Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

Элеттик аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен миграциянын терс кесепеттерин азайтуу долбоору жыйынтыкталды. Бир жыл аралыгында эки миңге чамалуу аял ишкердик сырларын үйрөндү.

Айылда жашаган аялдар ишкердиктин кайсыл түрүнө шыктуу? Аларга кандай жардам керек? Бул боюнча долбоорду ишке ашырган “Коомчулукту өнүктүрүү альянсы” уюмунун жетекчиси Гүлжан Ниязалиева “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Элеттик аялдарды ишкердикке үйрөтүүгө багытталган долбоор качан, кандайча башталды?

Ниязалиева: Долбоордун жалпы аталышы “Орто Азиядагы миграциянын регионалдык программасы” деп аталат. Ал БУУнун аялдар программасы тарабынан ишке ашырылат. Алардын өнөктөшү Эл аралык миграция уюму, Дүйнөлүк банк жана Британия өкмөтү. Элеттик айымдарды колдоо долбоорун ишке ашыруу аракеттери 2010-жылы эле башталган. 2013-жылы анын биринчи фазасы бүткөн. Былтыр май айында экинчи айлампасын баштап, бир жыл аралыгында аялдар менен иштедик.

“Азаттык”: Элеттик аялдар негизинен тиричилик иштерине көнгөн эмеспи. Аларды ишкердикке үйрөтүү оңой эле болдубу?

Ниязалиева: Албетте, баштаган иш дароо эле ийгиликтүү болуп кетпейт. Кыйынчылыктар жаралды. Кыргызстандын айыл жергесинде жашаган аялдарында өзүнө ишенбестик жогору экен. “Колумдан келбейт” деген түшүнүк калыптанган. Айрыкча, жакыр үй-бүлөдөгү аялдар ушул стереотипке көнүп калган. “Ишкердикти жалгыз эптей албайм”,- деп да чочулашат экен. Ошондуктан, окуу маалында аларды топ-топко бөлүп, дем-күч бергенге аракет жасадык.

“Азаттык”: Аракетиңер жемишин бердиби?

Ниязалиева: Ооба, ийгилик жараттык деп айта алам. Бир жыл аралыгында 44 демилгени ишке ашырдык. Ага 80 миң доллардай каражат жумшалды. Тагыраак айтканда, ишкердик кылууну каалаган аялдарга грант бердик. Жалпысынан 54 айылда иштедик. Бул аралыкта 2000дей аял ишкердиктин сырын үйрөнүп, каржылык көмөк көрсөтүлдү. Долбоорго аялдарды гана эмес, эркектерди да тарттык. Бирок катышуучулардын 90 пайызын айымдар түздү.

“Азаттык”: Кыргызстандагы айылдык айымдар көбүнчө эмнеге шыктуу? Ишкердиктин кайсыл түрү аларга пайдалуу болчудай?

Ниязалиева: Көпчүлүгү тигүүчүлүктү тандайт экен. Таттууларды жасап, сатканга, айыл чарба, мал чарбасына байланыштуу жумуштарга кызыккан аялдар да аябай көп экен. Күч талап кылганы менен, ушул тармактарды кыйналбай эле алып кетерине көзүбүз жетти. Биз каржылаган долбоорлордун алкагында тоок ферма ачкандар болду. Аары кармап, бал алгандар болду. Баса, мал багып, аны сатып иштеген аялдар да толтура экен.

“Азаттык”: Өлкөнүн бардык аймактарында иш жүргүзүпсүңөр. Ишкердик жаатында жети облустун кайсыл аймагында аялдар активдүү болорун байкадыңарбы?

Ниязалиева: Бул аймак мыкты, мунусу начар деп айта албайм. Баарында шык бар. Бирок биз Чүй облусунда аялдар менен иштеген кезде бир аз кыйналдык. Бул жактагы аялдар арасында өзүнө ишенбегендер көбүрөөк экенин байкадык. Бирок мунун да себеби бар. Түрдүү долбоорлорду ишке ашырууда негизинен алыскы аймактарга көңүл бурулат эмеспи. Борборго жакын деп, Чүй облусу көз жаздымда кала берет. Ошондуктан, тобокелдик менен долбоорлорго аралашуу бул аймактагыларга анча мүнөздүү эмес. Ага карабай, аракетибиз натыйжалуу болду деп айта алам.

XS
SM
MD
LG