Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:52

Кытай мамилекетинын Шинжаң уйгур аптономийалуу ооданында Казакстан менен чектешкен Муңгул-Гүрө деген оодан бар. XIX-XX кылымдын башында кыргыздар бул жерди Өр-Текес деп атаган. Мына ушул Муңгул-Гүрө ооданында бүгүнкү күндө үч миңден ашуун кыргыз жашайт. Алардын көпчүлүгү Шаты кыргыз улуттук айлынын тургундары.

Шатыда ондон ашык улуттун өкүлдөрүнөн куралган он үч миң эл чоогу отуракташкан. Алардын тили, салты, турмуш-тирчилиги бири-бири менен кадимкидей жуурулушуп кеткен. Айыл башчысы Толкун Кылычбек уулунун айтымында, Шаты Түндүк Шинжаңдагы кыргыздар эң көп жашаган эки айылдын бири болгондуктан, Атайын Кыргыз Улуттук Айыл деген макамы бар.

"Кыргыз, уйгур, казак, ханзу (түпкүлүк кытай), моңгол ж.б. болуп, 13 улут жашайт. Мындайча айтканда, Шинжаң уйгур аптоном районун жердеген бардык улуттардын өкүлүн биздин айылдан табууга болот. Айылда жалпы 13 миң эл жашаса, анын 3100ү кыргыздар",- дейт Толкун мырза.


Айыл башчысынын айтымында, айыл элинин көпчүлүгү малчылык, дыйканчылык менен алектенет. Оозго алгыдай деле улуттук кайчылыктарды кездештирүү мүмкүн эмес. Алардын балдарынын окуп-үйрөнүүсүнө оңтойлуу болсун үчүн жан-саны көбүрөөктөрү үчүн өз тилинде окутуу жолго койулган. Ошондуктан алакандай бир айылда беш тилдүү мектеп бар.

Ал эми айыл тургуну Төрөжан мырзанын сөзүнүн төркүнүнө үңүлөөр болсок, жаштар арасында өз улутунун намысын талашып, кичине жаакташа кеткен учурлар да кезикпей койбойт экен. Жакында эле казак достору менен кадимкидей жүз жыртышып кала жаздап, барып кайра табышкан. Ага Казакстанда өткөн акындар айтышындагы Аалы Туткучов менен Ринаттын айтышы жөнүндөгү эки элдин интернет көрүүчүлөрүнүн карт тарыхтын картын тырмалаганга чейин барган пикирлери себепкер болгон.

"Аалы менен Ринаттын айтышын жана улуттун ар-намысына тийген пикирлерди интернеттен угуп, окуп алып, биз бул жакта казак туугандар менен кыйла кызыраңдаштык. Биз Аалыны мактап, кыргызды даңктап, а тигилер өз акынын, өз улутун дегендей... Жакын эле жүргөн казак досторум менен жүз жыртышып кала жаздап барып токтодук. Бирок бул "Улуттук кайчылык бар" дегенди билдирбейт. Адам бар жерде анчалык айтыш-тартышуу, кайра табышуу деген болуп турат да. Кээде бир үй-бүлөөнүн адамдары деле чекилдеше кетчү кездер болот эмеспи" - дейт айыл тургуну.

"Ырыс алды ынтымак" дегенди туу туткан бул айылдан канат күүлөп, бүт кытайлык кыргыздардын сыймыгына айланган белгилүү сайасий ишмерлер, акын-жазуучулар, агартуучулар чыккан. Алардын айтылуу өкүлдөрү катары коомдук ишмер Амантур Байзак, кытай кыргыздарынын жазма адабиятынын түптөөчүсү, алгачкы журналист Ырысбек Абыкан, Шиңжаң Эл басылмасынын редактору, азыр ардактуу эс алуудагы Токтоныяз Абдылда сыйактуу таланттуу инсандарды айтсак болот. "Айлыбыздын алаканы азыр да кур эмес, эл керегине жарачу таланттуу жаштарыбыз арбын. Алды эл жүгүн аркалап, чоң жумуштарда иштеп, аркасы белдүү делинген мамлекеттик жана чет өлкөлүк окуу жайларында билим алып жатышат", - деп кошумчалады Төрөжан.


View Larger Map


Айта кетсек, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы 7 миң метр келген айтылуу Кан-Теңир (Хан Тенгри) чокусуна Кытай тараптан бир гана өлкөнүн батыш кыйырындагы эң четки айылдардын бири болгон Шатыдан туруп көз чаптырууга болот деп айтышат. Ошондо да Кан-Теңир эртең менен күн жаңы көтөрүлгөндө бир капталы гана көлөкө тартып, карарып көрүнөт да, башка кезде көз жетпей калат.


Бектур Илияс,
Үрүмчү

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG