Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:27

Түркмөнстан армиясына курал алды


Түркмөн армиясы
Түркмөн армиясы

Түркмөнстан Түркиядан курал-жаракты эң көп сатып алган өлкө болуп калды.

Тынчтыкты изилдөө боюнча Стокгольм институтунун маалыматына караганда, Түркмөнстан Түркиядан 36%, Кытайдан 27%, Орусиядан 20% курал-жарак ташып келет. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан тарта түркмөн куралдуу күчтөрү аскер техникасын Советтер Союзунан калган куралдар менен жабдып келген.

Тынчтыкты изилдөө боюнча Стокгольм институту жаңы жарыялаган баяндамада соңку жылдары Түркмөнстан өз армиясын заманбап аскердик курал-жарак жана техника менен камсыздоо ниети күч экени айтылат. Эл аралык институттун иликтөөсүндө куралдын негизги түрлөрүн сырттан cатып алууда Түркмөнстан дүйнөдө 40-орунду ээлейт.

Аскер эксперти Александр Алесин Түркмөнстанда Түркиядан курал импортунун көбөйүшү жалпы түркмөн-түрк кызматташтыгынын кеңейишинен кабар берерин айтат. Ошондой эле Анкара постсоветтик аймактагы түрк тилдүү өлкөлөргө курал сатуу рыногын кеңейтүү аракетин көрүүдө.

- Түркия постсоветтик мейкиндиктеги анын ичинен Борбор Азиядагы түрк тилдүү өлкөлөр менен мамилесин бекемдөөгө күч жумшоодо. Алар түрк тилдүү өлкөлөрдү Түркиянын улуттук кызыкчылыгындагы аймак деп эсептешет. Алар Азербайжан, Казакстан жана Түркмөнстан менен активдүү иштешип жатат. Техникалык рынокто соода кылып, байланышты жолго коюуга аракет кылышат. Экинчиден, өздөрүндө ал өлкөлөрдүн жаштарын аскердик адистикке окутууну каалашат.

23-февралда өткөн Түркмөнстан коопсуздук кеңешинин жыйынында куралдуу күчтөрдүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана аскер техникаларынын согушка даярдыгы боюнча өкмөттүн планы сөз болду. Аскерий эксперт Александр Алесин армия бир гана курал-жарактан көз каранды эместигин белгилейт.

- Бул узак жылдык иш-чаранын комплекси. Эң башкысы курал - куралды алып жүргөн ээсинин башы деген сөз бар. Тактап айтканда, биринчи кезекте персоналды даярдоо жана эң негизгиси офицерлер, сержанттык курам жана техникалык адистер. Бул эң кымбат, узак мөөнөттү жана көп каражатты талап кылат. Аскердик техниканы бир нече жылда тез эле сатып алууга болсо, персоналды даярдоо өтө кыйын.

Армия мамлекеттик коопсуздуктун маанилүү факторлорунун бири болуп саналат. Дүйнөдөгү армиядагы аскерий арсеналы күчтүү деген алдыңкы үч сапты АКШ, Орусия жана Кытай ээлеп турат.

Ал эми Борбор Азияда эң күчтүү деп таанылган Өзбекстандын армиясы жалпы рейтингде 54-катарда турса, Казакстан 66, Кыргызстан 78, Тажикстан 81, ал эми Түркмөнстан 90-орунга ээ болгон. Global Firepower аскерий-аналитикалык эл аралык портал дүйнөдөгү 126 мамлекеттин армиясына баа берип, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен армиянын кубаты жагынан Түркмөнстан эң артта калган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG