Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:57

Кытай: Майрамга толгон март айы


Текестеги «Коломто руху - Нооруз» майрамдык салтанаты, 2012-жылдын марты
Текестеги «Коломто руху - Нооруз» майрамдык салтанаты, 2012-жылдын марты
8-Март эл аралык аялдар майрамы болуп, арадан эки күн өткөн соң үрүмчүлүк кыргыздардын жаз майрамына арналган чогулушу болуп өттү. Дал ушул 10-мартта Түндүк Шинжаңдакы Текес шаарчасында да башына ак калпагын кырдаган кыргыздардын жоон тобу өзгө канатташ улуттардын көңүлүн буруп жатты. Анткени бул жерде да «Коломто руху - Нооруз» деп аталган майрамдык салтанат уюштурулду.

Адатта, Ноорузду белгилеген көптөгөн элдерде бул майрам күн менен түн теңелген 21-мартта белгиленери маалым.

Нооруздагы театрлаштырылган оюн
Нооруздагы театрлаштырылган оюн
Ал эми кытайлык кыргыздарда эмне үчүн эртелеп эле белгиленип жаткандыгынын себебин «Шинжаң кыргыз адабияты» журналынын баш редактору Толкун Турду мындайча түшүндүрдү:

-Негизи ушул ай айагына чейин эле Нооруз айы эсептелет. Бизде мамилекет атайын бир күндү Нооруз майрамы катары белгилеп берген эмес. Андыктан Нооруз майрамын майрамдашкан уйгур, казак улуттары да ушул айдын каалаган бир дем алыш күнүн утурлап, ар башка жерде, ар башка күндө белгилеп, өз шарттарына жараша иш-чараларын жасашат.

Үрүмчүлүк кыргыздардын Нооруз үлпөттөрүн жыл сайын улам бир мекеменин кыргыз бөлүмдөрү баш болуп уюштуруп келет. Өткөн жылы бул майрамды «Тил жана котормо» журналынын кыргыз бөлүмү өткөрсө, быйылкы салтанатты уюштуруу милдетин «Шинжаң кыргыз адабияты» журналынын редаксыя жааматы өз мойнуна алды. Ал эми Кулжа кыргыздарынын майрамдык иш-чараларын Текес оодандык парткомдун туруктуу мүчөсү Токтор Карымшак уулу уюштурду.

Нооруздагы дасторкон четинде апа-эжелер
Нооруздагы дасторкон четинде апа-эжелер
Текесте өткөн салтананаттын жүрүшүнүн маңызы жөнүндө акын, жазуучу Турдумат Айтбай уулу мындай дейт:

-Өзүбүздү да, өзгө улут көрөрмөндөрүн да өзгөчө толкунданткан нерсе улутубуздун бабадан келе жаткан уйуткулуу жөрөлгөсүн театрлаштырган оюнубуз болду. Анын синарийин жазуучу Токтосун Асанбек уулу жазган. Нооруз майрамынын жөрөлгөлөрүн, кыргыз элинин салт-санаасын, жети атадан жети урпакка чейин, төөнүн баласынан чымындын баласына чейин ат койгон кыргыздардын руханий казынасына негизделген театрга котормочунун жардамы менен тыңдап отурган жергиликтүү кытай жетекчилерибиз да жогору баасын берип, таң калганын жашыра алган жок.

Дасторкондун көркү - беш бармак
Дасторкондун көркү - беш бармак
Токтор Карымшак уулу бул жолку салтанатка келген өкүмөттүк өкүлдөрдүн жана кыргыз деп күйгөн атуулдардын куттуктоо катары сунган акчасы кеткен чыгымдан ашып кеткенин, бул ашык акча текестик кыргыздардын «Агартуу күйөрманы» деп аталган кайрымдуулук кыймылы аркылуу үй-бүлөөсүндө кыйынчылыгы бар окуучулардын турмушуна сарпталаарын айтты.

Нооруз майрамына арналган мындай иш-чаралар Кытайдын кыргыз, уйгур, казак жашаган баардык аймактарында алды-арты болуп белгиленип жатат. Ошентип, март айы майрам жыттанды да калды.

Бектур Илияс

Текес-Үрүмчү
2012-жыл, март

P.S. Автордун жазуу стили сакталы

XS
SM
MD
LG