Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:48

Саякбай айкөл болгон


Саякбай менен Сүймөнкул.
Саякбай менен Сүймөнкул.

Кыргыздын залкар манасчысы Саякбай Каралаевдин (1894–1971) өмүр жолун аздектеп иликтеп жаткан илимпоз Данияр Исанов манасчынын кызы Гүлсүн апа менен баарлашып, айрым жылмаюу туудурган окуяларды жазып сунуш кылды.

* * *

1966-жыл эле… Күндөрдүн биринде үйүбүзгө бой-турпаты келишкен жигит пайда болду. Баарыбызга тең анын кичи пейилдиги, ички маданияты, адамды заматта арбап алган касиети, жароокер мүнөзү жагып калды. Ал үйүбүзгө келсе атам менен апам кудуңдап сүйүнүп, бир топко кетиргилери келишпейт. Ушуну көргөн мен "дагы келсе экен" деп дегдейм.

Каалга ачылып, жарк этип кирип келгенин көргөндө атам жетине албай:

– Ой, Сүймөнкул келди… Тезинен чай даярдагыла! – деп кабагы ачыла түшөт.

Биз да Сүймөнкул (Чокморов) келгенде сүйүнүп калабыз. Анан ал атам менен керээли-кечке сүйлөшүп чер жазат. Атамды отургузуп коюп сүрөткө тартып кирет. Бардыгын илгиртпей түшүнгөн баамчыл неме:

– Ата, чарчадыңызбы? Анда бир аз кое туралы, – деп жанына олтуруп, кайрадан кызуу кепке киришет. Кээде атамды өнөрканасына алып жөнөйт. Кайсы бир күнү атам:

– Конок камын көргүлө! Бүгүн үйгө Сүймөнкулду келинчеги экөөнү тең чакырдым, – деди.

Апам экөөбүз ашканада тамактын камын көрүп атабыз. Айтылган убакытта Сүймөнкул жубайы Салима экөө кирип келишти. Чай ичилип, ортодо өткөн-кеткен кептер козголду. Анан Сүймөнкул:

– Ата, бу келин балаңыздын улуту дунган, – деди, баятан үн катпай отурган Салиманы карап.

– Йе, балам! – деди да, Салимага бурулуп алып атам дунганча ээн-эркин сүйлөп кирсе болобу?!

Атамдын туруп-туруп эле таптакыр башка тилде сүйлөп атканын угуп алып кыраан-каткы түштүк.

Бир маалда апам:

– Ой, байболгур, келин баланы шылдыңдабачы, – деди, жактыра бербей.

– Жок, эч кандай шылдыңдаган жок. Тескерисинче, дунганча абдан жакшы сүйлөйт экен, – деди Салима. Мурда атамдын мындай өнөрүн көрбөгөн жаныбыз, таң калып эле калдык. Дунганча билээрин түк билбейт элек...

* * *

Биз кичинебизде көзүбүзгө ар нерсе кызык көрүнүп:

– Ата, акча бериңизчи? – деп кайрылсак:

– Ой, менде акча жок. Акчанын баарын апаңарга карматтым, – дейт атам.

– Ой, кокуй, оо-й! Бардыгын карматтыңбы? – дейбиз тынчыбыз кетип. Эми ойлосом, ошол кезде атама «Манасты» айтканы үчүн очойтуп деле акча карматпаса керек деп калам. Кийин Жазуучулар Союзу атамды "Саке" деп урматтап китептерин чыгарышканда гана анда-санда чоң өлчөмдөгү акчага ээ боло баштады.

– Ооба, бардыгын карматтым, – дейт атам эч кебелбей. Анан биз Сыргак абам экөөбүз ого бетер атамды тамашага чалып:

– Өзүңүз баатырлардын баянынан айтасыз, "баатыр мындай болот, баатыр тигиндей болот" деп. Анан апама бийликтин баарын берип коюп эле отуруп каласыз. Бир аз өзүңүзгө кымтып калбайт белеңиз? – дейбиз.

– Ой, мен акчаны эмне кылмак элем? Баарын апаңар билет. Апаңардан сурагылачы, – дейт кебелбей.

* * * * * * *

Атам балдарды абдан жакшы көрчү. Алдына келген майда балдар менен эрмектешип отурар эле. Чөнтөгүнө койдун майын тилим-тилим кесип алып салып жүрө турган адаты бар болчу.

Балдарды эркелетип отуруп чөнтөгүндөгү койдун майын алып чыгат да, ар бир балага бир кесимден бөлүп берип: «Ушуну жеп түгөтсөңөр мынакей, силерге тыйын берем!» – деп чөнтөгүн аңтарып калат. Кыязы, балдардын баёолугуна абдан суктанса керек!?

Атадан алтоо элек. Рабиха, Калийкан, Сайракан, Сыргак, Чубак, анан мен. Ушул алты баласына тең мээримин бирдей төктү. Алтообузду тең жанынан артык көрдү. Атамдын ачуусу келген күндө бизге кол көтөрүп кыйкырганын эч эстей албайм. Кээде биздин ашыкча кеткенибизди көрүп:

– Ой, буларды бир урушуп тарбиялап койсоң боло! – деп жаны кашаят апамдын. Антсе атам:

– Ай, балдарды атасы урган жарабас! Атаныкы уу, эненики май. Өзүң тарбиялап жолго сал! – дечү.

Аргасы түгөнгөн апам анан бизди тарбиялайм деп алек боло баштачу.

* * * * * * *

Данияр Исанов.
Данияр Исанов.

Булак:

Исанов, Данияр. Менин атам Саякбай: (Манасчы Саякбай Каралаевдин кызы Гүлсүн Саякбаеванын маегинен) // Чагылган. — 12.8.2018. — “Күндүз күйгөн чырактар” түрмөгү.

(TT)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG