Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Биринчи канал кошуна өлкөлөрдө көрсөтүлбөйт


Орусиянын Биринчи каналындагы көрсөтүүдөн алынган кадр.
Орусиянын Биринчи каналындагы көрсөтүүдөн алынган кадр.

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Коомдук телеканалга Орусиянын Биринчи каналынын берүүлөрүн көрсөтүүнү сунуштаган чакта кошуна өлкөлөр аны чектөө аракеттерин көрүүдө.

Тажикстандыктар Орусиянын Биринчи каналын кабелдик каналдардан жана спутник аркылуу гана көрө алышат. ОРТнын берүүлөрү коңшу өлкөдө 1997-жылы эле токтотулган.

Тажикстандагы Көз карандысыз массалык каражаттар ассоциациясынын төрагасы Нуриддин Каршыбаев учурда Москванын телеканалы өлкөдөгү Орусиянын аскерий базасынын гана аймагында тартарын айтты:

- Биринчи канал Тажикстанда тартпайт. Ал Орусиянын 201-аскерий базасынын аймагында гана ретрансляция болот. Менин пикирим боюнча Орусиянын Биринчи каналынын аскерий базанын аймагында көрсөтүлүшү мыйзамсыз, анткени бул үчүн эки өлкө ортосунда атайын келишимдерге кол коюлушу керек.

Каршыбаев Тажикстанда Орусиянын РТР каналы эч чектөөсүз көрсөтүлөрүн кошумчалады.

2009-жылы Тажикстан өкмөтүнө караштуу Телерадиокомитети РТР каналынын берүүлөрүн өкмөткө төлөбөй койгон карызы үчүн токтотуп салган.

Бул маселе 2010-жылы Орусиянын ошол кездеги президенти Дмитрий Медведев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусунда чечилип, РТРдин Тажикстанда көрсөтүлүшүнө уруксат берилген.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Биринчи каналдын башкы директору Константин Эрнст
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Биринчи каналдын башкы директору Константин Эрнст

Өзбекстан

Өзбекстандык көрүүчүлөр улуттук каналдардан Орусиянын бир дагы телеканалын көрө алышпайт.

Өткөн жылдын октябрында кабелдик тармактан Орусиянын РБК, ТНТ, РЕН жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин "Мир" каналынын берүүлөрү да чыкпай калган.

Мунун себебин кабелдик каналдардын ээлери техникалык мүчүлүштүктөр менен түшүндүрүшкөн.

Учурда “Мир” каналын өзбекстандыктар спутник аркылуу гана көрө алышат.

Казакстан

Казакстанда Биринчи каналдын берүүлөрү Евразия биринчи каналы аркылуу эфирге чыгат. Бул канал 1997-жылы негизделген. Казакстандын массалык маалыматтардагы чет өлкөлүк медианын үлүшүн азайтуу тууралуу мыйзамына ылайык телеканалдын 20 пайызы Орусиянын Биринчи каналына, ал эми калган үлүшү “Казакстан” телерадиокомпаниясына тийиштүү. Анда Биринчи каналдын жаңылыктар блогу кыскартылып, калган берүүлөрү алдын ала жазылып, анан обого чыгат.

Соңку маалыматтарга ылайык жалпысынан Казакстандын аймагында каттоодо турган 235 чет элдик каналдын 158и орустардыкы. Бул тууралуу өткөн жылдын аягында “Тенгриньюс” агенттиги Инвестиция жана өнүгүү министрлигине шилтеме берип кабарлаган.

Казакстандык бир катар активисттер өлкөдөгү орус телеканалдарын андагы Украинадагы окуялар боюнча бир тараптуу маалымат таратканы үчүн кыскартууну сунуштап келет.

16-апрелде Санкт-Петербургда өткөн “Евразиялык экономикалык келечек” деген аталыштагы форумда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Ильяс Умаханов бирдиктүү евразиялык медиа ресурс негиздөөнү сунуштады. Анын пикиринде, бул ресурс Евразия экономикалык биримдигин бекөмдөөгө өбөлгө болот. Парламентарийдин сунушу Казакстанда айрым активисттердин кескин сынына кабылды.

Орусиянын Биринчи каналынын 51 пайызына федералдык өкмөт ээлик кылат. Анын калган 49 пайыз үлүшү орус олигархтары Роман Абрамович менен Юрий Ковальчукка таандык. Биринчи канал Кремлдин куралына айланып, бийликтин камчысын чапканы Орусиядагы сөз эркиндигинин абалынын көрсөткүчү экенин байкоочулар белгилешет.

XS
SM
MD
LG