Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял жана бала зордук-зомбулукка учурайт. Ал эми сурамжылоого катышкан аялдардын 40 пайызы үйдөн сырткары иштөөгө же окууга укугу жок экенин айтышкан. Бул тууралуу Америкадагы Мэриленд университетинин докторанты, кыргызстандык Салтанат Дүйшалиева-Чилдрес “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.

Он жылдан ашуун убактан бери АКШда жашап жаткан Салтанат Кыргызстандагы аялдардын социалдык абалы, зордук-зомбулук темасында изилдөө, сурамжылоо жүргүзүп, ушул багытта ыктыярчы катары да иштеп жүрөт. Социалдык кызмат боюнча Америка, Англия өлкөлөрүнөн билим алган кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын негиздөөчүсү жана президенти. “Аялзат” берүүсүнөн Салтанат Дүйшалиева-Чилдрес менен болгон маекти сунуштайбыз.

“Азаттык”: Америкада жашаганыңызга канча болду?

Салтанат Дүйшалиева-Чилдрес үй-бүлөсү менен

Салтанат Дүйшалиева-Чилдрес үй-бүлөсү менен

Салтанат Дүйшалиева-Чилдрес: Кыргызстандан 2002-жылы кеткем. “Ачык коом” институту жана “Сорос-Кыргызстан” фонду жарыялаган сынактын жеңүүчүсү катары стипендияга ээ болуп, социалдык иштерди өнүктүрүү адистиги боюнча Вашингтон университетине магистратурага өттүм. Ошол эле Вашингтондо Социалдык иштерди өнүктүрүү жана Социалдык саясатты изилдөө борборунда иштөөгө мүмкүнчүлүк алдым. Жалаң окуу менен чектелбестен коомдук иштерге активдүү катышууга аракет кылдым. Эл аралык фестивалдар өткөн учурда 80ден ашуун өлкөнүн алдында Кыргызстан тууралуу маалымат берип, улуттук кийим менен ырдап, бийлеп, иш-чаралардын алып баруучусу болуп жүрдүм.

“Азаттык”: Кантип, эмне себептен аялдардын укуктары, үй-бүлөдөгү зомбулук темасын изилдеп калдыңыз?

Салтанат Дүйшалиева-Чилдрес: Магистратураны 2004-жылы бүтүп алдыга чоң максаттарды коюп, Америкадан алган тажрыйбамды, билимимди, идеямды өз өлкөмдө ишке ашырам деген тилек менен Кыргызстанга кайтып келдим. Бирок мени Казакстан жана Тажикстанга ​ЮСАИДдин айыл чарба жана жер укуктары боюнча долбоорун башкарып берүүгө чакырышты. Андан кийин Нидерландынын “Кызыл чырым” уюмуна координатор болуп кеттим. Ал жакта өзгөчө кырдаалдарда ден соолукту сактоо, социалдык жактан жардамга муктаж жана укугу тебеленген аялдарга биринчи жардам көрсөтүүгө коомду даярдоо, алдын алуу иштерине жетекчилик кылдым. Ушундай долбоорлорго катышып жүрүп Кыргызстандагы аялдарды коргоо жана кайра калыбына келтирүү темасы боюнча изилдөө жүргүздүм. Көптөгөн аймактарга бардым, аялдардын башынан өткөргөн окуясын, зомбулукка алып келген себептерди уктум. Алардын кажыбас кайраты, үмүтү мага дем берип, бул маселени дагы терең изилдөө керектигин байкадым. Аялдар үй-бүлөдөгү кыйынчылыктарга баш ийип отуруп калбастан иштерин улантып, балдарын багып, кыйынчылыкты жеңүүнүн жолун тапканга аракет кылышат. Алар керек болсо кесибин өзгөртүп, компьютерди, тигүүчүлүктү үйрөнүп, каражат жагынан көз каранды болбогонго аракеттенүүдө. Ошондой эле лидерлик, уюштуруучулукту үйрөнүп, коомдун бардык иштерине катышууга аракет кылганы мага абдан дем берди. Аларга жардам берүү үчүн мен өз билимимди дагы жогорулатып, илимий изилдөөнү тереңдетүү керектигин түшүндүм. Ошентип Америкадагы Мэриленд университетинин докторантурасына өттүм.

“Азаттык”: Азыр кайсы шаарда турасыз?

Салтанат Дүйшалиева-Чилдрес: Азыр Висконсин штатындагы Мадисон шаарында жашайм. 2012-жылы Бишкекке келип социалдык иштер адистиги боюнча стипендиялык программанын бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясын негиздедим. Учурда аялдардын жана балдардын социалдык-экономикалык проблемаларын, анын себептерин, андан чыгуунун жолдорун илимий изилдөө аркылуу аныктап, Кыргызстанга жардам берүү максатын алдыга койгом.

“Азаттык”: Кыргызстанда абал кандай экен сиздин сурамжылоо, изилдөөңүз боюнча? Алдын алуунун кандай жолдорун сунуштайт элеңиз?

Сатанат Дүшалиева-Чилдрес "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова менен

Сатанат Дүшалиева-Чилдрес "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова менен

Салтанат Дүйшалиева-Чилдрес: Бириккен улуттар уюмунун маалыматына таянсак, Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял жана бала зордук-зомбулукка учураган. Сурамжылоого катышкан аялдардын 40 пайызы үйдөн сырткары иштөөгө же окууга укугу жок экени белгилүү болгон. Ал эми Азия өнүктүрүү банкынын маалыматына ылайык, 30 миңге жакын кыз-келин кризистик борборлордон, баш калкалоочу жайлардан жардам сурашкан. Расмий эмес маалымат боюнча, жардамга муктаж жана жардам сураган аялдардын саны мындан алда канча көп. Зордук-зомбулукка кабылган келиндер көбүнчө социалдык санкциялардан, балдарынын келечегинен коркуп жана материалдык жактан көз каранды болгонуна байланыштуу көп учурда унчукпай келишет. Бул фактылар эл менен бийлик ортосундагы социалдык шарттардын толук кандуу түзүлбөгөнүнөн кабар берет. Илимий изилдөөлөр Кыргызстанда укуктук, социалдык жактан мыйзамдар бир топ толуктоо жана өзгөртүүлөргө муктаж экенин көрсөттү.

Зордук-зомбулукту башынан өткөргөн кыз-келиндер өз укугун билбейт. Аларга мыйзам, укук, социалдык камкордук, психологиялык жана каржылык жактан жардам бере турган коомдук жайлар, үйүнөн качууга аргасыз болгон шартта баш калкалоочу жайлар бардыгы тууралуу маалымат берүү керек экен. Ушул жагынан алганда “Сезим” кризистик борборунун жана анын жетикчиси Бүбүсара Рыскулованын жардамы чоң.

“Азаттык”: Үй-бүлөдөгү, өзгөчө аялдарга жасалган зордук-зомбулук маселеси бир эле Кыргызстанда эмес, ошол эле өнүккөн, адам укуктарына өзгөчө баа берген өлкөлөр, АКШ, Европада да көп кездешерин белгилешет. Мунун себептери эмнеде деп ойлойсуз?

Салтанат Дүйшалиева-Чилдрес: Ооба, Америкада деле ушундай проблемалар бар. Аялдардын 20 пайызы ушундай көйгөйлөрдү башынан кечирет экен. Бирок бул жакта каражат көп, баш калкалоочу жайлар бар. Ар бир ооруканада атайын бөлүмдөр иштейт. Экинчиден, мыйзамдары иштейт. Кыргызстанда дарыгерлерден, мисалы гинекологдордон зордук-зомбулук менен күрөшүү багытында кандай иш алып барасыңар деп сурап көрүңүзчү. Бул биздин ишибиз эмес, тиешебиз жок деп айтышат. Менин сурамжылоом боюнча, Кыргызстанда аялдардын 25 пайызы үй-бүлөдө зордук-зомбулукка кабылат. Ал эми башка изилдөөлөр андай кыз-келиндердин саны 70 пайыз экенин айтышат. Ушул багытта иш алып барган эл аралык уюмдар үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселесинде медициналык, юридикалык, укуктук, социалдык жана билим берүү кызматтары системалуу түрдө иштеши керек деп кеңеш берет. Бул деген гендердик теңдик боюнча жаштардын маалыматтуулугун көтөрүү, укук коргоо кызматкерлерин окутуу, менталитетти өзгөртүүгө байланышкан программалардын болушу... Ошондой эле маселени чечүүдө саламаттыкты сактоо, психологиялык кызматтардын ролу чоң.

“Азаттык”: Кыргызстанга тез-тез эле келип турасызбы? Балдарыңыз Кыргызстан тууралуу, кыргыз тилин билишеби?

Салтанат Америкада фестивалдардын биринде

Салтанат Америкада фестивалдардын биринде

Салтанат Дүйшалиева-Чилдрес: Ооба, менин диссертацияма байланыштуу Кыргызстанга 2012-жылы барганбыз. 2014-жылы кайра Мадисонго кайтып келдик. Балдарым кыргыз мектепке, бала бакчага барышты. Ата-энем менен сүйлөшүп, кыргыз тилди үйрөнүштү. Америкада деле балам ар кандай эл аралык фестивалдарга катышып, кыргызча ырдап жүрөт. Күйөөм Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинде иштеп турду. Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын долбоорлоруна чоң салым кошо алды. Ошондой эле Токой чарба агенттигинен эки медаль алды. Азыр деле Кыргызстанга келебиз деген үмүтүбүз бар.

“Азаттык”: “Сезим” кризистик борборунда ыктыярчы катары иштеп жүргөн экенсиз. АКШдан келген башка да ыктыярчылар барбы ушул багытта иштеген?

Салтанат Дүйшалиева-Чилдрес: Мен өзүм эле иштеп жүрдүм. Диссертацияма байланыштуу сурамжылоолорду уюштурдум, аялдар менен сүйлөштүм. Эми атайын программанын негизинде америкалык баш калкалоочу жайлардан ыктыярчыларды да тартып, алып келейин деген планым бар.

“Азаттык”: Америкада билим алуунун кандай жолдорун сунуштайсыз?

Салтанат Дүйшалиева-Чилдрес: Мыйзамдуу жолдор менен эле окуш керек. Тилин билип, чет жакка чыккысы келсе документтер топтомун иреттеп, бара турган өлкөнүн мыйзамдарын, менталитетин таанып-билүү керек. Сыртта окугусу келгендер үчүн көптөгөн программалар бар. Алар менен таанышып, жоопкерчилик менен даярдануу керек. Кыргызстандыктар таланттуу, жөндөмдүү келишет. Мисалы биз үчүн башка элдин тилин үйрөнүү кыйынчылыкка деле турбайт окшойт. Анткени биз анлис, немис жана башка тилдерди бат эле үйрөнүп алдык.

Маек "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фондунун "Мекендештер" форуму долбоорунун алкагында даярдалды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG