Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:12

Кумтөр кенин иштеткен "Центерра Голд" компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн талаш-тартышы күчөдү. Буга кыргыз күч органдарынын биргелешкен комиссиясы өткөн аптада "Кумтөр Голд Оперейтинг" ишканасынын Бишкектеги кеңсесинде күтүүсүздөн тинтүү жүргүзгөнү түрткү болду.

Канаданын Торонто шаарында жайгашкан "Центерра Голд" компаниясынын президенти Фрэнк Херберт “Азаттыкка” курган маегинде Кумтөр талашынын себептерине токтолуп, кен казуу 2009-жылдагы макулдашуу боюнча жүргүзүлө берерин айтты.

"Азаттык": “Кумтөр Голд” компаниясында тинтүү болгондон кийин компаниянын эки вице-президенти Бишкектен чукул чыгып кеткенин кыргыз бийликтери кабарлады. Жеке коопсуздуктан улам эки кызматкериңер чыгып кеттиби?

Фрэнк Херберт: Вице-президенттер Лесли Лоу менен Марк Бертон 28-апрелге чейин бир ай мурун эле эс алууну пландап коюшкан. Алар 29-апрелде эртең менен жолго чыгышмак, ал үчүн учактын билетин алдын-ала даярдап алышкан. Тилекке каршы алардын сапары 28-апрелдеги кыргыз прокурорлорунун текшерүүсүнө дал келип, ошондон улам чыгып кеткендей көрүнүп калды.

"Азаттык": 3-майда “Центерра Голддун” директорлор кеңешинин жыйынында компаниянын жетекчилиги өз жарандарыбыздын укугун коргойбуз деп айтыпсыздар. Чын эле сиздерде Кыргызстанда жүргөн жарандарыбызды камап коёт деген кооптонуу барбы?

Фрэнк Херберт: Гүлайым, сиз кайсы жыйындагы сөзгө кайрылып жатканыңызды мен түшүнбөй турам. Биздин көз карашты айтсак, "Кумтөр" менен "Центерранын" трансакцияларына байланыштуу жашыра турган эч нерсе жок. Буга чейин деле биз Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен кызматташып, алар сураган бардык керектүү маалыматтарды берип келгенбиз. Мындан ары дагы биздин ички эрежелер жол берген бардык документтерди прокуратурага жана башка мамлекеттик органдарга берүүгө даярбыз.

Биз 2009-жылкы макулдашууну баалуу документ катары карай беребиз. Компаниянын 67% акциясын кармаган биздин инвесторлордун арасында Нью-Йорк, Лондон, Цюрихте турган таасирдүү эл аралык институттар бар

Лоу менен Бертон мырзалардын өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу прокурордун билдирүүсү менен кабардарбыз. Прокурордун алар өлкөдөн биротоло чыгып кетти деген деген тынчсыздануусу негизсиз, алар эс алууда. Эки мырза эс алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин Кыргызстанга барып, өз милдеттерин аткарууга киришет.

2009-жылкы макулдашуу баалуу документ

"Азаттык": Кыргыз өкмөтү менен "Центерра Голддун" ортосунда чыр уланууда. Сиздер 2009-жылкы келишимге таянып кен казууну улантабыз, болбосо Кыргызстан менен эл аралык арбитражда жолугабыз деп келесиздер. Балким кризистен чыгуу үчүн башка бир вариантты да карап жатасыздар?

Фрэнк Херберт: 2009-жылдагы макулдашууну кыргыз парламенти, Юстиция министрлиги жана Конституциялык сот бекиткен. Кыргыз өкмөтү макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдө мыкты, тажрыйбалуу юристтерди жалдаган.

Макулдашуунун негизинде Кыргызстан компаниянын миллиондогон кошумча акцияларын алганын эске сала кетейин. Кыргызстандын үлүшү 16 пайыздан 33% көбөйдү. Андан тышкары Кыргызстандын талабы менен макулдашууда салык төлөөнүн шарты кайра каралып, аны 14% көтөрүү жетишилген.

Кыргыз өкмөтүн эл аралык арбитраждык соттор менен коркуткубуз келбейт. Биз кыргыз өкмөтүнүн сунуштарына ачыкпыз, бирок алар биздин акционерлер үчүн дагы адилеттүү болушу абзел

2009-жылга чейин компания ар кандай салыктарды төлөп жүрсө, жаңы макулдашууда салык төлөөнүн жөнөкөй жана Кыргызстан үчүн пайдалуу системасы киргизилген. Макулдашуунун пайдасы Кыргызстанга бараандуу. Биз кенди чалгындоо-иштетүүгө жүздөгөн миллион доллар салып атабыз, бул - Кыргызстандын туруктуу келечегине инвестиция. Андыктан биз 2009-жылкы макулдашууну баалуу документ катары карай беребиз. Компаниянын 67% акциясын кармаган биздин инвесторлордун арасында Нью-Йорк, Лондон, Цюрихте турган таасирдүү эл аралык институттар бар жана алар 2009-жылкы макулдашуунун негизинде компанияга инвестиция салууну уланта беришмекчи.

Мен булардын баарын биздин позициябызды ачыктоо үчүн кайталап жатам. Кыргыз өкмөтүн эл аралык арбитраждык соттор менен коркуткубуз келбейт.

Биз кыргыз өкмөтүнүн сунуштарына ачыкпыз, бирок алар биздин акционерлер үчүн дагы адилеттүү болушу абзел. Биз Кыргызстанга тапкан пайдабыздын дагы бир бөлүгүн бере албайбыз, бул кыргызстандык эмес акционерлерибиздин үлүшүн тартып алуу дегенди түшүндүрөт. Бул биздин корпоративдик эрежелерге жана коммерциялык кызыкчылыктарга каршы келгендиктен ага бара албайбыз.

2013-жылкы иштин изи

"Азаттык": Кыргыз бийликтери өткөн аптада Бишкектеги кеңсени тинтүүнү 2013-жылы ачылган кылмыш иштин алкагында жүрдү деп түшүндүрдү. Биз билгендей ал иш тергелип, “Кыргызалтындын” мурдагы директору Дилгер Жапаров үч жылга шарттуу кесилген. Бирок ошол ишти кайра көтөрүп чыгып, кыргыз өкмөтү "Центерра Голдго" басым жасап жаткан жери жокпу?

Фрэнк Херберт: Тинтүү тууралуу кыргыз тарап берген түшүндүрмөгө гана таяна алам. 2013-жылы "Кумтөр" менен "Центерранын" ортосундагы акча которуулар боюнча кооптонуулар бар, ошондуктан тинтүү жүргүзүлдү деп айтылды. Акча которуулар кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн келишимдерди кыйгап өтүп, мыйзамсыз түрдө ишке ашкан дегенди биз толугу менен четке кагабыз.

Акча каражаты "Кумтөр оперейтинг компанинин" үстүндө турган "Центерра Голдго" которулган. Бул дүйнө жүзүндөгү стандарттык практика, Америкада, Кытайда, кайда гана болбосун майда компаниялар үстүндөгү чоң компанияларга акча которот. Бул күндө ишке ашчу операция, бул жерде мыйзамга каршы эч нерсе жок.

Эми бул чырда кыргыз тараптын жүйөсүн талдоого азыр даяр эмесмин. Кандай жүйөлөр экенин да айта албайм. Бирок компаниянын өнүгүүсү жагынан алып караганда мунун зыяны чоң. Сиздер прокуратурага кайрылып, биздин ишмердүүлүктө кандай мыйзам бузууларды көрүп жатышканын жана чет элдик инвесторлорду тартуу үчүн конструктивдүү саясат ушулбу – деген суроолорду ачык бергилечи.

Уруксат жок кен казуу токтойт

"Азаттык": Кыргызстандын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги "Центерра Голдго" кат жазып, экологиялык талаптар аткарылбаса, кен казууга уруксат берилбей турганын эскертти. Эгер мамлекеттик агенттик уруксат бербей койсо, кен казуу токтоп калат деп чочубайсызбы?

Фрэнк Херберт: Эгер Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттик бизге лицензия бербей же колубуздагыны алып койсо анын жыйынтыгы сиз айткандай болот. Бул боюнча биздин көз карашыбыз анык. Эгер агенттик уруксат бербей койсо биз ишти уланта албайбыз. Бирок бул жерде эки нерсени бири-биринен айырмалашыбыз абзел.

Эгер кен казууга уруксат ала албасак, анын кесепеттери төмөнкүдөй: бир нече миң кыргызстандыктар ишсиз, өлкө бюджети быйылкы жылы жүз миллиондогон доллар салыктан куру калат, ал болсо кыргыз экономикасына, биздин корпорацияга терс таасирин тийгизет.

Биринчи – Кумтөр боюнча экологиялык доо. Бир нече жылдан бери экологиялык доолор боюнча сотторго катышып жүрөбүз. Алардын суммасы жүз миллиондогон долларды чапчыды, биздин көз карашыбызда бул негизсиз жана өз кызыкчылыгыбызды коргой беребиз.

Экинчи – Кумтөрдө иш жүргүзүү үчүн уруксат кагаздарын алуу. Биз экологиялык документтерибизди бардык расмий талаптарга ылайыкташтыруу үчүн мамлекеттик агенттик менен тыгыз иштешебиз. Агенттик көрсөткөндөй, биз тарапта одоно кемчиликтер бар болгонуна макул эмеспиз.

Эгер кен казууга уруксат ала албасак, анын кесепеттери төмөнкүдөй: бир нече миң кыргызстандыктар ишсиз, өлкө бюджети быйылкы жылы жүз миллиондогон доллар салыктан куру калат, ал болсо кыргыз экономикасына, биздин корпорацияга терс таасирин тийгизет. Учурдагы саясат буга чейинки иштерге туура келбей турганын баса белгилегим келет.

Акционерлердин тизмеси купуя

"Азаттык": “Центерра Голд” акционерлердин тизмесин жабык кармайт. Бул болсо кыргыз коомунда ар кандай күдүк ойлорду жаратууда, акционерлердин арасында Кыргызстандын мурдагы президенттеринин балдары, таасирдүү адамдар бар деген сөздөр жүрөт. Эмне үчүн акционерлердин тизмесин ачык-айкын кылып койсо болбосун?

Фрэнк Херберт: Азыркы рыноктун эрежеси боюнча акциялардын ээси ким экени купуя сакталат. Рынокто көпчүлүк оюнчулар баалуу кагаздарды салган ортомчу компания-инвесторлор аркылуу иш жүргүзүшөт, биз алардан акционерлердин тизмесин талап кыла албайбыз.

Мурдагы кыргыз расмийлеринен "Центерра Голддун" акциясына ээлик кылгандар барбы – болушу мүмкүн, бирок мен анын чын же жалган экенин билбейм. Биз кыргызстандык өнөктөштүрүбүзгө рыноктун бул сырларын узактан бери түшүндүрүп канча убакыт короттук. Кыргыз тарап Прайс Уотер Хаус сыяктуу көз карандысыз жана тажрыйбалуу кеңешчилерди тартууга мүмкүнчүлүгү бар. Мен айткандарга ишенбесеңиздер алар менен кеңешип көрсөңүз болот.

"Азаттык": Сиздердин эсептөө боюнча учурда Кумтөр кенинде алтындын кору канча?

Фрэнк Херберт: Бул маалымат бизде ачык. Геологдор даярдаган илимий докладда алтындын кору 5,6 миллион унций деп көрсөтүлгөн. Бул кен жер үстүндө жатат жана экономикалык, техникалык жактан алганда казууга болот. Мындан сырткары жердин алдындагы алтын запасы 1,7 миллион унций деп бааланган. Ал запасты казуунун техникалык жана экономикалык жагы аягына чейин иликтене элек.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG