Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:12

Лондон университетинин укук боюнча профессору, Адам укуктары боюнча Европа сотунун адвокаты Билл Бауринг «Азаттыктын» Бишкек бюросунда курган маегинде Кыргызстанда адам укугун чектеген мыйзам долбоорлордун каралып жатышын өлкөнүн демократиялык баалуулуктардан чегиниши катары баалады.

"Азаттык": Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарды чет элдик агент деп таануу боюнча мыйзам долбоору парламентте каралууда. Сиз көптөн бери билген Кыргызстанда соңку өзгөрүүлөр тууралуу кандай ойдосуз?

Бауринг: Бул мындан бир жарым жыл мурун Орусияда ишке кирген мыйзамдын көчүрмөсү. Орус өкмөтүнө каршы 16 орусиялык бейөкмөт уюм Европа сотуна арыз менен кайрылды, мен алардын адвокатымын. Орусия менен Кыргызстан бири-бирине ыктаган маалда Орусиядагы консервативдик көз караш Кыргызстанда да күчөдү. Маселен, сексуалдык азчылыктар, дин тутуу, сөз эркиндиги жана бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү жаатындагы көз караш Орусиядагыдай болот. Тилекке каршы мунун баары демократиялык баалуулуктарды тутунуп келген Кыргызстандын Орусияга жакындоосунун натыйжасы.

"Азаттык": Кыргызстанда жарандык коом өнүккөн, мурунку жарандык активисттер азыр кыргыз парламентинде, өкмөттүн курамында турушат. Эгер бул мыйзам кабыл алынса, эл аралык коомчулуктун алдында Кыргызстандын бедели кандай болот?

Бейөкмөт уюмдарды чет элдик агент катары таануу тууралуу мыйзам бир жыл мурун Орусияда кабыл алынган.

Бейөкмөт уюмдарды чет элдик агент катары таануу тууралуу мыйзам бир жыл мурун Орусияда кабыл алынган.

Бауринг: Кыргызстандын «Борбор Азиядагы Швейцария» деген аброю бар болчу. Кыргызстанда демократия, жарандык коом, сөз эркиндиги башка коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу жогору өнүккөн деп билип келсек, мындай мыйзамдардын кабыл алынышы, албетте, артка кадам катары же Орусия Федерациясынын жолоюна түшкөнүн көрсөтөт.

"Азаттык": Учурда Сирияда 230 кыргызстандык согуш аракеттерине катышып жүргөнү айтылды. Ушул тапта кыргыз бийликтери мамлекеттик коопсуздукка артыкчылык берүү керек десе, экинчи жагынан адам укуктарын коргоо сыяктуу диллемага туш келди. Көз карандысыз эксперт катары сиздин пикириңизде эмнеге артыкчылык берүү керек?

Бауринг: Сирияда согушуп жүргөндөр боюнча айтсак, алар кылмыш жасоодо. Британиянын дагы бир топ жарандары Ирак менен Сирияда согушуп жүргөнү анык. Бир нече күн мурун эле үч өспүрүм кыз «Ислам мамлекети» тобуна кошулганы кеткени билинип, ызы-чуу жаратты. Британ мыйзамдары боюнча бул кылмыш деп таанылат. Адамдарды уюштуруп жиберип жаткандар, кетип жаткандар бардыгы тең кылмыш жасады деп эсептелет. Жакында эле андайлардын бири кармалып, бир нече жылга абакка кесилди.

"Азаттык": Ошол эле маалда коопсуздук кызматтары айрым диний экстремисттик уюмдар дин тутуу эркиндигине жамынып алып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө деп айыптоодо. Бул канчалык негиздүү?

Бауринг: Мен буга макул эмесмин. Анткени Кыргызстандын Конституциясында ар бир жаран дин тутуу эркиндигине ээ, ошол эле маалда эгер ал зордук-зомбулук мүнөзгө ээ болсо, же зордук-зомбулукка чакырса – бул кылмыш деп саналат деп жазылып турат. Ал жерде кылмыш элементтери барбы, аны кылмыш деп саноо керекпи же жокпу – муну аныктоо укук коргоо органдарынын милдети.

Ошол эле маалда Кыргызстанда исламдын ханафи-масхабына гана жол берилет, калгандары мыйзамсыз, диний экстремизм деген – бул өтө кооптуу. Маселен, Британияда мусулмандар өтө тездик менен көбөйүүдө, 50 миллиондон ашуун элдин бир нече миллиону мусулмандар. Алардын арасында ханафиси, шииттери, салафилери, айтор, ар түрдүү агымдар бар.

Дагы бир мисал келтирсем, Борбор Азияда өтө коркунучтуу уюм деп кара тизмеге алынган “Хизб ут-Тахрир” кыймылы Британияда андай деп таанылган эмес. Мурдагы британ премьери Тони Блэр “Хизб ут-Тахрирди” террористтик уюмдардын тизмесине киргизүүнү көздөгөнү менен британ полициясы кыймылдын иш-аракетин кылдат иликтеп көрүп, зордук-зомбулук же ага чакырган коркунуч жок деп тапкан.

"Азаттык": Ошол эле маалда Борбор Азия мамлекеттери британ бийликтерин “Хизб ут-Тахрир” уюмун коргоп, аларга баш паанек берүүдө деп айыптап жатпайбы?

Бауринг: Бул болбогон, суу кечпеген сөз. Мен жана айткандай, британ өкмөтү ал уюмду кара тизмеге киргизүүгө канчалык далалат кылса дагы, полиция ага макул болгон жок. Силердин өлкөлөр анда эми британ полициясын күнөөлөп, террористтик уюмга жан тартып атат десин. Британияда мунун баары жергиликтүү полициянын көзөмөлүндө. Дагы бир мисал келтирсем, Францияда аялдарга коомдук жайларда паранжа кийип жүрүүгө тыюу салынат. Британияда ага жол берилген. Менин көп эле студенттерим паранжы-хижабчан жүрүшөт.

"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери

"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери

"Азаттык": Борбор Азиядагы мамлекеттердин бийликтери аймактагы коопсуздук маселесин көтөрүп, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу региондогу стабилдүүлүккө коркунуч жаратууда деп билдирип жатат. Сиздин пикириңизде, буга канчалык негиз бар?

Бауринг: Ооба, Борбор Азиядагы мамлекеттердин жарандары Сирия менен Иракта согушуп жүрүшөт. Алардын арасында ал жерде эмне болуп жатканын көрүп, чачы тик туруп, кайра өз мекенине кайтууну каалагандар бар. Алар үчүн өз үйүнө келгенден кийинки реабилитация маселеси. Менимче, Скандинавия өлкөлөрү бул жаатта акылдуу чечим кабыл алып, аларга реабилитацияланууга мүмкүнчүлүк берүүдө. Британияда болсо тескерисинче, Сирия менен Ирактан кайткандар кылмыш жасады деп каралат. Алар абакка бир нече айга камалат. Эч кандай реабилитацияланууга жол жок. Андыктан, скандинавиялыктардын жолу британдыктарга караганда акылдуудур.

Менин айтайын дегеним, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү ар бир өлкө террордук коркунучка кабылган заман. Жеке эле Борбор Азиядагы мамлекеттерге гана кооптуу эмес. Албетте, Борбор Азиянын бир тарабында Кытай, бир жагында Орусия, тиги тарабында Ооганстан турат, алар үчүн чыныгы коркунучтар бар. Ал эми андай коркунучтарга каршы эффективдүү күрөш жүргүзүү – ошол өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын, сот системасынын, атайын кызматтарынын иши. Кылмыш жасагандар өзүнө тиешелүү жазасын алуусу керек – эң жөнөкөй эреже ушул.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG