчи коду» тасмасы чоң экранга 2006-жылы эле чыккан, анын жаратуучулары 758 миллион доллар тапкан.

«Сиз да ушундай глобалдык тематикада кино тартсаңыз укмуш болмок» дедим.

«Бул телесериал болот» деди агай.

Ал арада такси келип калды. Ошону менен кош айтыштык.

Кино өнөрүндө «питчинг» деген түшүнүк бар. Режиссер өз тасмасы кандайча тартыларын 10 мүнөттө сүрөттөп бериши керек.

Эгер жактырышса продюсер табылат. Питчингдин жол-жобосун атайын курстарда үйрөтүшөт. Кээде питчингде эле фильм долбоору сыйлык алып, атактуу болуп кетет.

Болот Шамшиев агай 1960-жылдары киного жаңы келгенде питчинг деген болгон эмес. Режиссерлорду мамлекет өзү даярдап, бардык шартын түзүп берген.

Буга караганда Болот агай питчингди сонун өздөштүрүптүр деп баа бердим.

Айткандай эле тез эле агайдан сценарийи келди. «Англисчеси да бар, сапатын айта албайм, эмгегимди баалап, АУЦАнын ректору өзү бекер эле которуп берди» деп жазыптыр.

Жакында бир фестивалда продюсерлер менен чогуу отуруп калганда Болот агайдын сценарийин сөзгө кыстара койдум.

«Маймылды» тарткан режиссербу?» деп сурады бири. «Жок, ал кийинки муундан. Болот Шамшиев советтик кинодон чыккан» дедим.

«Канча жылдан бери кино тарта элек?» деп сурады экинчиси билгендей.

20-25 жылдан бери кино тартканын укпаган элем. Казакстанда театрда иштеп келгенин билем.

Бир ирет көлдө болгон окуяны эстедим. Мындан 4-5 жыл илгери болсо керек. Ак-Суудан Караколго маршруткада баратканбыз.

Айдоочу 20лардагы илбериңки бала эле. Жанындагы орто жаштардагы киши менен Мухаммед пайгамбардын жашоосун жети атасынын санжырасын айткандай эле жобурап жатты.

Сөздүн ыңгайы келип калып калганда «Ак кемени» билесиңби?» деп сурадым. Унчукпай калды.

«Болот Шамшиевдин фильмичи?» десем, мени машинасынын күзгүсүнөн бир азга тиктеп туруп, билбейм дегендей ийнин куушурду.

Мен деле унчуккан жокмун. «Дааватчы го, мектепке барбаса керек» деп койдум.

Анан кайра «Айда-жылда бир эмгеги элдин көзүнө көрүнүп, сөзгө илинип калбаса, адам ушинтип унутулат экен да» деп ойлодум.

Агай кийин дагы эки тасманын сценарийин жөнөттү. Ар бири 150-200 беттен экен. Күнү-түнү иштеп жатaт окшойт. Өзү бир ирет «Акаевден күттүм, ал акча берген жок, Бакиев да бербеди. Камераларымды тартып алышты, акчамды уурдашты, мага кино тарттырышпайт» дегени эсимде.

«Туризмге пайдасы тийет деп Темир Сариев тaмплиер ордосу тууралуу киного жардам берем деди эле, аны алып түшүштү. Мурда бизди орусташтырып келишсе, эми Жээнбековдордун түрткүлөөсү менен элди арапташтырып жатышат» деп кан какшаган.

Берлиндеги жолугушууда германиялык продюсер өкүнгөн түр менен сөзүн улады.

«Африкада мурда саналуу адамдар кино тартып, Франция көп жардам берген улуу муундун режиссерлеру бар. Алар азыр жаштарды сындашат, бирок өздөрүнүн колунан кино чыкпай калган» деди менин оюмду билип жаткансып.

«Кино жашка карабайт го? Фредерик Вайсманды (америкалык кинодокументалист) караңыз, 86 жашка чыкты, жылда жаңы кино тартат» дедим.

«Кеп жашта эмес, Гитлердин режиссеру Лени Рифеншталь 99 жашында эки кино тарткан" деди берки продюсер.

«Кеп режиссердун тыңдыгында, анан мамлекеттин саясатында. Мисалы, менин тасмама биздин Маданият министрлиги акча бөлсө, мен аны Канадада тартсам, Канаданын өкмөтү мага ошончо акча бөлөт. Бул орток келишимде каралган».

Ал дагы сөзүн улап, Европада киносу күчтүү өлкөлөрдө мамлекеттик кинематография органы гана эмес, ар бир областтын маданият бөлүмү ай сайын 60-70тен киного грант бөлөрүн, чет өлкөлүк болсоң да жергиликтүү студиялар менен кызматташсаң, гуманисттик маңыздагы күчтүү долбоор жазылса, каражат бөлүнүшү мүмкүн экендигин айтып отурду.

Нарын областы Конго Демократиялык Республикасынан же Буркина Фасодон келген режиссерлерго кантип акча бөлүп жатканын элестетип күлүп жибердим.

Кыргызстанда былтыртан баштап тарыхта биринчи жолу конкурс аркылуу киного грант бөлүнө баштады, бирок ал кандай шартта берилерин билбейт экенмин.

«Өзүбүздү даңазалагандан башка тема өтпөйт болсо керек» деп айтайын деп баратып, «Бөлгөндө деле улуттук темадагы гана тасмалар өтсө керек» деп оңдоп кеттим.

Берки продюсер сөз катпай калды.

Анан «Сценарийдин англисчесин мага жибергиле» демиш болду.

Жиберип көрөйүн, анан көрө жатарбыз, чынбы?

Франциядагы Тамплиер чебинен сүрөттөр:
Тамплиерлер Иерусалимге барган христиан зыяратчыларды коргойбуз деп XII кылымдын башында азыркы Франциянын аймагынан Жакынкы Чыгышка жөө-жалаңдап жөнөшкөн.

Тамплиерлер Иерусалимге барган христиан зыяратчыларды коргойбуз деп XII кылымдын башында азыркы Франциянын аймагынан Жакынкы Чыгышка жөө-жалаңдап жөнөшкөн.

Сүрөттө: чептин чиркөөсү. Эки кылым бою Тамплиер ордени Рим Папасынын кеңири колдоосуна ээ болуп, Жакынкы Чыгыштагы христиандар негиздеген мамлекеттерди коргоп турушкан.

Сүрөттө: чептин чиркөөсү. Эки кылым бою Тамплиер ордени Рим Папасынын кеңири колдоосуна ээ болуп, Жакынкы Чыгыштагы христиандар негиздеген мамлекеттерди коргоп турушкан.

Сүрөттө: чептин планы. Египеттик султан Палестинадан кууп чыккандан кийин тамплиерлер соода-сатыкка өтүп, жомоктогудай байышкан.

Сүрөттө: чептин планы. Египеттик султан Палестинадан кууп чыккандан кийин тамплиерлер соода-сатыкка өтүп, жомоктогудай байышкан.

Сүрөттө: чептин дубалынын көрүнүшү. Акыры тамплиер ордосунун түбүнө байлык жетет. XIV кылымдын башында алардын алдында карызга баткан Франциянын падышасы тамплиерлерди артынан түшүп жок кылдырган.

Сүрөттө: чептин дубалынын көрүнүшү. Акыры тамплиер ордосунун түбүнө байлык жетет. XIV кылымдын башында алардын алдында карызга баткан Франциянын падышасы тамплиерлерди артынан түшүп жок кылдырган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG