Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

Ордо бузаaр отуз жаш


Салтанатка коноктор чар тараптан келишти
Салтанатка коноктор чар тараптан келишти

Кытайдын Aртыш шаарында “Шинжаң кыргыз адабияты” журналынын 30 жылдык кутман курагына арналган салтанат болуп өттү. Буга чейин бул журналдын 10 жылдык, 20 жылдык мааракеси Кызыл-Суу кыргыз аптономиялуу обуласында жана Иле Казак Аптономиялуу обуласындагы Шаты Кыргыз улуттук айлында белгиленген. Бул жолкусу иш-чаралардын көлөмдүүлүгүнө жана чакырылган коноктордун көптүгүнө байланыштуу кытайлык Кыргыз Аптономиясынын борборунда өткөрүлдү.


Калемгерлер – сый ээлери
Салтанаттын алгачкы эки күнүндө күндүзү кыргыз, уйгур элдеринин белгилүү адабиятчылары сөз сүйлөшсө, кечкисин комузчу, термечи, төкмө акындардын кароо сынагы өтүп жатты. Үчүнчү күн дегенде Артыш драма театырында 300дөн ашуун кишинин катышуусунда чоң жыйын өттү. Анда 30 калемгер, 12 редакторго «Шинжаң кыргыз адабияты» журналынын «салым кошуучу сыйлыгы», ардак грамотасы, ошондой эле акчалай сыйлыктар тапшырылды.

"Шиңжаң кыргыз адабияты журналынын" сыйлык алган авторлору
"Шиңжаң кыргыз адабияты журналынын" сыйлык алган авторлору
Артыштагы салтанатка арналып, эки томдук китеп жарык көрдү. Ага журналда отуз жылдан бери жарыяланган тандалма чыгармалар кирди. Журналдын баш редактору Толкун Турдунун сөзү боюнча бул китептер ушул жылдын соңуна чейин арап арибинен кирилицага которулуп, бет ачаары Кыргызыстанда өткөрүлөт.


Доор бөлгөн жыйнак
Эки томдуктун биринчи томуна 35 аптордун прозалык чыгармалары киргизилген. Экинчи тому 101 аптордун поэзиялык чыгармаларынан түзүлгөн. Акын Нуртокто Дубанаалы уулу бул боюнча «Бул албетте, кытай кыргыз акын-жазуучуларынын 30 жылдан берки акыл эмгегинин мөмөсү. Андыктан анын кыргыз маданыятындагы доор бөлгөн олуттуу окуя катары тарых беттеринде калаарына ишенем!», деген оюн билдирди.

Өткөн күнгө көз салсак, аталган журнал 1981- жылы Үрүмчү шаарында негизделген, алгач редактор болуп ага чейин казак тилинде чыгарма жазып, казак журналдарында редакторлук кызматын аткарып келген Ырысбек Абыган, Турганбай Кылычбек деген калемгерлер дайындалган. Ошол эле сексенинчи жылдардын ичинде бул эки калемгердын жана ушул журналда жарык көргөн саналуу акын-жазуучулардын чыгармалары Кыргызыстанда «Ала Тоо», «Кыргызстан маданияты» сыяктуу кезит-журналдарда да жарык көргөн.

Журналдын тунгуч редакторлору Ырысбек Абыкан (төмөндө солдо) менен Турганбай Кылычбек (төмөндө оңдо) редакция кеңеши менен, 1995-жылдагы сүрөт.
Журналдын тунгуч редакторлору Ырысбек Абыкан (төмөндө солдо) менен Турганбай Кылычбек (төмөндө оңдо) редакция кеңеши менен, 1995-жылдагы сүрөт.

Алардын ичинде эң көлөмдүүсү Турганбай Кылычбектин «Чолпон» аттуу повесити айтылуу аңгеменин чебери Аман Сасбайев тарабынан даярдалып, сунушталган. Ошол эле мезде «Шиңжал Кыргыз адабияты» басылмасы Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Аалы Токомбай, Төлөгөн Касымбеков, Байдылда Сарногойев, Сүйүнбай Эралиев сыяктуу кыргызстандык залкарлардан тартып, бүгүнкү эң жаш калемгерлерден Алтынбек Ысмайылов өңдөңгөн жаш калемгерлердин чыгармаларын кытайлык кыргыз окурмандарына үзбөй тааныштырып келет.


Жыйынга Шинжаң Уйгур аптоном райондук саясий кеңештин орун басар төрагасы Мамбетасан Токтаалы, Кызыл-Суу кыргыз аптоном обуласынын губернатору Парат Турду, аптоном райондук адабыят-көркөм өнөрчүлөр кеңешинин катчылары Хуаңйүнжүн (улуту кытай), орун басар төрө айымы Эркеш Курманбек кызы (улуту казак) сыяктуу бир топ жетекчилер катышып, сөз сүйлөштү. Салтанат соңунда шайырлардын сынагы жыйынтыкталып, Макен Асаналы, Айсалкын Жунус, Бектур Мамбеткурман сыяктуу өнөрпоздор баш байгени канжыгага илишти.

Өсөөр элдин акими акын издейт
Кийин редакциялык топ Кызыл-Суу Кыргыз аптоном обуласынын Ак-Тоо, Улуу-Чат, Ак-Чий, Үч-Турпан сыяктуу оодандарын айланып, ал жердеки калемгерлер жана окурмандар менен атайын жолугушууларды өткөрүп кайтышты.

- Барган жердин баардыгында оодандын акимдери өздөрү баш болуп
Кадырлуу жазуучулар менен жолугушууга келген окуучулар мугалими менен
Кадырлуу жазуучулар менен жолугушууга келген окуучулар мугалими менен
тосуп алышып, маанилүү жолугушууларды уюштуруп берип, анан өздөрү жакшы тилектерин айтып аттандырып коюп жатышты. "Өсөөр элдин акими акынын издейт» деген заман келгенине ишенип, зор дем менен, эргүү менен кайттык!", деп агынан жарылды толкунданганын баса албаган Толкун Турду мырза.

Кытай кыргыз басма сөзү менен Кыргызыстан басма сөзүнүн ортосундакы алакалар 1990-жылдардан мурда бир кыйла коюулаша түшүп, кийинки кездерде кайра солгун тартып калган. Бул тууралуу Толкун Турду буларга токтолду:

- 1980-жылдардын ичинде Кыргызыстанда жарык көрчү «Кыргызстан маданияты», «Ала-Тоо» сыяктуу гезит-журналдарга почтодон катталып алып тураар элек, кийин андай мүмкүнчүлүк болбой калды. 1990-жылдардын ичинде Кеңеш Жусупов эки жолу келип, маанилүү маектер өткөн. Саламат Садыкова сыяктуу өнөр жылдыздары редаксыябыздын босогосун аттаган кубанычтуу күндөр болгон.

«Шиңжаң кыргыз адабияты» бүгүн 4000ден ашуун нуска менен эки айда
"Шиңжаң кыргыз адабияты" араб арибинде басылгандыктан, Кыргызстанда окурмандары жок
"Шиңжаң кыргыз адабияты" араб арибинде басылгандыктан, Кыргызстанда окурмандары жок
бир жарык көрөт. Ага Жапония, Америка, Германия, Түркия сыяктуу чет өлкөдөн жазылып, окугандар бар (эл аралык катталуу номуру: BM2271). Алардын көпчүлүгү кыргыз тилин үйрөнүп жана изилдеп жаткан башка улуттардын өкүлдөрү. Айтмакчы, бул журналга Кыргызыстандан катталган эчким жок экен.

Балким буга кыргызстандык окурмандардын бул журналдан кабарсыздыгы жана биздин жазууну (араб арибин) окуй албагандыгы себеп болсо керек.


Бектур Илияс

Артыш-Үрүмчү


P.S. Автордун жазуу стили сакталды.

XS
SM
MD
LG