Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Тажикстанда көп газ табылды


Орусиянын "Газпром" ишканасы Тажикстанда көп газ табылганын жарыя кылды.

Кендин көлөмү салыштырмалуу чакан болгону менен, кара май менен көгүлтүр отундан айтпаган өлкөдө бул келерки жылдын этегинен тарта турмуш жеңилдей башташы мүмкүн дегенди билдирет.

Тажикстанда өлкөнү энергетикалык өз карандылыктан арылта турган жаңы газ кенин бургулоо башталды. Ошону менен Тажикстан каймана жана түз маанисинде, азыркыдан жарык да, жылуу да келечекке үмүт артса болгудай болуп калды.

Орусиянын газ дөө-шаасы болгон "Газпромдун" көмөлүндөгү "ЗарубежНефтеГаз" компаниясы 7-декабрда Дүйшөмбү калаасына жакын жердеги "Сары камыш" газ кенин бургулай баштады.

"Сары-Камыш" кенинин жанында өткөн салтанат
Бул даңазалуу күндө "Газпромдун" башчысы Алексей Миллер Дүйшөмбүдө маалымат жыйынын өткөрдү. Ал журналисттерди бул долбоор Тажикстандын кең келечегине жол ачат деп ишендирди:

– Газдын өздүк булагына ээ болуу Тажик жумурияты үчүн кандай мааниси бар экенин биз абдан жакшы билебиз. "Сары-Камыш" кендеринин келечегин айта турган болсок, биз жүргүзгөн сейсмикалык изилдөө мында 60 миллиард куб метр газ бар экендигин көрсөттү.

Баш калаадан түштүк-батышта болгону 35 чакырым аралыкта табылган бул кен менен Тажикстан дүйнөлүк энергетика тармагындагы үстөмдүк кылуучу күчкө айлана албайт. Мисалы 60 миллиард куб метр газды Европа эки айда эле жагып коет. Бирок мынча газ менен өлкө өзүнүн энергетикалык көз карандысыздыгын кыйла бекемдей алат. Милердин айтымында, бул кендин аркасы менен Тажикстан газ менен 50 жылдан ашык мезгилге камсыз болот.

Газ жагынан өлкө көбүнесе Өзбекстанга көз каранды. Ушуну эске алганда, "Сары-Камыш" кени өлкөнүн Ташкен менен мамилесин түп-тамырынан өзгөртөт шекилдүү.

Азырга чейин Кыргызстан сыңары, тажиктер энергетикалык көз карандысыздыгынан суу энергетикасы менен арылууга үмүт артып келген. Бирок бул пландар көп жылда барып жүзөгө ашат. Өзбекстан коңшуларынын ГЭС куруу пландарына канчалык кастарын тиккенин эске алганда, бул гидро-пландардын качан ишке ашаары да белгисиз.

Төлөм карызын бетке кармап, Өзбекстан тажиктерге газ бербей койгон учурлар көп учурады. Тажиктер да көгүлтүр отундун акысын дайым эле өз убагында төлөп турган деп айтканга болбойт. Бирок Ташкент тажик өкмөтүн жазалагандай кадамдарга барган учурлар жок эмес. Мисалы өткөн кышта 40 жылдан берки эң катуу суукта өзбек газы токтоп калып, башкасын айтпаганда да, Дүйшөмбүдөгү ооруканаларда электр кубаты бир нече сааттан гана берилип жатты. Ошол кезде сууктан бир нече ымыркай чарчап калган.

Тажикстанда "бул газ өндүрүлүп, колдонууга келгенче канча бар? Ал кенде ошончо газ бар экенин ким билет?" деген сыңарында күмөндөр болгондор "Газпромдун" жетекчисинин оптимисттик пикирине анчейин ишене беришкен жок. Бирок Алексей Миллер айтса, калп айтпай тургандыгы менен белгилүү.

Анын айтымында, келерки жылдын этегинде эле Тажикстан газ жагынан өзбектердин көзүн карабай калат. 2010-жылы январ-октябр айларында Тажикстанда 16 миллион куб метр газ өндүрүлдү. Миллер бул көрсөткүч 2011-2013-жылдар аралыгында жылына эки миллиард куб метрге жетет деп айтууда. Бул, 2010-жылдын статистикасы менен эсептегенде, Тажикстан бир жылдын ары берисинде, жылдык керектөөсүнүн төрттөн үчүн өз газы менен канааттандыра алат дегенди билдирет.

XS
SM
MD
LG