Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:44

Рысбеков майыптыгы барлардын укугун бузгандар жоопко тартылбай жатканын айтты


Майыптыгы бар адамдар багылуучу мекеме. Иллюстрациялык сүрөт.
Майыптыгы бар адамдар багылуучу мекеме. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын укугун тебелеп, зомбулук кылууга айыпталган кызматкерлер жоопко тартылбай жатканын 22-майда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Ал буга мисал катары Улуттук психиатрия борборунда аутизмден жабыркаган өспүрүм кызга адамгерчиликсиз мамиле кылууга шектелген кызматкерлердин бири да жоопко тартылбаганын, Кадамжайдагы майыптыгы бар адамдар жашаган социалдык-стационардык мекемеде адамдар тоё тамак жебегени үчүн жооптуу кызматкерлер бүгүнкү күнү да кызмат ордуларында иштеп жатышканын айтты:

"Биздин борбор психикалык жактан жабыркаган кызга Улуттук психиатрия борборунда жасалган зомбулук боюнча прокуратурага кайрылган. Жыйынтыгында аталган борбордун №2 бөлүмүнүн башкы дарыгери кызматтан кетти. Ал эми кызды кыйноого алган санитар, медайым жана башкалар эч кандай жоопкерчиликке тартылган жок".

Рысбеков ошондой эле Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери былтыр декабрда Кадамжайдагы майыптыгы бар адамдар багылуучу социалдык-стационардык мекемеге барып, андагы адамдарга күнүмдүк бөлүнгөн 400 грамм нан берилбей, бейтаптар тоё тамак жебей жатканын аныктаганын кошумчалады. Бул факт боюнча да прокуратурага маалымат берилип, кийинчерээк буга жооптуу кызматкер иштен алынганы тууралуу маалымат алышкан.

"Тилекке каршы, биз кийинчерээк тактадык, ал кызматынан бошотулбай эле иштеп жатыптыр", - деди Рысбеков.

Укук коргоочунун бул дооматтары боюнча Саламаттык сактоо министрлиги жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги комментарий бере элек.

4-декабрда Республикалык психиатрия жана наркология борборунда аутизмден жабыркаган кыздын кыйноого кабылганы кабарланып, мекеменин бөлүм башчысы өз каалоосу менен кызматтан кеткени кабарланган.

6-декабрда социалдык тармактарда Кадамжайдагы социалдык стационардык мекемеде мүмкүнчүлүгү чектелүү адамды мекеменин кызматкери сабап жаткан тасма тараган. Кийин ал иштен алынып, жетекчилери жоопко тартылганы кабарланган.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда ушул тапта майыптыгы бар балдардын саны 37 миңден көп. ЮНИСЕФ уюму Кыргызстанда майыптыгы бар балдардын 82% жакындары, карап-баккан адамдары психологиялык кысымга алып, уруп-сабай турганын жылдык баяндамасында билдирген.

Кыргызстандагы 17 социалдык стационардык мекемелерде 2347 адам бар. Алардын 517си майыптыгы бар кары адамдар, 472си балдар интернаттарында тарбияланууда. Калган 1358и психоневрологиялык социалдык стационарларда жатат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG