Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:38

Интернет менен уюлдук байланыш баарын каптады


Интернет менен чөнтөк телефондун калк арасына жайылуу ылдамдыгын дүйнөлүк экономикалык кризис токтото алган жок. Улуттар уюмунун атайын изилдөөсү көргөзгөндөй, мурдагы коммунисттик Чыгыш Европа менен КМШ өлкөлөрү - интернет жана зымсыз телефон колдонуучулардын саны күн санап өсүп бараткан аймакка айланды.

Дүйнөлүк экономикалык кризис бардык тармактардагы өсүштү тегиз ылдыйлатканы менен, маалымат технологиясына алы жеткен жок. Улуттар уюмунун изилдөөсү көргөзгөндөй, ушу тапта дүйнөдө чөнтөк телефон көтөргөндөрдүн саны 4 миллиард адамга жетип калды.

Эл аралык изилдөөгө катышкан адистердин бири Торбьорн Фредриксон айрыкча интернет менен зымсыз телефон колдонуучулар саны өнүгүп бараткан өлкөлөрдө чоң секирик жасаганын белгилейт.

“2003-2008-жылдары чөнтөк телефондон пайдаланган кардарлар саны жагынан мурдагы советтик жумурияттар алдыга озуп чыкты, - дейт Улуттар уюмунун эксперти. - Ошондой эле Евробиримдикке кечээ жакында кошулган Чыгыш Европалык мамлекеттер да уюлдук телефондун жайылышы жагынан алдыңкы сапты ээледи”.

Фредриксон азыркы күндө чөнтөк телефон байлыктын белгиси эмес, жашоодогу эң керектүү буюмдардын бирине айлангандыктан, бир ирет аны сатып алгандар кийин кайра оңой менен баш тартпаарын айтат.

Атүгүл, мисалы тизменин эң башына чыккан Черногорияда ар бир кишиге орто эсеп менен уюлдук телефондун экиден көп номуру туура келет экен. Жөнөкөйлөтүп айтканда, черногориялыктардын ар биринде кеминде экиден чөнтөк телефон бар.

Орусия менен Украинада да киши башына бирден ашуун зымсыз телефон номуру катталган, тактап айтсак Орусияда жүз кишиге 132 номур, Украинада 100 кишиге 120 номур туура келет. Кавказдагы жумурияттарда калктын 70-80%ы уюлдук телефон кызматынан пайдаланат. Мурдагы советтик өлкөлөр арасында эң артта калган Түркмөнстанда былтыр зымсыз телефон колдонуучулар саны 21 пайызга өскөн.

Дүйнөлүк маалымат желеси аталган интернетсиз жашоосун элестете албагандар саны да саат сайын арбып барат. Бул жагынан былтыр 30 пайыздын тегерегиндеги өсүштү көргөзүп, интернетти эң тез жайылткан өлкөлөр катары Босния, Македония, Иран аталды.

Калкынын 14 пайызы интернетти пайдаланган Кыргызстан Борбор Азия ичинде алдыда келатат, кийинки орунду 12 пайыздан ашыгыраак көрсөткүч менен Казакстан ээледи. Жалпы дүйнө жүзүндө интернетке колу жеткендер саны 1 жарым миллиард адамга чукулдады, алардын 300 миллиондойу Кытайда жашагандыктан интернетти жайылтуу жагынан Кытай ушу тапта 1-орунга чыкты, андан кийинки орунда 190 миллиондой кардары менен Америка Кошмо Штаттары турат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG