Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:33

Волчанскиден эвакуацияланып жаткандардын машинеси дрон чабуулуна кабылды


Харьков шаарындагы орус армиясынын аба соккусу тийген троллейбус. 22-май, 2024-жыл.
Харьков шаарындагы орус армиясынын аба соккусу тийген троллейбус. 22-май, 2024-жыл.

Харьков облусунун айыгышкан кармаш жүрүп жаткан Волчанск шаарынан калкты коопсуз жактарга чыгарып кетип жаткан полиция машинесине орус армиясы жанкечти-дрон менен сокку урду. Бир тартип коргоочу мүрт кеткенин ички иштер министри Игорь Клименко билдирди.

22-майга караган түнү орус армиясы С-400 ракеталары менен Харьков облусундагы бала бакчанын имаратына чабуул койгону кабарланган. Ал соккулардан сегиз киши, анын ичинен үч жаштагы наристе курман болгонун Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызмат билдирди.

Ал эми 22-майда күндүз орус күчтөрү Харьков шаарына жасаган аба соккулардан он киши жараат алганын облус жетекчиси Олег Синегубов билдирди.

Авиабомбалар менен жасалган чабуул Шевченко районуна багытталып, май куюучу станция, кафе, көп кабаттуу үйлөр, троллейбус жана автобустар зыянга учураганын шаар бийлиги тактады.

Маалыматка караганда төрт кишинин абалы оор, арасында троллейбустун айдоочусу да бар.

Бир катар фото жана видео далилдерге карабай, расмий Москва Украинадагы жарандык жайларды бутага алганын танып, аскердик объектилерге гана чабуул койгонун айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG