Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:51

АКШдагы Колумбия университетинин профессору Александр Кули (Alexander Cooley) “Азаттыкка” курган маегинде 2014-жылы "Манастагы" базанын тагдыры жаңы келишим менен чечилери мүмкүн экендигине, Вашингтондун Ооганстан боюнча соңку пландары жана Кыргызстан Аймактык бажы биримдигине кирсе өлкөнүн эгемендигине кандай таасир тийгизерине токтолду.

А.Кули: Жаңы президенттин бийлиги алдында америка-кыргыз мамилесинде кескин бурулуш болуп, өзгөрүп кетет деп ойлобойм. Кызматташтыктын көңүл чордонунда Ооганстанга көмөк көрсөтүү кала берет. Болочок президент А.Атамбаев "Манас" транзит борбору 2014-жылы жабыла тургандыгын, аба майданы жарандык учактар үчүн гана колдонулаарын билдирди.

Эки өлкө ортосундагы кызматташтык келишими 2014-жылга чейин түзүлгөн. Буга чейинки тажрыйбалар көрсөткөндөй, база маселеси талкууланып келип эле, акыркы мүнөттөрдө чечим башкача чыгып калган.

Тилекке каршы Кыргыз Республикасы менен АКШ ортосундагы экономикалык алакалар кеңири өңүттө өнүкпөй жатат. Кыргызстандын Америка менен географиялык коңшу эместиги буга себеп. Ага карабастан бир катар өнүктүрүү программалары, техникалык көмөктөшүү долбоорлору жүзөгө ашырылып жатат. Кыргызстан АКШнын Борбор Азиядагы өнөктөшү катары алакалар улана берет.

"Азаттык": Буга чейин “Манастагы” жүк ташуучу базанын тагдыры акча менен чечилип келгенин билебиз. Кыргыз тарап база маселесин көтөргөндө дароо төлөмдөр жөнүндө сөз болот эмеспи. 2014-жылы маселе кандай чечилет деп күтсөк болот?

Кыргызстан Орусиянын “кардар өлкөсү” болуп калышы толук мүмкүн. Бул Кыргызстан Москвадан саясий, экономикалык жана коопсуздук боюнча көз каранды болот дегенди түшүндүрөт.
А.Кули: Кыргызстан бааны көтөрөбү жокпу, муну Бишкектеги саясатчылар чечет. База жеке жана мамлекеттик тармактарда бараандуу киреше берет. Жылына 60 миллион накталай доллар кыргыз өкмөтүнүн бюджетине түшөт. Жергиликтүү калктын жүздөгөн өкүлдөрү базаны тейлөөдө иш менен камсыздалат. Бул меселени, албетте, Бишкектеги Ак үй чечет.

Жеке мен болсо акча 2014-жылы дагы өткөн тажрыйбадагыдай эле базанын тагдырын чечүүчү фактор болушу толук мүмкүн деп ойлойм. Бишкек “базаны жабабыз” деп коркутканда, Пентагон дайыма жаңы каржылык пакетин сунуштаган. Ал ижара акыны көтөрүү же гуманитардык көмөктүү көбөйтүүнү камтыган. Алдыда дагы маселе ошол эле жол менен чечилиши мүмкүн деп айтаар элем.

"Азаттык": Жакында Мамлекеттик катчы Х.Клинтон Ташкен менен Дүйшөмбүдө сапарда болду, Бишкекке кайрылган жок. Бул Кыргызстан Вашингтондун Ооганстан боюнча стратегиясында көңүл чордонунан түшүп калганын билдирбейби?
Чакан өлкөлөрдүн эгемендигине шек келтирген учурлар дүйнөлүк алкакта көп кездешет – ал “жарым-жартылай суверендүүлүк” деп аталат

А.Кули: Ал сапар ошондой таасир калтырышы мүмүкүн, эмне себептен экендиги да түшүнүктүү. Мен башкача айтаар элем, Ооганстан боюнча АКШ стратегиясы өзгөрүүдө, анткени Ооганстанды жабдуунун жолдору өзгөрүүдө. “Манас” базасы АКШнын Ооганстан боюнча эң маанилүү, башкы камсыздоочу жайларынын бири бойдон кала берет. Ооганстанга кирип-чыккан ар бир аскер "Манастагы" база аркылуу жөнөтүлөт. Айына 50-55 миң аскер "Манаска" токтоп өтөт.

Өзбекстандын маанисинин артканы – Ооганстандагы күчтөрдү камсыздоого автожол керек. Пакистан-АКШ ортосундагы мамиленин татаалдашканына байланыштуу жабдуу жолдору “түндүн багытка” которулуп жатат. “Түндүк багыт” – Балтика деңизи аркылуу келген жүк Орусия, Казакстан, басымдуу бөлүгү Өзбекстан аркылуу оогандарга жетет. Андыктан, Өзбекстан Ооганстанды жабдууда америкалыктардын өтө маанилүү өнөктөшү болуп чыга келди. Мамкатчы Клинтон Ташкенде өзбек бийлиги менен ошол чыйыр салынган жолду бекемдеп жүрдү. Бул эч кандай “Манастагы” базанын маанисин төмөндөтө албайт, болгону бул максатта Өзбекстандын ролу кеңейүүдө.

Аймактык бажы биримдигин кагазда мүчө-өлкөлөр түзгөн уюм башкарат деп жазылганы менен чечим чыгаруу Кремлдин колунда болот
Анан дагы америкалыктар дайыма алтернативдүү жолдорду карайт. Эгер “Манастагы” база жабылып калса же дагы бир башка жагдай түзүлсө, Вашингтон 2014-жылы ишке ашыра турган пландарын Өзбекстан аркылуу жүргүзүүсү абзел.

"Азаттык": Кыргызстан аймактык Бажы биримдигине кирүүгө бел байлап турат. 2012-жылы бийликке келе турган президент Атамбаевдин Кремлге жакын саясий көз карашын эске алганда, бул биримдикке кирүү менен Кыргызстан сиз белгилегендей, “кардар өлкө” болуп калбайбы?

А.Кули: Албетте бул жерде түрдүү саясий долбоорлор бар. Бажы биримдигине кирсе Кыргызстан Орусиянын “кардар өлкөсү” болуп калышы толук мүмкүн. Бул эмнени түшүндүрөт? Бул деген Кыргызстан Москвадан саясий, экономикалык жана коопсуздук боюнча көз каранды болот дегенди түшүндүрөт.

Орусия мурдагы советтик аймакта түрдүү биримдиктерди куруунун долбоорлорун сунуштоодо. Алардын бири Путиндин Евразия биримдигин түзүү долбоору. Бул проект Европа биримдигинин көчүрмөсү сыяктуу көрүнөт, премьер-министр Путин салыштырууну жакшы көрөт эмеспи. Бирок Европа биримдиги улуттук деңгээлден жогору турган аймактык органдарга ээ болгон түзүлүш. Ал эми Евразия биримдиги - Орусия үстөмдүк кылган курам болоору айдан ачык. Аймактык бажы биримдигин карасаңар, кагазда аны мүчө-өлкөлөр түзгөн уюм башкарат деп жазылганы менен чечим чыгаруу Кремлдин колунда болот.

"Азаттык": Демек Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекеттер үчүн чын эле эгемендигин чектеген шарт түзүлөбү?
Эгер “Манастагы” база жабылып калса же башка жагдай түзүлсө, Вашингтон 2014-жылы ишке ашыра турган пландарын Өзбекстан аркылуу жүргүзөт

А.Кули: Чакан өлкөлөрдүн эгемендигине шек келтирген учурлар дүйнөлүк алкакта көп кездешет – ал “жарым-жартылай суверендүүлүк” деп аталат. Маселен, башка өлкөнүн аскерий базасын киргизип кармап туруунун өзү өлкөнүн суверендүүлүүгүн белгилүү деңгээлде соодага коюу менен барабар. Ошол эле учурда өз эгемендигин пайдалануу артыкчылыгы менен чакан өлкөлөр чоң державалардан пайда көрсө болот.

Кыргызстан буга чейин далилдегендей, АКШ, Орусия, Кытай менен өз кызыкчылыгана ылайык ойноп келбедиби. Мына ошол эгемен макамды маани-маңыздуу шартта пайдалануу керек. Эмне үчүн курчоого алып жаткан бир өлкөнүн чеңгээлине түшүп берүү керек? Эгер таптакыр башка алтернативдүү жолдор калбаса дагы Орусия менен соодалашуу оюнун жүргүзүү керек. Албетте кыргыз-орус алакаларынын тээ илгертен берки тамырын эске алганда да жаңы кыргыз бийлиги эл аралык коомчулук, Кытай, АКШ жана жалпы коопсуздук үчүн Москва менен кызматташууну премьер-министр, болочоктогу президент Путин менен бирдей шартта соодалашуусу абзел.

Александр Кули (Alexander Cooley) Пост-советтик Евразиядагы саясий транcформация, АКШ-Орусия-Кытай алакалары жана Борбор Азия, Салыштырмалуу жарым-жартылай суверендүүлүк жана кардар өлкөлөр, Келишим жана уюмдардын теориясы, Кошмо Штаттардын чет өлкөлөрдөгү база саясаты боюнча адис.

“Иерархиянын логикасы” (2005), “База саясаты: Демократиялык өзгөрүү жана АКШнын тышкы аскердик курамдары” (2008), “Келишим өлкөлөр: эл аралык мамилелердеги суверендүү трансформация” (2009), “Чоң оюндар, жергиликтүү эрежелер: Борбор Азияда жаңы чоң оюндардагы бийлик талаш” (басмада) китептердин автору. Ачык Коом Институтунун изилдөөчүсү, Кыргызстан-АКШ боюнча бир катар илимий долбоолорду жүргүзгөн.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG