Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:15

Жолдорду куруу үчүн өлкө насыяларды алууну токтотпой турганын президент Алмазбек Атамбаев Бишкек-Балыкчы жолунун ачылышында билдирди.

24 чакырым узундуктагы жолго 38 млн. доллар сарпталып, насыяны Кытайдын "Эксим" банкы бөлүп берген. Алдыда кыргыз бийлиги бир нече стратегиялык жолдордун курулушу башталарын айтат. Бирок насыяларга жолдор курулуп жатканы менен, аны кайтарып бере албай калуу тобокелчилиги бар экенин адистер кулак кагыш кылат

Балыкчы жолу Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоо долбоорунун бир бөлүгү. Кыргызстан менен Кытайды туташтырган бул стратегиялык жолду кытайлык “China road” компаниясы салууда. Ал келечекте өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн туташтырчу альтернативдик жолго кошулат.

Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев “Азаттыкка” билдиргендей, бул жолдун экинчи бутагы Балыкчы-Түп-Кеген маршруту менен боордош Казакстанга алып барат.

- Бул Ысык-Көлдүн айлампа жолдун биринчи этабы болуп эсептелет. Айлампа жолдун узундугу толугу 460 чакырым. Андан тышкары Түп-Кеген жолу менен 76 чакырымга узарат. Айлампа жолду биз кийинки жылга пландап жатабыз. Бир нече этап менен кыска мөөнөттүн ичинде бүтүргөнгө аракет кылабыз.

Эсептей келгенде жолдун бир километри 1,5 миллион доллардан айланды. Учурда Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун курулушу кызуу жүрүп жаткан кербези. Анын узундугу 540 чакырымдай болуп, жалпысынан 400 миллиондой доллар жумшалмакчы.

Бардык жолдор насыя менен

Ошентип өлкөдөгү жолдорду курууга жана реконструкциялоого миллиарддаган каражаттар жумшалып жатат. Талас-Тараз-Суусамыр, Ош-Баткен-Исфана, Исфана-Сүлүктү-Кожент жолдорунда курулуш жүрүп жатат. Былтыр түндүк-түштүк альтернативдүү кара жолдун курулушу башталган. Бул жолдордун бардыгына каражат эл аралык банктардан жана уюмдардан насыя түрүндө алынган.

Президент Алмазбек Атамбаев Балыкчы жолунун ачылышында насыялар арзан пайыз менен 30 жылдап алынып жатканын айтты. Бир жагынан Кыргызстан туңгуюктан чыгууга аракет жасап жатса, экинчи жагынан экономикалык көз карандысыздыкка жасалган кадамдар экенин айтты.

- Кээ бирлери бизди насыя алып салып жатат деп айтып жатышат. Бул насыяларды төлөй турган маал 30-40 жылдан кийин келет. Ага чейин доллардын баасы кандай болуп каларын ким билет же кагаз болуп калабы? Ал эми жолдор калат да, мына, татынакай жолдор салынып атат.

Жолду курууда насыянын басымдуу бөлүгүн Кытай берүүдө. Аны менен катар жолдорду салууда да Кытайдын компаниясына артыкчылык берилүүдө.

Экономист Азамат Акелеевдин пикиринде, Кытай биринчи кезекте өз кызыкчылыгына карап, өндүргөн товарын сыртка чыгарууга коридор жасап, жеңил насыяларды берип келет. Бирок тек гана насыя менен жол курууда, акчаны кайтарып берүүгө келгенде тобокелчиликке кабылышы мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт. Себеби эл аралык тажрыйбадай жаңы курулган жолдорго акы төлөө киргизилгенде, кандайдыр бир деңгээлде насыянын кайтарымына жеңил болмок. Бирок мындай ыкма Кыргызстанда жокко эсе.

- Жалпысынан жалаң насыяга салынганы туура эмес. Биринчиден, жолдор ички киреше менен салынышы керек. Кытай өзүнүн стратегиясына ылайык арзан кредит берип атат. Бирок нормалдуу шартта башка өлкөлөр салыктын эсеби менен жолдорду салышат. Эгерде жолдорду салганыбыз менен дагы бир чектешкен мамлекет менен чек араны жаап атсак, албетте насыяны төлөө биз үчүн оор болуп калат. Себеби жолдордо тынымсыз товар ташуу жүрүп туруш керек.

Азамат Акелеевдин пикиринде, Кыргызстан ЕАЭБге кирсе, Кытай менен чек ара көзөмөлү күчөп, ал жактан товар ташууга чектөө кирет. Ушундан улам сооданын эркин жүгүрүшү азайып, Кытайдын чек арасына чейин курулган жолдорду колдонуу көлөмү кыскарып, андан түшкөн кирешелер да азайышы мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.

Ал эми кыргыз бийлиги кара жол менен катар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун ишке ашыруу демилгесин айтып келет. Темир жолдун болжолдуу баасы эки миллиард доллар деп бааланганы менен, демилге 20 жылга жакын убакыттан бери эле сөз болуп, бирок орток пикир табылбай келүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG