Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Орусия: мигранттар бармак изин тапшырсын


Москва, Орусия
Москва, Орусия

Орусияда чет өлкөлүк жарандарды милдеттүү дактилоскопиялык каттоого алуу демилгеси көтөрүлүүдө. Орус өкмөтүнүн билдиришинче, келгиндердин бармак изин алуу биринчи кезекте мыйзамсыз миграцияны ооздуктоого жардам бермекчи.

Орусиянын ички иштер министринин орун басары Александр Горовой жакын арада КМШ өлкөлөрүнүн тийиштүү министрликтери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрүн белгилеген эле.

- ИИМ келерки жылдан тарта Орусияга кирген бардык чет элдик жарандарды дактилоскопиядан милдеттүү түрдө өткөрүү демилгесин көтөрүп жатат. Биз бул ишти акырындык менен аткарышыбыз керек.

Орусиянын бардык чек ара пункттарына дактилоскопиялык аппараттарды коюу өлкөгө кирүүгө тыюу салынган чет өлкөлүктөрдү чек арадан эле токтотууга мүмкүнчүлүк түзөт. Миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Орусияга кирүүгө тыюу салынган мындай кыргызстандык мигранттардын саны 116 миңден ашуун.

“Кыргыз биримдиги” коомдук уюмунун жетекчиси Абдыганы Шакиров орус өкмөтү мындай чараларга аргасыздан барып жатат деген ойдо.

Мигранттар: иште да, төрөттө да бөтөн паспорт...

​Мигранттар: иште да, төрөттө да бөтөн паспорт...

Мигранттардын айтымында, жасалма кыргыз паспортун метро-вокзалдардагы далдалчыларга жасатып алуу текейден арзан. Андан тышкары ич ара паспорт алмашып, бирөөнүн паспорту менен жумушка орношкондор, жадакалса чоочун адамдын паспорту менен ооруканага катталып, төрөгөндөр да кездешет.

“Кара тизмеге” алынган кыргызстандык мигранттардын арасында деле Орусияга чоочун бирөөнүн паспортун колдонуп же аты-жөнүн алмаштырып кирген мыйзамсыз көрүнүштөр кеңири жайылган.

- Мындай эрежелердин киргизилишине мигранттар өздөрү дагы себепкер. Орусия чоң өлкө, чет элдик мигранттар көп. Андан сырткары, акыркы убакта мигранттардын арасында кооптуу агымдар дагы пайда болууда. Алардын арасында, тилекке каршы, биздин жердештер да бар. Орусиядан мыйзам бузуулар үчүн чыгарылып, бирок, кайрадан эле фамилиясын алмаштырып же башка бирөөнүн паспорту менен киргендер көптөн бери эле болуп келет. Бул жакта орус өкмөтүнүн жергиликтүү калктын коопсуздугун коргоо аракетин дагы түшүнүү керек.

Чет элдик жарандын Орусияга мыйзамсыз жолдор же жараксыз документтер менен киргени аныкталган учурда Кылмыш кодекси боюнча 200 миң рубл айып же эки жылдан төрт жылга чейин кылмыш жообуна тартуу жазасы каралган.

Ал эми Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы январь-июнь айларында Орусия менен Казакстанга 159 жаран жасалма документ же бирөөнүн паспорту менен кирүүгө аракет жасаганын маалымдаган. Кыргызстанда мындай мыйзам бузуу үчүн беш жылга чейин камалат.

Мигрант миграциялык мыйзам бузуу болобу же кылмыш иши болобу, бир жерде кылмыш кылып, анан башка шаарга же өлкөгө чыгып кетип, жазадан качып кетем деп ойлобошу керек.
Чыналы Мамадалиев

Москвада полиция кызматында иштеген Чыналы Мамадалиев дактилоскопия системасы мыйзам бузган мигранттарды дагы тез арада аныктоого жардам берерин айтты:

- Мигранттардан дактилоскопиядан өтүүнү талап кылуу эч кандай жарандык жана адамдык укуктарын бузбайт. Бул башка өнүккөн өлкөлөрдө деле колдонулуп келе жаткан тажрыйба. Мигрант миграциялык мыйзам бузуу болобу же кылмыш иши болобу, бир жерде кылмыш кылып, анан башка шаарга же өлкөгө чыгып кетип, жазадан качып кетем деп ойлобошу керек. Дактилоскопиялык система ишке кирсе, жаранды бармак изинен аныктап, мекенине чейин маалымат жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк болот. Мунун баары тартип орнотуу үчүн жасалып жаткан иштер.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта Орусияда Федералдык миграциялык кызмат жоюлуп, миграция тармагы ИИМге өткөрүлүп берген. Жыл башында миграциялык кызматты жетектеп турган Константин Ромадановский дактиласкопия, тагыраак айтканда, жарандын бармак изин электрондук базага каттоого алуу Орусияда эки жылдан бери жүргүзүлүп, 7 миллион адам каттоого алынганын билдирген.

Буга чейин талап патент же жумушка уруксат кагазын алууну каалаган эмгек мигранттарына коюлуп келсе, эми бардык чет элдик жарандар милдеттендирилмекчи.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG