Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Кытай “жалгыз бала” саясатынан баш тартты


Бээжиндеги парктардын бири.
Бээжиндеги парктардын бири.

Кытай 35 жыл мурда кабыл алынган “жалгыз бала” саясатынан толук баш тартты. Талдоочулар мамлекеттик саясаттагы бул бурулушту кытай бийликтеринин калктын картаюусун алдын алып, экономикалык өсүшкө дем берүү, эркектер менен аялдар саны ортосундагы ажырымды азайтуу аракети катары чечмелешүүдө.

Кытай Компартиясынын 29-октябрда жарыялаган чечими “жалгыз бала” саясатына 2013-жылы киргизилген өзгөрүүнүн андан ары улантылып, жумшартылышы болду.

Эки жыл мурдагы өзгөрүүгө ылайык, ата-энелердин бири “жалгыз бала” болгон үй-бүлөгө эки бала күтүүгө уруксат берилген эле.

Кытай компартиясы 1949-жылы, адеп бийликке келгенде көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо саясатын карманган.

1980-жылдары реформатор лидер атыккан Дэнь Сяопиндин тушунда калктын көбөйүшүн көзөмөлдөө мүдөөсү менен шаарда катталган үй-бүлөлөр үчүн “жалгыз бала”, ал эми айылда катталган үй-бүлөлөргө биринчиси кыз болуп калса гана экинчи бала күтүүгө уруксат берген саясат күчтөп киргизилген.

Бул эреженин отуз беш жылдан кийин жоюлуп жатышын Калифорниядагы Ирвайне университетинин социология боюнча профессору Ван Фенг (Wang Feng) тарыхый деп атап, бирок Кытайда бул тартипти мындан ары да кармай бергидей жүйө калбаганына токтолду:

- Менимче, бул абдан маанилүү, тарыхый учур. Кытай үчүн эле эмес, дүйнө үчүн да. Анткени, дүйнөдө калктын санын көзөмөлдөгөн башка саясат, өлкө жок. “Жалгыз бала” саясаты олуттуу карама-каршылыктарды жаратты. Калкы картайып бара жаткан өкмөт кантип салык төлөөчүлөр эсебинен миллиондогон доллар сарптап, жүз миңдеген адамдарды бир балалуу эле болууга мажбурлай алат? Бул аспектиден тышкары Кытай нормалдуу өлкө, нормалдуу коом катары кантип өз элинин балалуу болушун көзөмөлдөөнү улантат? Маселени кай жагынан карабайлы, экономикалык, коомдук, үй-бүлөлүк жагы болобу, бул саясатты дагы кармана бергидей эч жүйө жок.

Демограф адистердин эсебинде, “жалгыз бала” саясаты өткөн 35 жыл ичинде Кытайда калк саны өсүшүн 400 миллионго кыскарта алды. Бирок 2014-жылдын соңуна карата саны 1,37 миллиардга жеткен кытайлыктардын дээрлик үчтөн биринин курагы азыр 50дөн ашкандар.

Кытай “жалгыз бала” саясатынан биротоло баш тартты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:13 0:00

Маселен, былтыр эле өлкөдө ишке жарамдуулар саны расмий эсеп боюнча мурдагы жылга салыштырмалуу 3,7 миллионго азайган.

Мындан сырткары расмий Бээжиндин жалгыз бала саясатынан баш тартышы бул эреже азыр дүйнөнүн экинчи ири экономикасы саналган өлкөнүн байгер мамлекетке айлануу мүдөөсүнө көмөктөшпөстөн тоскоолдук кылары анык болуп калганына, карыганда кароосуз калуудан корккондор керектөөгө акча жыйнап, инвестиция кылууга ык алгандар көбөйгөнүнө, эркектер менен аялдардын саны ортосунда ажырым күчөгөнү менен да байланыштырылып жатат.

Кытайдагы демографиялык кырдаалды талдаган баяндамаларда “жалгыз бала” саясатынан улам көп үй-бүлөлөр эркек балага артыкчылык бергендиктен кеминде 25 миллиондон ашуун эркек үчүн түгөй табуу мүмкүн эместиги көргөзүлөт.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:46 0:00
Түз линк

Компартиянын жарыясы жалпысынан кубаттоо менен кабыл алынды. Бирок жаш үй-бүлөлөрдүн баары эле бул кабарга маңдайы жарыла сүйүндү деп айтуу кыйын. Өкмөтүк кызматта иштеген Конг Линде ысымдуу айым мындай дейт:

- Ооба, мен бул жаңылыкты уктум. Мен бир баланы чындап каалагам. Саясаттын жумшарышы биздин ойду өзгөртөт деп ойлобойм. Өзүмдү айтсам, али ипотекалык насыяны төлөп бүтө элекпиз. Эки эмес, бир баланы өстүрүү биз үчүн кыйын. Экинчи баланы каалайбыз, бирок каржылык кыйынчылыктан улам аны төрөө мүмкүн эмес. Кантип чоңойтобуз деген кооптонуу бар.

Расмий Бээжиндин чечимин комментарийлеген талдоочулар “жалгыз бала” саясаты артта калган жылдары коомдо “социалдык стресс” жаратканын эске салуу менен бийликтер көздөгөн демографиялык өсүш айылдын эсебинен гана камсыздаларын айтып жатышат.

Гонконгдогу Шаар университетинин профессору Жозеф Ченг (Joseph Cheng) Рейтердин кабарчысы менен маегинде буларга токтолду:

- Билимдүү, тапкан-ташыганы жетиштүү шаардык үй-бүлөлөр балалуу болууну анча каалабайт. Калктын өсүү тенденциясы айыл жерлеринин эсебинен болот. Жаңы эреже үй-бүлөнү пландоо саясатын жакшыртат, коррупцияны азайтат, адамдын фундаменталдык укуктарын сактоо оңолгонун көргөзөт деп үмүттөнөм.

Кытайдын Саламаттыкты сактоо жана үй-бүлөнү пландоо комиссиясынын болжолунда, 2030-жылга барып, өлкө калкынын саны 1,45 миллиардга жетет, жаңы эки бала саясаты 90 миллиондой үй-бүлөгө тиешелүү. Мунун натыйжасында 2050-жылга барып, 15-59 жаш ортосундагы ишке жарамдуу калктын саны азыркыдан 30 миллионго көбөйүшү керек.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG