Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:15

Атактуу кинорежиссер, белгилүү коомдук ишмер, “Караш-Караш окуясы” жана “Ак кеме” сыяктуу улуттук классика болуп калган фильмдердин автору Болот Төлөнович Шамшиев ушул күндөрү жетимиш беш жашка чыгып, артына кылчая карап, иштеген иштерине, бүтүргөн эмгектерине сереп салып турган кези.

Албетте, Болот агабыз кыргыз маданиятынын эң эле атактуу инсандарынын бири, кыргыз киносун эле эмес, кыргыз маданиятын, керек болсо Кыргызстанды дүйнөгө тараткан чоң ишмерлердин бири - мында талаш жок. Эгер Болот Шамшиев бир эле “Ак кемени” экранга чыгарып, башка эч нерсе жасабай койгон күндө да, ал кыргыз киносунун тарыхында түбөлүк калмак. Эгер ал бир эле “Караш-Караш окуясы” аттуу кинотасмасын бүтүрүп, андан кийин жалаң өз тиричилиги менен алек болгон күндө да Бокебиздин аты баары бир аталбай коймок эмес, анткени ал фильм улуу казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун чыгармасы боюнча тартылган, ал кинодо улуу актер жана таланттуу сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун элеси турат. Баса, Чокморовду Чокморов кылган, актердук зор талантын эң биринчи ачкан да Болот Шамшиев экенин эч качан эстен чыгарбашыбыз керек го. Ал эми “Эрте келген турналар”, “Бөрү зындан”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Снайперлер” сыяктуу фильмдер кыргыз киносунун тарыхы, маанилүү барактары эмей эмне.

Биз, кыргыз көрөрмандары, Болот Шамшиевге ыраазычылык менен мамиле мамиле кыла турган дагы бир баалуу эмгек - бул улуу манасчы Саякбай Каралаев тууралуу документалдуу кинобаян го. Эгер режиссер Сакебизди убагында тасмага тартып калбаганда, азыр биз баарыбыз нечен жолу көрүп-билип жүргөн эпизоддор жаралат беле же жок беле - бул да чоң суроо. Ушуга карата мен атайын Болот Шамшиевге жолугуп, 75 жаш кутман курагы менен куттуктап, “Манасчы” фильми кантип жана качан жаралганын, Саякбай Каралаев киного тартам дегенге кандай мамиле кылганын сурадым.

- Мен ал кезде ВГИКтин акыркы курсунда окуп жүргөн кезим эле, - деп сөзүн баштады режиссер. - Кинорежиссерлук кесипти биротоло тандап, Александр Згуридинин классында окуп, Лариса Шепитьконун “Аптап” деген фильминде башкы ролду аткарып, айтор, кино ишине баш-отум менен кирип калган убагым болчу. Ошол убакта манасчы деген кандай болорун, улуу эпосту жумалап аткаруу деген эмне экенин кеңири коомчулукка көрсөтүүнү чечтим. Анын үстүнө Саякбай Каралаев менен бир үйдө, жазуучулардын үйүндө чогуу турчубуз. Мен 1965-жылы алгач ал кишиге жолугуп, киного тартарымды айтканда, Саке: “Ай, Төлөндүн уулу, анын эмне кереги бар, кино дегениң эмне?” дегендей таң калуу менен мамиле кылды. Мен ал тууралуу документалдуу фильмди Москвадагы окуган жеримде макулдашып, “Кыргызфильм” киностудиясында темасын, форматын бекиттирип койгонумду айттым. Ошентип жарым жылдай Сакебиздин так жанында жүрүп, ар кандай кырдаалдарда аны тасмага түшүрдүм. Азыр ойлосом, ошондо бир тарых үчүн, кыргыз эли жана маданияты үчүн бир пайдалуу ишти жасап койгон экемин. Ошол 10 мүнөттүк кинотасманын мааниси жана баркы мына азыр билинип отурат. Ал кишинин элесин, адам катары бейнесин, “Манасты” аткаруу стилин ошентип сактап калдык. Маселен, мен баш-аягы 16 кино тарттым, бирок ошолордун ичинен өзүм тарткан “Манасчы” эмнегедир мага абдан кымбат жана жүрөгүмө жакын нерсе катары сезилет.

Ырасында да Саякбай Каралаевдин жандуу элесин кинотасмада сактап калганы үчүн Болот агабызга ыраазычылыктан башка эч нерсе айта албайбыз.

Болот Шамшиев 60-70-жылдардагы кыргыз маданиятынын “күмүш доорунун” эң эле таанымал өкүлдөрүнүн бири десек болот. Т.Океев, С.Чокморов, Б.Бейшеналиева, Б.Миңжылкыев, Б.Кыдыкеева, Д.Күйүкова, Г.Базаров, Т.Турсунбаева, Ж.Сейдакматова… Айтор, санай берсек, тизменин аягына оңой менен чыкпайбыз. Ал эми Ч. Айтматов менен С. Эралиев, Т. Касымбеков баштаган кыргыз адабиятынын даркандарын айтсак жана алар ошол 20-25 жылдын ичинде жараткан чыгармачыл ийгиликтерди сөз кылсак “күмүш доор” чынында да чоң масштабдагы тарыхый кубулуш, өзүнчө бир руханий Ренессанс болгонуна көзүбүз жетет.

Болот Шамшиевдин мууну - кино өнөрү Кыргызстанда эле эмес, бүткүл дүйнөдө бирден-бир маанилүү өнөр тармагы болуп турган кезде өнүп-өскөн муун. Мэрилин Монро менен Брижитт Бардонун фотосүрөттөрүн ар кайсы дубалдарга чаптап, Жан Маре менен Кирк Дуглас сыяктуу актерлор жаштар үчүн кумир болуп, Чапаев менен жаш гвардиячылар тууралуу кинолор элдин оозунан түшпөй турган кезде чоңойгон муун - ушул Болот Шамшиевдин мууну десек эч бир жаңылбайт элек. Анын акыбети да абдан мыкты болгонун баарыбыз жакшы билебиз. 60-70-жылдардагы “Кыргыздын кино керемети” - ушул муундун эмгеги, ушул муундун жеткен ийгилиги эмеспи. Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде тартылган “Ак кеме” фильми үчүн Болот агабыз 1977-жылы СССРдин мамлекеттик сыйлыгын алган, 1991-жылы СССРдин эл артисти деген наамга татыган.

Албетте, Болот Шамшиев коомдук ишмер да болду, бир убакта Спорт, туризм боюнча комитетти башкарды, депутат болуп он жылдай жүрдү, дипломатиялык ишке да бир топ аралашты. Бирок анын негизги, чыныгы кесиби, албетте, кино өнөрү. Тилекке каршы, экономикалык кризис, финансы каражатынын тартыштыгы Болот Шамшиевге деле, экинчи бир классигибиз Генннадий Базаровго деле чоң кино долбоорлорду ишке ашырганга мүмкүнчүлүк бербей келет - муну моюнга алышыбыз керек. Ошондой болсо да азыркы учурда, кино тармагы аз да болсо жанданып, бутуна туруп келаткан кезде Болот Шамшиев жана Геннадий Базаров сыяктуу чеберлерге керектүү каражат бөлүп берсе, Үркүн темасы болобу, тарыхый инсандарыбыз тууралуу болобу, булар чоң деңгээлдеги көркөм тасмаларды элге тартуулаганга толук кудуреттери жетмек.

- Мен 25 жылдан бери кино тартпай, өз кесибимди уланта албай келатам, - деп арман кылат Бокебиз. - Элге берип эле атат, бирок мага келгенде эле акча жок, мага келгенде эле каражат жок деген маселе чыгат. Эми үмүт деген эч качан үзүлбөйт эмеспи, азыр ойлоп атам, балким 26 жыл өткөндөн кийин мага өкмөт каражат табар.

Эмне дейбиз, мамлекетибизде каражат тартыш экени, киного эмес, андан зарыл күнүмдүк социалдык маселелерди чечиш үчүн каражат жетпей жатканы андай чоң жашыруун сыр эмес. Азыр болсо жаңы бир экономикалык кризистин тилкесине кирип бара жатабыз. Андан кантип чыгабыз, пенсиялар менен жөлөкпулдарды кантип төлөйбүз, мугалимдер менен дарыгерлердин айлык маянасын кантип көбөйтөбүз деп өкмөттүн башы ооруп турган кез.

Ошону менен бирге Болот агабыздын качан болсо мамлекетке, өкмөткө нааразы болуп жүргөнүнө толугу менен кошулууга эч качан болбос. Ошол 25 жылдын ичинде министр да болду (туризм менен спорт тармагын жетектеди), 10 жыл Жогорку Кеңеште депутат болду, “Манас - 1000де" негизги режиссерлук ишти аткарды, Бириккен Араб Эмиратында Кыргызстандын консулу болду ж.б.

Арман кыла берсек, наалый берсек, ал эч качан бүтпөйт го. Экинчи жагынан, азыр киночулардын жаңы мууну турмушка келди, ар биринин амбициясы, дымагы жана ойлогон ойлору бар. Башкача айтканда, баягы болгону үч-төрт гана профессионал кинорежиссер бар заман эбак өткөн. Муну да унутпашыбыз керек. Өзү айткандай, Совет заманы бир башка да, азыркы коом бир башка. Анын үстүнө мурунку муундар менен кийинки муундардын ортосундагы ажырым, конкуренция маселеси да жок эместей. Бирок классикалык “Ак кеме” менен “Караш-Караш окуясынын” авторун алы-күчү бар кезинде, чыгармачыл демөөрү өчө элек кезинде иштетип алсак, билгендерин үйрөнсөк, жаш киночулар таалимин алса, жакшы эле болмок. Кептин баары азыркы кыйын-кысталыш заманда каражат табуу маселесинде тургансыйт.

Кыскасы, ушул күндөрү 75 жаш торколуу тоюн белгилеп, басып өткөн байсалдуу чыгармачылык жолуна кылчайып көз чаптырып, кыргыз маданиятынын корифейлеринин бири катары, аксакалы катары арабызда жүргөн Болот Шамшиев агабызга чын жүрөктөн куттуктап, бекем ден соолук, узун өмүр каалагыбыз келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG