Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:32

Нарын: ишкерлер Долонду бөксөртүүгө каршы


Нарын. Долон ашуусунда жүрүп жаткан иш.
Нарын. Долон ашуусунда жүрүп жаткан иш.

Бишкек-Нарын-Торугарт эл аралык автожолундагы Долон ашуусун жапыздатуу аркылуу жолду жакшыртуу долбооруна Нарындагы жеке ишкерлер нааразы.

Жүк ташып иштеген жеке ишкерлер жол курууга жоопкер тараптарга долбоордо жердин шарты, аба ырайы эске алынган эмес деген кине коюшууда. Транспорт жана байланыш министрлиги бул боюнча атайын комиссия түздү. Нааразылар ашууну бөксөртөбүз деп каражат коротпой, аны жайына коюп, Долондун түштүк жагына жаңы, кошумча жол салууну сунуштоодо. Сунуш менен чыккан ишкерлердин башында турган Бейшенаалы Нурдинов:

- Жолду биздин сунуш менен салгыла деп көп жылдан бери эле айтып жатабыз. Оңдолуп баштаганда сунуштар эске алынат дешкен, андай болгон жок. Эми көп каражат кетип жаткан соң, жакшы жол салуу керек да. Биздин сунуш менен ашып кетсе бир чакырым жаңы жол салынышы керек, - дейт.

20 жылдан ашык Кытайдан жүк ташып иштеген Нурдинов өкмөт тарабынан көзөмөл начардыгынан жолдун курулушунда кемчиликтер көп болуп жатканын да айтты:

- Жогорку жактан долбоорду кандай жазып берсе, ошондой салышат. Бизде Бишкектин жаратылыш шарты менен долбоор чийилет. Мына ошондой долбоор менен жасалган Ат-Башы жактагы жолдор жарылып бүттү. Жеринен изилдеп чыгыш керек да. Азыр эми ашууга асфальт төгөбүз дейт, кар жатканда асфальттан кантип чыгышат чоң унаалар? Андай кылуу үчүн ашууларды абдан жапыз кылуу керек да. Бул жол ушу менен качан оңдолот билбейм, ошого жараша жакшылап оңдоп берсе болмок.

Нааразы болгон ишкерлер Унаа жана байланыш министрлигине, Жогорку Кеңешке, жергиликтүү бийликке кайрылуу жөнөтүшкөн. Учурда бул сунуштар боюнча комиссия түзүлгөнүн өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов билдирди:

- Мен министирге кирип, комиссия түзүүнү сунуштадым. Бизге кайрылуулар көп келип жатат. Курамдын башында өзүм турам. Буюрса, комиссия иштеп баштадык.

Түзүлгөн курам Долон, Кызыл-Бел ашууларындагы долбоорлорду кайра карап чыгышмакчы.

Талаш жараткан Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Долон ашуусу камтылган 93 чакырым унаа жолунда Кытай компаниясы иштеп жатат. Аталган 93 чакырым жолду чет өлкөлүк беш фонддон түзүлгөн Араб координациялык тобу каржылап, 45 миллион АКШ доллары бөлүнгөн. Унаа жана байланыш министрлигинин Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун жетекчиси Нурбек Жумалиев ашуу "Кыргызжолтранс" институту иштеп чыккан долбоор менен оңдолуп жатканын айтты:

- Биз азыр жасап жаткан жумуштар Долбоорлоо институту бекитип берген долбоордун негизинде жасалууда. Өзгөртүү киргизсе, кайра ошону менен иштейбиз. Биз болгону аткаруучубуз.

Ал эми "Кыргызжолтранс" долбоорлоо институту Долон ашуусу бардык шарты эске алынып, эң оптималдуу долбоор менен оңдолуп жатканын белгилейт. Ага кайра өзгөртүү киргизүү үчүн изилдөөгө бир айдан ашык убакыт жана бир топ каражат чыгымдаларын институттун башкы инженери Талант Солтобаев билдирди:

- Алар айтып жаткан сунуш менен дароо иштей албайбыз. Ал долбоорду текшерүү керек, бардык жагын изилдеп, экономикалык жагын эсептеп чыгуу зарыл. Азыркы биз иштеп жаткан долбоор бардык шарты эске алынган эми кайра жаңысын иштеп чыгууга убакыт, жаңы чыгымдар керек.

Түзүлгөн комиссия өз жыйынтыгын өкмөткө, министрликке жөнөтөт. Ишкерлердин сунушу жактырылса, Долон ашуусун жапыздатуунун ордуна бир чакырымдай жаңы жол салынат. Азыр Долон ашуусун 13 метр жапыздатуу иштери жүрүүдө. Мурда Долон ашуусунун бийик жери 3030 метр эле.

Узундугу 500 чакырымдан ашкан Бишкек - Нарын - Торугарт жолун эл аралык донорлор жана Кытайдын бир нече компаниясы курууда. Жолдогу курулуш 2010-жылдын жаз айында башталган. Азырынча жолду оңдоого жалпы чыгымдын суммасы так айтыла элек.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG