Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Казакстандагы кландар кармашы


Астанада Нурлан Жоламановдун соту башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:36 0:00

Астанада Нурлан Жоламановдун соту башталды

Астанада Казакстандын чек ара кызматынын мурдагы төрагасы, генерал-лейтенант Нурлан Жоламановдун иши карала баштады. Соттун дүйшөмбүдө өткөн жыйынында Жоламанов ага каршы козголгон кылмыш ишин жасалма, саясий буюртма деп атап, айыптарды четке какты.

Астанада башталган сот жыйынында Башкы аскер прокуратурасынын өкүлү Кемел Шаяхмет Казакстандын чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Нурлан Жоламанов “уюшкан кылмыштуу топту негиздегени жана өтө чоң көлөмдөгү пара алганы” үчүн айыпталып жатканын билдирди.

Прокурор 2013-жылдын жайында Нурлан Жоламанов кол алдындагы Кайрат Балмагамбетов жана дагы бир нече адамдан турган уюшкан кылмыштуу топ түзүп, жасалма тендер уюштуруп, жеке компаниялардан 10 пайыз салык алып турганын айтты:

- 2013-2014-жылдар аралыгында жеке ишкерлерден жалпысынан 173 млн. тенге жана 436 миң АКШ доллары алынган. Айтылган акчанын 59 миллион 700 миң тенгеси жана 371 миң 300 доллары Жоламановдун жеке колуна тийген, –деп билдирди аскер прокурору Кемел Шаяхмет.

Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы аткаминерлеринин бири, генерал-лейтенант Нурлан Жоламанов өзүнө тагылган айыптарды моюнуна алган жок.

Сот жыйынындагы тыныгуу маалында айыпталуучу журналисттерге ага козголгон кылмыш иштин саясий мүдөөсү бардыгын айтууга үлгүрдү.

- Бул иш - саясий буйрук, өлкө башчысы билбеген чек ара кызматындагы алешемдиктерди жабуу үчүн атайын уюштурулган. Президент 2013-жылы мага чек ара системасында болуп жаткан бардык маселелерди териштирүүнү тапшырган. Мен бул тапшырманы аткарып, мамлекеттик коопсуздукка кедергисин тийгизе турган бардык фактыларды таап чыккам. Бирок берилген бир айдын ичинде иштин жыйынтыгын президентке айтканга жетишкен жокмун - деген Жоламанов "ушул күнгө чейин тирүү экениме кубанам" деди айыпталуучулар отурган жерден.

- Мени бул ишке каралап жаткан адамдардын аттарын айта албайм. Белгилүү бир кландар менин камалышыма кызыкдар, - деген генерал эмне үчүн башына кара булут айланган себебин айта баштаганда, коопсуздук кызматтары аны сүйлөтпөй залдан күчкө салып чыгарып кетти.

2014-жылы Казакстандын саясий айдыңында тирешүү күчөп, кландардын кармашы ашкере болду. Соңку маалда 10дон ашуун генерал ар кандай кылмыш иштерине шектелип, камакка алынганы маалымат каражаттарына чыкты. Бийлик сересиндеги аткаминерлерге оор кинелер тагылып, кескин чаралар көрүлгөн себебин "Азаттыктын" казак кызматынын редактору Галым Бокаш мындайча түшүндүрдү:

"Азаттыктын" казак кызматынын редактору Галым Бокаш
"Азаттыктын" казак кызматынын редактору Галым Бокаш

​- Биринчиден, саясий интригалар, клан аралык кармаш катуу күчөдү. Азыр карагандалык кланды башка бир кландардын талкалап жатканы анык көрүнөт. Буга чейин Казакстанда генералдар, министрлер соттолгон эмес. Азыр он чакты генерал, мурунку министрлер соттолуп жатса, анын ичинде экс-премьер Серик Ахметов үй камакта отурат. Ага жемкорлук, кызматтан кыянаттык менен пайдаланган деген айыптар тагылган, бирок бул клан аралык согуштун айынан болуп жатканын жана ал кармаш Назарбаевдин көзөмөлүнөн чыгып кеткенин элдин баары билет.

Жоламанов менен кошо Алматыдагы аскер бөлүктөрүнүн биринин мурдагы командири Кайрат Балмагамбетов да камалган. Ал сотто уюшкан кылмыштуу топту негиздегенин жана пара алганын моюнга алды.

Генерал Нурлан Жоламанов Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы Чек ара кызматынын башчылыгына 2013-жылдын башында келип, бир жылдан кийин камакка алынган. Ушул жылдын 12-январында анын адвокаты Жоламановду үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Аскерий сот бул сунушту канааттандырган эмес. Жоламановдун соттук ишин териштирүүдө сексенге жакын күбөлөр суракка алынды.

XS
SM
MD
LG