Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:43

Москвада мигрант көйгөйү талкууланды


Иллюстрация
Иллюстрация

14-декабрда Москвада кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү элчиликте жолукту.

Москвадагы элчиликте кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, миграция боюнча мамлекеттик агенттиктин жана дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери тегерек үстөлгө отуруп, мигранттар тушуккан көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун талкууга алышты.

“Кыргыз биримдиги” коомдук уюмунун жетекчиси Абдыганы Шакиров Орусияда миграциялык мыйзамдар кайра-кайра өзгөрүп, алар тууралуу мигранттарга өз убагында маалымдоо жана түшүндүрүү иштери солгун жүрүп жатканын белгиледи.

- Бул жашаган жерге жана жумуш берүүчү аркылуу каттоого туруу маселесин бардыгы түшүнүшпөйт. Ушуну элге жеткирүү, мыйзамдуу жолдорун түшүндүрүп берүү боюнча көбүрөөк иштер жүргүзүлүшү керек. Билип-билбей кичинекей катачылыктын айынан депортация болуп ыйлагандарды көргөндө кошо ыйлагың келет. Миграция боюнча Орусиядагы мыйзамдар улам-улам өзгөртүп жатат. Ошону мигранттарга өз убагында жеткирип туруу керек.

Акыркы убакта жарандардын элчиликтин ишине нааразычылыгын элчи Болот Отунбаев консулдуктагы юристтердин аздыгы менен түшүндүрдү. Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгынан консулдукта мигранттарга юридикалык консультация берчү адистердин саны кыскартылып, бир гана юрист иштөөдө.

- Данияр Сыдыков статс-катчы болуп жүргөндө, бизге канча жолу жазды. “Төрт юрист бар экен силерде, кыскарткыла” деп. Мен өз элиме душман эмесмин да, “болбойт” деп апрелде кетчү юристтерди жай бою кармап отурдук. Канча жазып, канча суранып, сактап кала албадык. Оптимизация деп, акчабызды дагы кыскартышты. Эптеп ушул төрт юрист иштесин деп жатсак, эми жаңы жылдан тарта жаңы бюджеттик кодекс боюнча элчиликтин мейманканасынын жана консулдук кызматынын каражаттары толугу менен өкмөттүн бюджетине жөнөтүлөт. Анан биз эмне кылабыз? Отуруп калабызбы?

Москвада мигранттар нааразылык билдиришти

Москвада мигранттар нааразылык билдиришти

Москвада мигранттар полициянын ыксыз текшерүүлөрү көбөйүп, кыргызстандыктарга кысым күчөгөнүнө нааразылык билдирип элчиликке барышты.

Москвада жаңы ачылып жаткан миграция боюнча мамлекеттик кызматтын бөлүм башчысы Төлөнбай Кожобаев азыр Кыргызстандан ишке келген үч юрист мигранттарга укуктук жана юридикалык жардам көрсөтө баштарын айтып, муну менен бир топ маселе чечилип каларына үмүттөндүрдү. Миграция боюнча агенттиктин дагы төрт кызматкери Орусиянын кыргызстандыктар көп иштеген башка шаарларына жөнөтүлмөкчү.

- Биринчи кезекте мигранттардын укуктарын коргойбуз, “кара тизме” боюнча дагы иштейбиз. Мигранттардын иштери боюнча сотко чейин иш алып барып уруксат берилсе, сотторго дагы катышабыз. Ошондой эле эл ичинде орус мыйзамдары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Орусияда кыргыз элин уят кылбай жүрүүгө чакырабыз. Мен Екатеринбургда башкы консул болуп бир топ жыл иштедим. Мигранттардын көйгөйлөрүн жакшы билем. Чогуу келген кызматкерлер дагы юристтер.

Москвадагы "Кыргызстандыктар союзу" коомдук уюмунун төрагасы Эгемберди Мырзабеков кыргыз диаспорасы миграция кызматынын өкүлчүлүгү менен кызматташууга даяр экенин айтып, мамлекеттик кызматты эл менен тыгыз иштөөгө чакырды.

- Эң башкысы иш болсо жакшы. Аймак оор. Башкысы, ишиңерди коммерцияга айлантып жибербегиле. Эки-алты айлык иш планыңызды дагы диаспора аксакалдарына берип койсоңуз. Анча-мынча кеңеш керек болсо, бизге кайрылыңыз. Биз дагы бул жерде көптөн бери жүрөбүз. Бул жалпыбыздын ишибиз, көмөк кылабыз. Көчөдөгү мигранттардын абалы аябай оор болуп турат.

Жолугушууда ошондой эле акыркы кезде мигранттарды саясий күч катары өз кызыкчылыгына колдонууну каалагандар чыгып жатканы айтылды. “Айкөл Манас” спорт клубунун башчысы Нургазы Амиракулов буга мисал дагы келтирди.

- Мени чайканага чакырып алып, “биздин өкмөт иштебей жатат, бул жерде иштегендер кыйналды, бизде бийлик, акча бар, силерде болсо күч бар, бийликти антели-мынтели” деген сөздөрдү айткандар болуп жатат. Мен “силер туура эмес кайрылдыңар” дедим. Москвада отуздай спорт клуб ачылды. Спортту түшүнгөндөр, бизнес кылгандар бар. Азыр жаштарды туура жакка үндөсө туура жолго түшмөк.

Жолугууга "Ала-Тоо айымдары" коомдук уюмунун жетекчиси Жамиля Бегиева, "Мурас-Наследие" коомунун башчысы Надырбек Сооронбаев, "Айкөл" спорт клубунун негиздөөчүсү Кубанычбек Осмонбеков, Эл достугу университетинин профессору Турсунбай Кубатбеков жана Д.Менделеев университетинин доценти Кулийпа Алиева катышты.

Жыйын соңунда жакын арада Москвада мигранттар менен чоң аянтта чогулуш өткөрүп, биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечимин кабыл алынды.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG