Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:54

Кыргыз өкмөтү “Манастагы” Транзиттик борбор боюнча келишимди токтотуу жөнүндө мыйзам долбоорун даярдап, Жогорку Кеңешке берди. Эки өлкө ортосундагы келишим 2014-жылдын соңуна чыгат. Эгер эки тараптын бири келишимди токтотууну чечсе, келишим мөөнөтү аяктаганга алты ай калганга чейин расмий түрдө билдирет.

Нью-Йорктогу Колумбия университетинин профессору, Борбор Азия боюнча эксперт Александер Кули "Азаттыкка" берген маегинде Орусия кыргыз бийлигине кандайча басым жасап жатканын, ошол эле маалда Кыргызстанда АКШнын саясий беделине доо кеткенин айтат. Саясат таануучу чоң державалардын таймашынан кыргыз саясатчылары дагы пайда табууда деп белгилейт.

- Бул жерде маселени бир нече өңүттө кароого болот. Кыргыз бийлигинин “Манастагы” Транзиттик база боюнча декларативдүү билдирүүсү Орусиянын жогорку деңгээлдеги жетекчилери Кыргызстанга келээрине бир апта калганда айтылганы жөн жеринен эмес. Бул Бишкектин Москвага Транзиттик борбор боюнча келишим кайра жаңыртылбайт деген белгисиндей көрүнөт. Анткени кыргыз өкмөтүнүн соңку билдирүүсүндө жаңы эч нерсе деле айтылбайт.

“Манастагы” Транзиттик борбордун келишими беш жылдан кийин соңуна чыгат деп 2009-жылкы келишимде жазылганы эбактан бери эле маалым. 2014-жылы келишим соңуна чыгат. Бул жерде келишимди токтотуу эмес, келишимдин мөөнөтү узартылабы деген суроо турушу абзел. Мен ушуга көңүл бургум келет. Ал эми кыргыз өкмөтүнүн соңку билдирүүсү ага саясий өңүт берет. Дагы бир жагдай – кыргыз тарап бул билдирүүнү эртелеп жарыялап, АКШ менен соодалашууну көздөп жатышы дагы мүмкүн. 2009-жылдын февраль айында президент Бакиевдин саясаты ошондой болбоду беле – америкалык базаны жабам деп, Орусиядан каржылык колдоо алып туруп, кайра америкалыктарга жүзүн буруп, базанын ижара акысын 17 миллион доллардан 60 миллионго көтөрүп, жаңы келишимге келген.

Бирок бул жолу орусиялыктардын басымы бир катар стратегиялык тармактарда даана сезилет. Коопсуздук жаатында - Орусия Кыргызстандагы аскерий жайларын интеграциялап, жаңы узак мөөнөттүк келишимди ишке киргизди. Инвестициялык жаатта – Камбар-Ата баш болгон гидро-энергетикалык долбоорлорду каржылоо, карызды кечүү сыяктуу долбоорлордун топтомун жактырды. Ушул жыл соңуна чейин Кыргызстанды Орусия башындагы Бажы союзуна киргизүү планы турат. Мына ушул жаңы инструменттер аркылуу Москва Кыргызстандын саясий системасына интеграцияланып, өлкөнүн маанилүү институттарын көзөмөлдөөнү көздөөдө. Ал эми кийинки жылы кыргыз саясатчылары Орусиянын жогорудагы саясий-экономикалык басымынын канчасына чыдап, кандай чечим кабыл алаарын күтө туралы.

- Сиз Орусиянын Кыргызстанга тийгизип жаткан таасирине токтолдуңуз. Ал эми соңку кезде америкалыктардын таасири кандай болууда?

- Менимче бул жерде эки маселе бар. Биринчиден, эмне үчүн Максим Бакиевди экстрадициялоо боюнча ишти АКШ жаап салды? Мен азыр тигил же бул себептен иш кыскарды деп айтсам, жөн эле жоромол болуп калат. Ага карабастан, кылмыш иштин Лондондогу сот болоор алдында жуп жабылышы АКШнын беделине саясий көө сүрттү. Максим Бакиевдин ишине улай эле аскерий учак кыйрады - эки окуя тең АКШнын Кыргызстанда турушунун кыйын кезеңи болду. Аскерий базалар менен байланыштуу бир маселе бар – мисалы, учак кырсыкка учураса, аны иликтөөгө америкалыктар катышуусу керек, бул эки тараптуу келишимде макулдашылган укуктук шарт. 3-майда кулаган учактын “кара жашигин” ким иликтейт деген суроо жаралды. АКШнын четте турган аскерий жайлары – Кошмо Штаттардын юрисдикциясына баш ийет. Андыктан аны америкалык тарап өзү гана иликтейт. Эгер жарандык учак куласа, аны Кыргызстандын мыйзамы боюнча кыргызстандыктар иликтемек. Бирок көпчүлүк учурда маселе саясий нукка бурулуп, алтургай орус медиасы АКШ Кыргызстандын эгемендигине шек келтирген кадамдарга барууда деп айтып чыкты.

Соңку аптада Кыргызстанда активдешкен каршылык акциялардын (алар Москвадан акча алса же албаса дагы) бир нече өңүтү бар. Албетте, буга чейин “Манастагы” база Бакиевдердин режимин колдогон деген айыптоолор АКШнын беделине калың көлөкө түшүргөн. Вашингтондо Мамлекеттик департамент, Коргоо департаменти жана Юстиция департаментин координациялоодо өтө татаал бюрократия бардыгын эстен чыгарбайлы. Бирок кандай десек да, бул эки фактор АКШнын Кыргызстандагы беделине көө сүрткөнү баарыбызга маалым болду.

- Премьер-министр Сатыбалдиев “Азаттыкка” 2014-жылы “Манастагы” база жарандык жүк ташуу борборуна айланат, “буюруса, ал ишке Орусия көмөктөшөт” деп айтты. Бул америкалыктар кетсе, алардын ордун орустар ээлейт турбайбы деген суроону жаратпайбы?

- Азырынча бул тууралуу божомолдор гана айтылууда. Мен өзүмдүн салыштырма жана тарыхый анализге негизделген изилдөөлөрүмө таянып айтсам, аскерий базаны жарандык кызматка айланттуу бир кыйла татаал. Жарандык кызматтар үчүн пайдаланылган борборлор адатта кирешесиз. Мисалы, мындан бир нече жыл мурун Филиппинде Субик Бэй кысыгындагы америкалыктардын аскерий базасы жабылып, эл аралык жүк ташуучу хаб болуп кайра түзүлгөн. Бирок бир аз жыл гана иштеп туруп, анан жабылып калган. “Манаста” жарандык хаб түзүлсө, экономикалык көз караштан алганда канчалык пайдалуу болот? Орусиялыктар канчалык каржылык көмөк бере алат? Америкалыктар азыр жылына берген 60 миллион доллар ижара акысы, ага кошумча кызмат көрсөткөн ишканаларга төлөнгөн акчанын экономикалык таасири менен салыштырууга болобу? Эгер орусиялыктар ушунча каражат төлөп турса, албетте, анда хабды түзүп, кармап турууга эмнеге болбосун. Бирок коммерциялык долбоорлор, адатта аскерий максаттагыдай киреше бере албайт.

- Жогоруда сиз айткан жагдайларды эске алганда, Кыргызстан чоң өлкөлөрдүн "туткунуна" айланат деген кооптонуу канчалык?

- Бир катар кыргыз саясатчылар чоң державалардын таймашынан пайда табууда. Карапайым эл чоң таймаштын "туткунуна" кабылуусу мүмкүн. Мен китебимде жазгандай, Америкалык базадан түшкөн киреше өкмөттүн капчыгына кеткендиктен, саясий жетекчилер аны ар кандай кызыкчылыкка колдонот. Бакиев мырза 2009-жылы ачакей саясий оюн ойноду го. Ал эми базадан түшкөн акчадан карапайым калк пайда көрүүдөбү? Мен так айта албайм. 2009-жылы өткөрүлгөн иликтөөдө "Манастан" түшкөн акча пенсия, жөлөк пул төлөөгө кетип жатканы көрсөтүлгөн. Экинчи жактан Орусия такай басым жасаса дагы, Кыргызстанга бир пайда келтирип жатат деп ойлогон адамдар болушу мүмкүн. Кыргызстан чоң өлкөлөрдүн таймашына дуушар болууда, аны менен катар кыргыз саясатчылары дагы ошол “чоң таймашты” өз кызыкчылыгына колдонуп, карапайым элди манипуляция жасоодо. Биз муну көбүрөөк түшүнүүбүз абзел.
Александр Кули – Нью-Йорктогу Колумбия университетинин саясий илимдер боюнча профессору. Демократияны жайылтуунун улуттук корунун, Ачык коом институтунун, “Хьюман Райтс Уотч” уюмунун кеңешчилер комитетинин мүчөсү. “Чоң оюндар, жергиликтүү эрежелер” (2012), “Келишим мамлекеттер: эл аралык мамиледеги эгемен трансформация”(2009), “База саясаты” (2008) деген китептердин автору.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG