Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:37

Мигранттар айлыкка жетпей убара


Мигранттар, Москва
Мигранттар, Москва

Москвада миңден ашуун борбор азиялык мигранттар шаардык метронун курулушунда иштеп, эмгек акыларын албай калышкан.

Москванын метросунда курулушта иштеген Анвар бүтүндөй бир жумушчу топ эмгек акысын алалбай жүргөнүн айтууда.

Буга ортомчу ишкананын директору айлык берерде дайынсыз кеткени себеп болгон. Анвардын айтымында, жергиликтүү бийликке кайрылуудан эч кандай жыйынтык чыкпай келет.

- Биздин топто алтымыштай адам бар. Шаардык метродогу жаңы тилкелерди курганбыз. Эми ушинтип үч айдан бери айлыкка жетпей жүрөбүз. “СМУ 77” деген ортомчу ишкана аркылуу ишке киргенбиз, анын директору акчаны алып качып кетиптир. Буга нааразы болгон отуздай мигрант топтолуп, Эмгек инспекциясына бара жатсак полиция жолдон кармап алды. Арабызда орус жарандыгын алгандар бар, калгандарыбыздын миграциялык документтерибиз мыйзамдуу. Бирок ага карабай полиция бөлүмүндө кармап отурушту. Эмне үчүн мындай тоскоолдук жаратып жатышканын билбейм, биздин унчукпай таркап кетишибизди каалап жатышат го. Бирок биз ага карабай прокуратурага арыз жаздык, сотко беребиз.

Мигранттар, Москва
Мигранттар, Москва

Отузга жакын метро куруучуларды 20-январда полиция кызматкерлери Москвадагы Эмгек инспекциясынын оозунан тосуп алган. Алгач "документ текшерүү" деп токтотуп, кийин "жергиликтүү калк мигранттардын топтолушуна арызданып жатат" деген себеп менен полиция бөлүмүнө алып кетишкен.

Аймактар аралык "Жумушчулар ассоциациясы" профсоюзунун жетекчиси Григорий Сивачев полициянын мындай иш-аракеттерине эч кандай негиз болбогонун айтууда:

- Мындай текшерүүлөргө эч кандай себеп, негиз жок эле. Мигранттарды тыюу үчүн жергиликтүү бийлик ушуга барып жатат. Азыр мигранттар оор акыбалда, жегенге тамак-ашы, барарга жери жок отурат. Бардыгын эсептегенде бир жарым миңдей болот. Мындай окуялар азыр Москвада дээрлик бардык курулуштарда болуп жатат. Бюджеттик акчаны, мигранттын эмгегин ортомчу ишканалар жеп коюуда. Жумушчулардын арасында Орусиянын да жарандары бар. Ар бири бери дегенде 200 миң рублдай эмгек акыларын алалбай жатышат.

Сивачевдун белгилешинче, бийлик мигранттардын акысын жеп жаткан ортодогу ортомчу ишканаларга, тагыраак айтканда, аутсоринг компанияларына көзөмөлдү күчөтүшү керек.

Үч-төрт ай бою Москванын метросундагы курулушта иштеп бирок, айлык албай калган миңден ашуун борбор азиялык мигранттар менен кошо Украина, Орусиянын жарандары «Горизонт» жана СМУ-77 ортомчу компаниялар аркылуу ишке кирген.

Бул куруучулар учурда Москванын мэриясына, шаардык прокуратурага жана Орусиянын Эмгек инспекциясына арыз жазып, жооп күтүшүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG