Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

Акчаң “күйгөнүнө” кайра сүйүн да!


Мурдагы "Солидарност" кыймылынын башчысы, мурдагы президент Лех Валенса. 2011.
Мурдагы "Солидарност" кыймылынын башчысы, мурдагы президент Лех Валенса. 2011.

Полшада 1980-жылдары “Солидарност” ("Тилектештик") кесиптик кошуундар биримдиги менен коммунисттик режим тирешип турган доордогу анекдот.


Бир поляк кенчиси Гданск шаарына келип, шаардык банкка аманат акча калтырууну чечет.

Саал ойлонуп, анча-мынча акчасына тынчсызданып банк кызматкеринен сурайт:

- Эгерде Гданск банкы банкрот болуп калса эмне кылам?

- Эч кам санабаңыз, Варшава банкынан аманат акчаны төлөп беребиз.

- Варшава банкы “отуруп” калсачы?

- Анда да коркпоңуз, бизде Полшанын Улуттук банкы бардыгын төлөйт.

- Саат басып, бул банк да сызга отурган болсочу?

- Анда шеригибиз Маскөө банкына кайрылабыз.

- Ал банк да банкрот болсочу?

- Эч кам жебеңиз. Мындай шартта Советтер Биримдигинин Борбордук банкы жардамга келет.

- Эсеби маселен, СССР Борбордук банкы да банкрот болсочу?

- Ой тобо-о, Сиздин акчаңыз салынгандан СССРдин банкы ойрон болсо, анда кайра сүйүнө бербейсизби! – дептир ичинен “Солидарност” ("Тилектештик") кыймылына жан тарткан банк кызматкери.


(Чет элдик интернет булактарынан алынып которулду).
XS
SM
MD
LG