Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Курулуш тармагы басаңдай түштү


Өлкөдө турак жай куруу 50% төмөндөп кеткени ишкерлерди тынчсыздандырууда. Орусиядагы каатчылыктын айынан биздин мекендештердин Кыргызстанга которгон акчасы кескин азайып, турак жайларга суроо талап азайды.

Курулуш тармагы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киргенде дагы оорлошу мүмкүндүгүн айткан ишкерлер учурда мамлекеттен колдоо сурап кайрылышты.

Мигрант пулунун көзүн караган курулуш

Жылына 2 млрд. долларга чейинки мигранттардын акчасы керектөо базарын кызытып, Кыргызстандын тышкы соодасындагы терс катышты, ошондой эле көмүскө экономиканын кемтигин кайсы бир деңгээлде жаап келген. Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институту чет өлкөдөн акча которуулар кийинки кездери 33% азайганын ырастады.

Орусиядагы экономикалык абал мигранттарга, Кыргызстанга да кесепетин тийгизип, андан курулуш тармагы зыян тартууда.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын курулуш комитетинин мүчөсү Чолпонбек Акматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, өлкөдө көп кабаттуу үйлөрдү сатып алуу кескин азайып, элдин төлөө мүмкүнчүлүгү чектелди. Курулуш компаниялары ишти токтотпоонун аракетин көрүүдө. А бирок Ч. Акматовдун пикиринде, мындай кырдаалда мамлекеттин жардамы өзгөчө керек.

- Жеке эле курулуш эмес, жалпы экономика тармагы төмөндөөгө кетти. Курулуш тармагындагы компаниялардын 50% ишин токтотуп жатат. Биз ишибизди токтотпогонго аракет кылып атабыз. Себеби курулуштун арты менен көптөгөн жумушчулар иши жок калып, салык да түшпөй калат.

ЕАЭБден утарыбыз азбы?

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке кирүүсү курулуш компанияларынын келечегине кандай таасир көрсөтөрү белгисиз. Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Темирбек Ажыкуловдун айтуусунда, ЕАЭБдеги өлкөлөрүн курулуш материалдары арзандаганы менен, мүчөгө кирбеген өлкөлөрдүн жабдуулары кымбаттайт. Бул курулушка терс таасирин тийгизет. Т. Ажыкуловдун маалымдашынча, курулуш базарында Түркия, Кытайдын буюмдары басымдуу.

- ЕАЭБге киргенде алдын ала айтуу оор болуп турат. Биз Орусиядан, Казакстандан келип жаткан курулуш материалдардын баасын төмөндөөсүн күтөбүз. Бирок ошол эле учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн сыртындагы өлкөлөрдүкү кымбаттары турган иш.

Темирбек Ажыкулов кошумчалагандай, ЕАЭБ өлкөлөрү бирдиктүү курулуш стандарттарын талап кылса, бул жаатта биздин курулуш компаниялар артта калары белгилүү. Натыйжада жергиликтүү курулуш компаниялар башка өлкөлөрдө иштей албай, ал эми Кыргызстанга Орусия, Казакстандын компаниялары келип, базарды ээлеп алуу тобокелчилиги бар.

- Курулуштун техрегламенти боюнча биз даяр эмеспиз. Биздин курулуш стандарттар түшүнүксүз жана бири-бирине карама-каршы келет. Мунун бардыгын мыйзамдык жактан да оңдоп чыкканча бир жылдан ашык убакыт кетет. Аны оңдомойунча биздин компаниялар өлкөдөн чыга албай эле иштей беришет.

Мамлекет кол сунбаса абал кыйын

Каржы жаатындагы аналитик Умбриэль Темиралиевдин айтуусунда, курулуш тармагын мамлекет колдоого албаса, абал кыйындап кетүү коркунучунда турат. Эксперттин баамында, орус-кыргыз өнүгүү фондунан каражаттын 20% курулушка бурулса, мамлекет эки маселени удаасы менен чече алмак.

- Биринчиден, курулуш секторуна жардам бермек, экинчиден, узун мөөнөткө насыя берсе жөнөкөй элде дагы үй болуп калмак. Себеби азыр батирдин ижарасы айына 200-300 доллар болуп жатат. Ошону банкка төлөсө, 10-15 жылда жаш үй-бүлө турак жайлуу болуп калат.

Эсептөөлөрдө өлкө калкы 3 млн. чарчы метр турак-жайга муктаж. Жылына Кыргызстанда 900 миң чарчы метр турак-жай салынат. Жумушчулардын саны боюнча курулуш тармагы өлкөдө 3-орунда жайгашып, эмгекке жарамдуу калктын 11% ашыгы ушул тармакта эмгектенет.

XS
SM
MD
LG