Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Асман чыры Байденди Бээжинге жеткирди


Вице-президент Жо Байден Бээжиндеги АКШ Консулдугунун алдында виза сурап кайрылган адамдар менен кездешүүдө. 4-декабрь 2013
Вице-президент Жо Байден Бээжиндеги АКШ Консулдугунун алдында виза сурап кайрылган адамдар менен кездешүүдө. 4-декабрь 2013

Чыгыш Кытай деңизиндеги талаштуу аралдарга байланыштуу нааразылык курчуп турган кезде Кошмо Штаттардын вице-президенти Бээжинге визит менен келди.

Нааразылыктын чыгышына Кытайдын аталган аралдардын аба мейкиндигин абадан коргонууну белгилөө зонасы деп бир тараптуу түрдө жарыялоосу себеп болгон. Бээжиндин Чыгыш Кытай деңизиндеги талаштуу аралдардын үстүн абадан коргонууну белгилөө зонасы деп жарыялап алуусу Вашингтонду камтамага салганын вице-президент Жо Байден 3-декабрда билдирди. Ал Токиодо Жапониянын премьер-министри менен жолуккандан кийин “Чыгыш Кытай деңизиндеги статус- квону өзгөртүү аракети Америка Кошмо Штаттарын терең тынчсыздантканын” жана Бээжиндин бир жактуу кадамы опурталдуу окуялардын болуп кетүү мүмкүнчүлүгүн арбытарын эскертти:

- Бул акция региондогу чыңалууну күчөтөт жана кырсыктар менен жаңылыштыктардын болуу коркунучун көбөйтөт. Мен мындай кооптонууну бүрсүгүнү Кытайдын жетекчилери менен жолукканда астейдил айтам.

Жо Байден Токио менен Бээжинди “кризисти жөндөө максатында өз ара ишенимди бекемдөөгө багытталган иш-чараларды жасоого” да үндөдү.

Чыгыш Кытай деңизиндеги талаштуу аралдар: Уоцури (жогорку четте), Минамикожима (төмөндө) жана Китакожима. Жапондор аларды Сенкаку, кытайлар Дяоюйдао деп аташат. Сентябрь 2012
Чыгыш Кытай деңизиндеги талаштуу аралдар: Уоцури (жогорку четте), Минамикожима (төмөндө) жана Китакожима. Жапондор аларды Сенкаку, кытайлар Дяоюйдао деп аташат. Сентябрь 2012
Жапониянын Премьер-министр Синдзо Абэ болсо анын өлкөсү Кытайдын өзүм билемдигине чыдабасын, бирок талашты жөндөөдө союздашы АКШ менен колмо-кол кызматташарын айтты:

- Биз Кытайдын статус - квону бир тараптуу түрдө күчкө салып өзгөртүүсүнө чыдап карап тура албайбыз жана АКШ менен биздин кубаттуу Жапония-АКШ альянсынын негизинде тыгыз иштеше беребиз.

Чатактын жаралышына 23- ноябрда расмий Бээжиндин Чыгыш Кытай деңизиндеги талаштуу аралдардын үстүндөгү аба мейкиндигин "абадан коргонууну белгилөө зонасы" деп жарыялаганы түрткү болгон.

Кытай "Бул мейкиндикке кирчү учактар алдын ала Кытай бийликтерине маршрутун билдирип, куралдуу күчтөрү менен радиобайланышта болушу керек. Антпесе, тиешелүү аскерий чара көрүлөт",- деген да эскертүү жасаган. Бээжиндин бул кадамын Ак үй администрациясы да сындаган. Бирок АКШнын федералдык авиакызматы береги зонаны пайдаланчу учактарына этияттык үчүн маршруттун планын Кытай бийликтерине кабарлап тургула деп кеңеш берген.

Буга чейин береги зона аркылуу Жапония, Түштүк Корея жана АКШнын аскердик учактары эч кандай уруксаты жок эле катташчу. Талашка түшкөн аралдарды жапондор Сенкаку, кытайлыктар Дяоюйдао деп аташат. Ондогон жылдардан бери келаткан чыр былтыр сентябрда жапон өкмөтү аралдардын бир бөлүгүн жапондук ишкерлерден сатып алгандан кийин ырбай баштаган.

Кытайдын чалгынчы кемеси- Haijian No. 66 (C) Жапондордун патрулдук кемелери менен жанаша Чыгыш Кытай деңизиндеги талаштуу аралдардын жанында сүзүп жүрөт. 23-апрель 2013
Кытайдын чалгынчы кемеси- Haijian No. 66 (C) Жапондордун патрулдук кемелери менен жанаша Чыгыш Кытай деңизиндеги талаштуу аралдардын жанында сүзүп жүрөт. 23-апрель 2013
АКШ вице-президенти Жо Байден шаршемби күнү Бээжинде Кытайдын вице-президенти Ли Юанчао менен кездешти. Ал жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгы үстүбүздөгү жүз жылдыктын багытына таасир этерин, өз ара мамиле ишенимге таянарына токтолду:

- Бул ырааттуу мамиле XXI кылымга таасир этет жана бардык кеңири кызматташуудай, вице-президент мырза, ал туруктуу, бийик деңгээлдеги милдеттенмени талап кылат. Ошон үчүн АКШ президенти мени жөнөттү. Мага бул жерде болуу чоң сыймык.

Ли Юанчао өз сөзүндө Кытай жана АКШ бири-биринин негизги кызыкчылыгын урматтоо менен ортодогу келишпестиктерди татыктуу жөндөө үчүн практикалык жактан кызматташып, өз ара мамиле келерки 35 жылда мурдакыдан да чоң өнүгөөрүнө өбөлгө түзөт деди.

Жо Байдендин сапары алдында Кытайдын англис тилдүү өкмөттүк гезити China Daily “Эгер АКШ чындап эле региондогу чыңалууну төмөндөткүсү келсе, адегенде Токионун коркунучтуу эрегишүүсүн үнсүз колдогонун токтотушу керек” деп жазды.

АКШ вице-президенти бейшемби күнү Сеулга аттанганга чейин Кытайдын президенти Си Цзинпин менен да жолугаары маалымдалган.

Жо Байдендин Токиодо башталып, Бээжинде уланып, Сеулда аяктачу бир жумалык визити талаштуу аралдардын макамына байланыштуу Жапония-Кытай жана Түштүк Корея – Кытай арасындагы араздашууну жумшартууну көздөйт.

XS
SM
MD
LG