Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Эски доордон калган имараттарды көчүрүү керекпи?


Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион

Эскилиги жеткен ири социалдык объекттерди Бишкек шаарынын борборунан четке көчүрүү маселеси Кыргызстан-Австралия футбол командаларынын беттешүүсүн уюштуруудагы алешемдиктерден кийин байма-бай көтөрүлө баштады.

Азыр эми жарандык активисттер Совет заманында курулган стадионду эле эмес, түрмө, оорукана сыяктуу имараттарды да борбордон алыс жайгаштыруу керектигин айта башташты.

Бишкектин четине көлөмдүү, заманбап спорт стадионун куруу зарылдыгын Кыргызстан-Австралия курама командаларынын Бишкек мелдешин уюштуруудагы кемчиликтер ого бетер тастыктады.

Бул маселе премьер-министр Темир Сариев менен спорт тармак жетекчилеринин 13-июлдагы жолугушуусунда да талкууланып, келечекте 25 миң күйөрман баткыдай стадион жана заманбап спорт комплекси керектиги айтылды. Бирок 30 миллион доллардан 100 миллион долларга чейинки каражатты талап кыла турган мындай ири курулуш качан курулары белгисиз.

Өкмөттүн буга чейинки болжолдуу планы боюнча спорт комплекси Бишкектин түштүк тарабына курулушу керек эле. Бирок Шаарды өнүктүрүү агенттигинин башчысы Азамат Усубалиев бул божомол так эмес экенин айтты:

- Биз болжолдуу түрдө 12-кичи районундагы бош турган аймактын ордуна эсептеп жатканбыз. Бирок бул акыркы чечим эмес. Менимче жаңы спорт комплексин орду талкууланат болушу керек.

Ошентип өкмөттүн азыркы баш оорусу баш калаанын чок ортосундагы стадионду көчүрүү эмес, капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн каражат табуу болууда. Себеби алдыда бир топ эл аралык турнирлерди өткөрүү пландалган. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин өкүлү Нурдин Султамбаев:

- Биз азыркы стадионду бир сыйра оңдойбуз. Анткени беш-алты жылдан кийин ФИФАнын талаптарына жооп бербей калышы мүмкүн деген пикирлер айтылууда. Стадион куруунун да өзүнчө эл аралык эрежелери бар. Азыркы стадиондун айланасында атайын унаа токтотуучу жайлар жок. Ушул нерселер да жаңы салына турган комплексте эске алынат. Ал эми азыркы стадион эч жакка көчүрүлбөйт.

Дөлөн Өмүрзакоы атындагы стадион
Дөлөн Өмүрзакоы атындагы стадион

Спорт стадиону баш калаанын борбордук аймактарында жайгашкан жалгыз социалдык объект эмес. Жарандык активисттер азыр Союз кезинде курулган кургак учук өңдүү оор илдеттерден дарылай турган ооруканаларды, жаза өтөө мекемелерин шаардын чекесине көчүрүү убактысы эчак келгендигин эскертип жатышат.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков айрыкча түрмөнүн эл жашаган жерлерде жайгашып турушуна кабатыр:

- Эчак эле шаардын сыртына чыгарыш керек болчу. Элдин керегине жарай турган бала бакча, мектеп же оорукана болбосо шаардыктар жашаган үйлөрдүн жанында түрмөлөрдүн зарылчылыгы жок деп эсептейм. Ошондуктан көчүрүү керек.

Ал эми жаш архитектор Нурбек Жоробеков социалдык багыттагы эски имараттар көчүрүлбөсө да, кайра курулуп, заманбап шарттар түзүлүп, көрккө келиши керек деген ойдо:

- Мен унаа токтотуучу жай, калаа тургундарына ыңгайлуу шарттары менен салына турган болсо каршы болмок эмесмин. Бирок бир жагынан шаардын борбору жалаң социалдык мекемелерге толуп калганы деле чет жерден келгендердин көзүнө өөн учурайт го. Мисалы, Париж эске түшкөндө дароо Эйфел мунарасын элестетесиң. Ушул сыяктуу чет өлкөлөрдү туурап салган төрт чарчы имараттарды коюп, өзгөчө дизайн менен Бишкекти кооздоп, чет элдик коноктордун эсинде калтыргыдай жасалгалоо керек.

Анткен менен шаар мэриясынан алынган маалыматка караганда азыр эскилиги жеткен, калаа тургундарына ыңгайсыздык жаратып, борбордун көркүн бузган имараттарды калыбына келтирүү, аларды Бишкектин чет жакаларындагы тынч аймактарга көчүрүү пландала элек.

“Биздин укук” коомдук фондунун жетекчиси Калича Умуралиева шаар бийлиги алдын ала пландоого маани бербей, анын айынан эскини жылдырмак тургай, үстү-үстүнө жаңыларды тургузууга жол берип жатканын айтып сындады:

- Мурун Бишкектеги адамдардын саны аз болуп, азыркы борбор бөлүккө айланган аймак шаардын чети болуп эсептелчү. Бирок шаар чоңойгон сайын бизге кандай мекемелер керек болорун ойлонуш керек да. Анча зарыл эместери эл жыш жашаган аймакка салынбай деле койсо болот.

Укук коргоочулар мэрияны бул багытта жеке адамдардын тузагында калууда деп сындашууда. Манас көчөсүндөгү спорт аянтчасы, “Шампанвинкомбинаты”, Ахунбаев-Совет көчөлөрүндөгү сейсмология станциясы өңдүү көлөмдүү жер аянттары бар социалдык объекттердин жеке колдорго өтүп кетиши көп кайталанып жүргөн мисалдардан.

XS
SM
MD
LG