Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:12

Эзели уюкфон жоготкон эмесмин!


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Күлкү кербенде” уюкфон тууралуу азил сунушталат.

* * * * *

Карыя өзүнүн небересин жетелеп жүрүп, бир убакта анын уюкфонсуз (чөнтөк телефонсуз) жүргөнүн көрүп:

— А-а, балам! Уюкфонуңду бүгүн дагы жоготуп алдыңбы? – деп кейийт.

— Чоң ата, жөн эле ачуулана бересизби? Сиз деле кичинекей чагыңызда далай уюкфон жоготкондурсуз?

— Ээ, балам, мен далай жолу кой-козу жоготтум, бир жолу кезүү кайтарып жүрүп уй да жоготтум. Бирок бала болуп башыма жүн чыккандан бери эч бир жолу уюкфон жоготкон эмесми-ин!.. — деп карыя күлгөн экен.

* * * * *

XS
SM
MD
LG