Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

Мигранттардын СПИД жуктурган жубайлары


Иллюстрация
Иллюстрация

Тажикстандын Хатлон облусунда 500дөй аял ВИЧ-СПИД дартын алып жүргөнү аныкталды.

Алардын басымдуу бөлүгү вирусту Орусияда иштеп келген мигрант күйөөлөрүнөн жуктуруп алган. Бирок келиндер үй-бүлөсүн сактап калуу үчүн эч кимге арызданышпайт.

Хатлон облусунун Бохтар районунун тургуну Мавжуданын жубайы 2009-жылдан бери Москвада иштеп жүргөн. Өткөн жылы депортация болуп Тажикстанга келгенде ал СПИД оорусунун айынан Орусиядан чыгарылганын айткан эмес. Мунун айынан төрт балалуу Мавжуда да СПИДдин тузагына чалдыккан.

- Ушул жылдын башында, февраль айында айы-күнүм жетип, догдурга баргам. Текшерилсем, «сен дагы, сенин балаң дагы ВИЧти жуктуруп алыпсыңар» дешти. Анан күйөөмдү да чакырып, текшеришти. Ошондо гана ал Орусиядан вирус жуктуруп алганын, бирок жашырып жүргөнүн моюнуна алды.

Азыр эми бул үй-бүлө – аялы, күйөөсү, жаңы туулган наристеси дарыгерлер көзөмөлүндө турат. Мавжуда оору жуктурган эрин кечирип, жашай берүүгө аракет кылууда. Бирок келиндин кайын-журту бардык нерсе үчүн анын өзүн айыпташат.

- Күйөөмдүн туугандары СПИДди мен жуктуруп алгандай кабыл алышат. Мага күйөөм жуктурду деп айтсам, алар ишенишпейт. Күйөөм өзү болсо мени такыр карабай койду. Азыр төрт балам менен атамдардын үйүндө жашап атам.

Хатлон облустук СПИДди дарылоо борборунун маалыматына ылайык, облуста Мавжудага окшош 500дөй аял бар. Алардын дээрлик баары эмгек миграциясынан кайткан күйөөлөрүнөн вирус жуктурушкан. Келиндердин көбү балалуу болгон учурда гана, же ооруканага текшерилүүгө келгенде гана дарты бар экенин билишкен.

Үй-бүлөсүн бузуп албоо үчүн ал келиндердин эч кимиси тийиштүү жерлерге арыз менен кайрылышпайт. Түз айтканда күйөөлөрүнүн аракеттерин «болор иш болду» дегендей эле мамиле жасашат.

Бирок адистер оорусун айтпай жыныстык катнашка баргандар мыйзам түрүндө жазалануусу керектигин эскертет.

Хатлон облустук СПИДди дарылоо борборунун жетекчиси Акрам Давлатов буларга токтолду:

- Тажикстандын мыйзамдарына ылайык, өзүнүн ВИЧ оорулуу экенин билип туруп, башка адамга атайылап дартын жуктургандар жоопкерчиликке тартылат. Айыптуу киши кеминде беш жылга эркинен ажыратылат. Анүчүн жабырлануучулар арыз жазышы керек. Бирок азырынча бул боюнча бир да адам арыз менен кайрылган жок.

Хатлондогу бейөкмөт уюмдар да аялдардын СПИД жуктуруп алуусу - үй-бүлө ичиндеги сыр бойдон калып жатканына кабатыр. Келиндер коомдук бирикмелерге укуктук жана материалдык жардам сурап кайрылышат, бирок алардын бири да ишти аягына чейин чыгарган эмес. Адистер бул тенденция кооптуу экенин эскертип, СПИДдин мындан ары дагы жайылуусуна себепчи болорун айтууда.

Расмий маалыматтарга ылайык Хатлон облусунда 1576 адам ВИЧ-СПИД менен катталган. Күйөөлөрүнөн дарт жуктурган келиндерди эсепке албаганда, бул сандын дээрлик көпчүлүгүн чет элде иштеп келген мигранттар түзөт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG