Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

Элет айымдары ишкерликке дилгир


"Коомчулукту өнүктүрүү альянсынын" элет аялдарына көмөктөшүү долбоорунун алкагында уюштурулган көргөзмө. Ысык-Көл, 14.06.2015.

"Коомчулукту өнүктүрүү альянсынын" элет аялдарына көмөктөшүү долбоорунун алкагында уюштурулган көргөзмө. Ысык-Көл, 14.06.2015.

Кыргызстанда элеттик аялдарга ишкерликти үйрөтүп, миграция агымын жана экономикалык көз карандысыздыкты азайтса болот. Аялдар менен иштешип келаткан адистердин пикири ушундай.

“Коомчулукту өнүктүрүү альянсы” уюму жакында элеттик аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен миграциянын терс кесепеттерин азайтуу долбоору жыйынтыктады. Бир жыл аралыгында эки миңге чукул аял ишкердик сырларын үйрөндү.

Айылда цехти гүлдөткөн Анаркүл

Алардын бири - Ысык-Көл облусундагы Тоң районуна караштуу Эшперов айылынын тургуну Анаркүл Турсунова. Айылына ачып алган тигүү цехинде онго жакын кыз-келин жумуш менен камсыз болгон.

- Азыр көп адамдар шаарда иштегиси келет. Шаарда мүмкүнчүлүктөр көп деп ойлошот. Ооба, бирок айылда да ийгиликтүү ишкер болуу мүмкүн. Убагында мен да Бишкекке жумуш издеп баргам. Кийинчерээк донорлорду таап, айылга эле тигүү цехин ачып алдым. Азыр онго жакын кыз-келин иштейт. Жумасына 3-4 миң сом акча табышат. Бул акча айыл үчүн дурус эле каражат.

Анаркүл азыр Бишкектеги “Дордой” базарында соода кылган ишкерлер менен келишим түзүп алган. Алардын буйрутмасы боюнча кийим-кече тигип, жеткирип берет.

- Мен элдин баары тигүү цехин ачып, базардагы соодагерлер менен келишим түзсүн дегенден алысмын. Алдына максат коюп, ийгиликке жетүүгө аракет кылса, баары ишке ашат. Мисалы, жүндөн ар кандай буюмдарды жасаса болот. Айылдагы айымдар кыздар үчүн сеп даярдап, аны сатса болот. Айтор ишкерлик кылууга толук шарт бар. Көбүнчө Бишкекке, Орусияга үй-бүлөсүн таштап мигрант болуп кетишет. Ал жакта жүрүп бала-чакасын сагынат, сарсанаа болот. Айылда ишкерлик кылсаң бардык жакындарын жаныңда. Ал эми борбор калаага, Москвага же Түркияга эс алганы гана барууну максат кылуу зарыл,- дейт Анаркүл.

Элдик жыйындардан мал чарбасына карай...

Экинчи каарманыбыз - Оштун Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Мавлюда Масадикова. Бир жылдан бери мал чарбасы менен алектенет.

Мавлюда Масадикова.

Мавлюда Масадикова.

Мавлюда мурда айылдык активист болгон. Айылда түрдүү чогулуштарды уюштуруп, майрамдык кечелерди өткөрүп жүрчү. Кырк жаштан өткөнгө чейин ишкерлик чөйрөгө аралашууну такыр ойлогон эмес.

- Мурда мал чарбасы деген түшүнүк мага өтө эле жат болчу. Бир күнү мал-кой менен алектенип калам деп жети уктап, түшүмө кирген эмес. Көрсө, аябай кызыктуу экен. Азыр бирөөлөрдүн үйүнө барсам да мал-койго карайм. Арык же семиз экендигине көз салам.

Мавлюда мал чарбасын 5-6 алты кой багуу менен баштаган. Анысы көбөйүп, азыр бир короо болду. Бодо малдары да бар. Каарманыбыз азыр мал багуу менен гана эмес, аны сатып, акчаны көбөйтүүнүн да ыгын тапкан.

- Башында кыйналдым. Багайын десем, күчүм жетпейт. Күйөөмдөн, балдарымдан жардам сурадым. Алар мага үйрөтүштү. Ошентип үйрөнүп кеттим. Азыр адис болуп калдым. Аял кишиге колдоо керек. Күйөөсү, жакындары, балдары жардам бериши зарыл. Аялзатынын колунан көп иш келет. Ишкерликтин да майын чыгарат. Болгону уруксат, таяныч зарыл. Айылдагы аялдар көбүнчө күйөөсү же жакындары уруксат бербегендиктен ишкерлик кыла албайт. Каржылык жактан да аларга көз каранды, - дейт Мавлюда.

Өкмөт көп иш жасай алат, эгер...

Жогорудагы эки каарманыбыз тең “Коомчулукту өнүктүрүү альянсы” уюму берген гранттын эсеби менен ишкерлик башташкан.

Долбоор “Орто Азиядагы миграциянын регионалдык программасы” деп аталып, БУУнун аялдар программасы тарабынан ишке ашырылат. Алардын өнөктөшү - Эл аралык миграция уюму, Дүйнөлүк банк жана Британия өкмөтү.

Гүлжан Ниязалиева

Гүлжан Ниязалиева

Элеттик айымдарды колдоо долбоорун ишке ашыруу аракеттери 2010-жылы эле башталган. 2013-жылы анын биринчи фазасы бүткөн. Былтыр май айында экинчи айлампасын баштап, июндун башында аяктады.

Бул аралыкта эки миңге чукул айым ишкерлик сырларын үйрөнгөнүн долбоордун менеджери Гүлжан Ниязалиева айтат.

- Албетте баштаган иш дароо эле ийгиликтүү болуп кетпейт. Кыйынчылыктар жаралды. Айыл жергесинде жашаган аялдарда өзүнө ишенбестик жогору экен. “Колумдан келбейт” деген түшүнүк калыптанган. Айрыкча жакыр үй-бүлөдөгү аялдар ушул стереотипке көнүп калган. “Ишкердикти жалгыз эптей албайм”,- деп да чочулашат экен. Ошондуктан окуу маалында аларды топ-топко бөлүп, дем-күч бергенге аракет жасадык.

Элеттик айымдарды колдоо долбоорунда бир жыл аралыгында 44 демилге ишке ашырылып, ага 80 миң доллардай каражат жумшалды. Тагыраак айтканда, ишкердик кылууну каалаган аялдарга грант берилди. Жалпысынан 54 айылда адамдар окутулду.

Ниязалиеванын айтымында, айылдык айымдар тигүүчүлүк, мал жана айыл чарбасынан сырткары, таттууларды жасап сатканга дилгир.

- Аларга түрткү керек. Жакшы тажрыйбаларды көрсөтүү зарыл. Биз тажрыйба алмашууларды көбүрөөк уюштурганга аракет кылдык. “Менин да колумдан келет” деген түшүнүктү жайылттык. Эл жакшы кеп-кеңештерге муктаж. Бул ишти өкмөттүк мекемелер улантышы зарыл. Буга өтө деле ашыкча каражат сарпталбайт. Өкмөттүн колунда ресурс бар. Жер-жерлерде айлык алып, иштеп жаткан адистери бар. Эл аралап, айылдык айымдарды ишкерликке кызыктырган жолугушууларды тез-тез өткөрүп турушса болгону.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG