Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:44

Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттардын саны кескин көбөйгөнүнө карабастан, соңку кездери алардын Кыргызстанга салган акчасы азаюуда. Айрым мигранттар мурдагыдай үйүнө акча салбай, ишкерлик кылууга өтүүдө.

Орусиянын Миграция башкармалыгынын апрель айындагы маалыматына ылайык учурда Орусияда 600 миңге чукул кыргызстандык эмгектенет. Бул соңку бир-эки жыл ичинде кыргызстандык мигранттардын саны 100 миңге чейин көбөйгөнүн түшүндүрөт. Ал эми Орусиядан акча которуулар былтыр 1 миллиард долларды түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 50 пайызга азайган. Эки жыл мурун Орусиядагы мигранттар мекенине 2 миллиард доллардан ашык акча которушкан.

Адистер мигранттар жиберген акчанын азайышын Орусиядагы экономикалык каатчылык жана рубль кунунун түшкөндүгү менен байланыштырат. Ал эми мигранттардын арасында тапкан акчасын Орусияда иштетүүнү туура көрүп, ишкердик менен алектенүүнү чечкен катмар көбөйгөнү байкалат.

"Той-аштарды тыйдык"

Москвада автоунааларды ижарага алып, такси кызматын уюштурган жеке ишкер Сыдык Эсеров Кыргызстанда акчалуу кардарлардын саны чектелүү болгондуктан, ишкердикке ыңгайлуу шарт жоктугун айтты:

- Бул жерде акчаны иштетүүгө шарт жакшы. Акчалуу кардарлар да көп. Биздики эми сервистик кызмат, кардарлардын санын карайбыз. Миллиондогон калк жашаган Москвада такси кызматын же кийим тигүүчү цех ачсаң деле бир кардар албаса, экинчиси алып кете берет. Кыргызстанда акча чектелүү, каражатты иштетүүгө кыйыныраак. Мен эле эмес, менин досторум да ушул жерде өз ишин ачууга аракет кылып жүрүшөт. Алар Кыргызстанда иш ачып деле көрүштү. Бирок бул жак эле ыңгайлуу экен.

Сахарово борбору

Сахарово борбору

Маектешибиз Сыдык акыркы эки жылда Кыргызстанга өзгөчө муктаж маалда гана акча которуп калган. Башында тапкан акчасын толугу менен мекендеги үй-бүлөсүнө жөнөтсө, эми толугу менен Москвада ишкердикке салууну чечкен.

- Азыр акчаны айылга сала турган болсоң, бардыгы той-ашка кетет. Башында бир же беш жыл саласың, үй курасың, унаа аласың, анан кайра эле иштегенге бул жакка келесиң. Мен 2008-жылы келгенде ар кандай жерде иштедим, ичпей-жебей айылга 30 миң рублдей салчумун. Азыр тапканым көбөйгөнүнө карабастан, 10-15 миң салам, болбосо салбайм.

Мигранттын максаты өзгөрдү

Анткен менен миграция кубулушунун жүзү өзгөрүп келет. Орусиядагы 600 миңге чукул кыргызстандык мигранттын дээрлик 79 пайызын 18-35 жаштагылар түзөт. Мигранттар Орусияга там салып, бала-чаканы багуу үчүн барса, акыркы кезде мигранттардын максаты дагы өзгөргөнүн Акбермет Абдукаримова мындайча түшүндүрөт.

- Алты жылдан бери Москвадамын. Акыркы үч жылдан бери базарда сатуучу болуп иштейм. Тапканыбыз кенен болуп калгандыктан бир жарым жылдан бери акча чогултуп, өз ишимди ачсамбы деп турган чагым. Аялдардын сулуулук салонун ачайын деп турам. Биринчи жылдары 18-25 миң айлык алсак, азыр 60 миңге чейин акча табам. Ошондо айына 40-45 миң рублден жеке ишке чогултуп келе жатам.

Москвада иш ачкан мигранттар

Москвада иш ачкан мигранттар

Москвада жеке ишкердик менен алектенген мигранттардын басымдуусу орус жарандыгын алгандар. Москвада төрт сулуулук салонун кармаган Жылдыз Кадралиева жеке иш ачууда миграциялык документтер менен тоскоолдукка учурабоо үчүн орус жарандыгын алган. Учурда Жылдыз 15 адамды жумуш орду менен камсыздайт.

- Кыргызстанга салыштырмалуу бул жакта жеке иш ачуу жеңил. Юристтин кеңеши менен керектүү документтерди толтуруп, ишиңди ачып алсаң болот. Бул жакта коррупциялык схемалар, мыйзамсыз текшерүүлөр чанда эле болот. Мен ишимде андайга кездешкен жокмун. Салык жана башка текшерүүлөр келгенде коркпой алардын документтерин сурап, өзүңдүкүн дагы мыйзамдаштырсаң эч кандай көйгөй болбойт.

Кеңешип кескен бармак оорубайт

Ар ишемби сайын Москвада өз ишин баштайм деген мекендештер “Деловой завтрак” деп аталган жолугушууга чогулуп, Москвада банктан ипотекага үй алуу, жеке ишкананы Орусиянын мекемелеринде мыйзамдуу каттоо жана кыргызстандык дыйкандар өндүргөн продукцияны Орусияда сатуу сыяктуу маселелерди талкуулап, бири-бирине кеп-кеңешин беришет.

Мындай жолугушууларды уюштуруп жүргөн жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлү Кубанычбек Осмонбеков мигранттар тапкан акчасын Орусияда иштетип жатканын убактылуу көрүнүш деп, келечекте инвестиция Кыргызстанга бурулат деген үмүттөнөт.

- Азыр мен бул жерден иш ачып, акчаны бул жакка салууну - келечекке инвестиция катары көрөм. Себеби, азыр Кыргызстанда курулуш же башка нерсе кылайын десең бардыгы доллар менен эсептелет. Рубль баасы төмөн түшүп кеткени үчүн аны сомго которсоң, кенедей эле акча болуп калат. Мурдагыдай бир рубл бир жарым сом болсо, бир нерсе кылууга болот эле. Азыр бул жерден тапкан акчаны бул жерге салып, бизнесимди өнүктүрүп алсам, рубль көтөрүлгөндө кайра эле ошол инвестиция Кыргызстанга барат деп ойлойм.

Осмонбеков белгилегендей, Москвада кыргызстандык мигранттар көбүнесе өз жердештерине кызмат көрсөтүү тармагында иш ачууга басым жасайт. Муну Москва жана Москва облусундагы кыргыз диаспорасынын кеңейгендиги менен түшүндүрсө болот.

Москвадагы “Кыргыз биримдиги” коомдук уюмунун жетекчиси Абдыганы Шакиров Орусиядагы экономикалык каатчылык айынан эмгек акынын азайышына карабай жеке ишкердикке өткөн кыргызстандыктар акыркы жылдары көбөйгөнүн белгилейт. Алардын көбү Орусияга үй-бүлөлөрүн көчүрүп келип, туруктуу отурукташууга бел байлагандар.

- Москванын өзүндө кыргыздардын 100гө жакын кафе-рестораны бар. Кийим тигүүчү цехтерди иштеткен, шаар четинде курулуш базарларында соода кылган, автоунааларды оңдоо боюнча бизнестерди ачкан жарандарыбыз көп. Ошондой эле өндүрүш боюнча цемент чыгаруучу, бут кийим тигүүчү ишкана ачкандар бар.

Москвада 30 жылдан бери жашаган Шакировдун айтымында, мекендештердин жеке иш ачуу үчүн Орусияны тандоосуна Кыргызстандагы туруксуз саясат да түрткү болууда.

- Кыргызстандагы акыбал элдин турмушу, саясаттын олку-солку болушу мигранттардын мекенге акча жөнөтүшүнүн азайышына өз кесепетин тийгизип келе жатат. Ошондуктан биздин мамлекет жетекчилерине, депутаттарга колдон келишинче сыртта иштеп жүргөн мигранттарды кайрадан өлкөгө тартууга жакшы бир жол ачып берсе жакшы болот эле.

Орусиянын Борбордук банкынын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Орусияда эмгектенген чет элдиктер КМШ өлкөлөрүнө жөнөткөн акча каражаты эки эсе кыскарган. Былтыр үч айда 1,8 миллиард доллар жиберилген болсо, быйыл акча которуулардын көлөмү 1 миллиардга жеткен эмес.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG