Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:13

Москвадагы мигранттар лагери


1-августта Москвада мигранттарды депортацияга чейин кармай турган чатыр лагер ачылды. Ал жерде жүздөн ашуун мигрант кармалып, депортацияны күтүп жатышат.

Полициянын рейддеринен улам Москвада мыйзамсыз жүргөн 1400дөн ашуун киши кармалды, алардын арасында Вьетнам, Египет, Марокко, Сирия, Азербайжан жана Өзбекстандын жарандары бар.

31-июлдагы полициянын рейди маалында Москванын базарларында кармалган жүздөгөн мигранттар шаардык полициянын чет элдиктерди убактылуу кармаган борборлордо жайгаштырылды.

Кыргызстандык мигранттардын 11и кармалып, экөө коё берилген. Лагерде азырынча кыргызстандыктар жок, алар райондук полиция бөлүмүндө кармалууда.

"Москванын Ички иштер башкармалыгы менен Федералдык миграция кызматына кармалгандардын өздүгүн тактоого, зарыл болсо документтештирүү жагынан жардам берип жатабыз. Азырынча лагерде биздин жарандар бар экени тууралуу маалымат жок", - деди лагерден кабар алган Кыргызстандын Москвадагы вице-консулу Алмаз Букалаев.

​"Орусиядагы мигранттар" федерациясынын жетекчиси Мухаммад Маджумдердин айтымында, рейддер жалгыз гана мыйзамсыз эмес, документтери туура мигранттарды да кооптондуруп жатат. Саясат таануучу Энвер Кисриев лагер көпкө иштебейт деген ойдо.

Атын атабаган Москвада иштеген кыргызстандык мигрант “Азаттыкка” мындай деди:

- Базарларда, цехтерде, чоң курулуштарда документтери жок иштегендер көп, ошол жактарда кармап жатыптыр. Көбүнчө кытай, тажик жана өзбектер кармалып жатканын уктук. Тааныштарбыз деле кармала элек. Азырынча тынч.

27-июлда Москванын Матвеевск базарында белгисиз бирөө полиция кызматкерине кол салгандан кийин бир нече рейддер өткөрүлдү.

Кыргызстандык эмгек мигранттарынын көпчүлүк бөлүгү - 400 миңден ашуун адам - орус жарандыгын алышкан, расмий булактар боюнча Орусияда 600 миңден ашуун кыргызстандыктар бар.

Москвадагы мигранттар лагери
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:17 0:00
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG