Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Атагы таш жарган жемкор чиновниктер


"Колого кишен салдырган акча".
"Колого кишен салдырган акча".

Чет мамлекеттерде жогорку бийлик адамдары пара алса же кайсы бир жумуштарды чоң акчага бүткөрүп берсе, кандай жазага кабылат? Мисалы, Чехия, Румыния, Кытай жана Израилде?

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев коррупцияга аралашкан деп шектелип, 22-июлда тергөө абагына отургузулду. 55 жаштагы юрист андан эки күн мурда эле өлкө президентинин оң колу болуп жүргөн.

Бул окуя чет мамлекеттерде жогорку бийлик орундарында иштеген адамдар кокустан пара алса, же кайсы бир жумуштарды чоң акчага бүткөрүп берсе, кандай жазага кабылат деген суроо жаратат.

Чехия: депутат-гетман соттолду

23-июлда Чехияда үч жылга созулган сот жараянына акыры чекит коюлду. Ортолук Чехия крайынын мурдагы гетманы Давид Рат коррупциялык схемаларды пайдаланып, өкмөттүк контракттарды бөлүштүргөн, акча кымырган деп, сегиз жарым жылга соттолду. Анын 8 млн. кронго бааланган мүлкү (ушу тапта 1 евро = 27 крон, 1 доллар = 24.7 крон) конфискацияланды.

Давид Рат килейген облусту башкарганга чейин саламаттыкты сактоо министри болгон. Үч жылга созулган сот жараянын башынан чагылдырган Чех радиосунун кабарчысы Даниэла Лазарова: “Ортолук Чехия крайынын гетманы Давид Рат коррупцияга каршы күрөштүн торуна илинген биринчи чоң балык болду”, - дейт.

Чех парламентинин мүчөсү жана облустун гетманы Давид Рат пара алган деп шектелип камакка алынгандан кийин. 15-май 2012
Чех парламентинин мүчөсү жана облустун гетманы Давид Рат пара алган деп шектелип камакка алынгандан кийин. 15-май 2012

Гетман 2012-жылы табакташынын үйүнөн чыгып баратканда кармалган. Анын колундагы шараптын кутусунан 7 млн. крон же 280 миң евро чыккан. Эртеси үйүнүн жер төлөсүнө катылган 30 млн. крон табылган. (1996-жылы президент Ельциндин шайлоо штабынын башчысы А. Чубайс Өкмөт үйүнөн чыгып баратканда, ксерокстын кутусуна салынган 538 миң доллар менен кармалып, кийин койо берилген. Ал эми кармоога жүрөгү дааган коопсуздук кызматынын башчылары иштен айдалган). Депутат Давид Рат кийин парламентте жана сотто түшүндүрмө бергенде, кутуда табылган акчаны пара эмес, Социал-демократтык партиянын (СДП) фондуна топтолгон дасмия деп актанган.

Сот Давид Раттын 10 өнөктөшүн Евробиримдик берген субсидиядан 1.1 млн. еврону төөнөп калган деп айыптады. Мыйзамсыз иштерди ашкерелөөдө полиция жана сот менен кызматташып, коррупциялык схеманы жардамдашканы үчүн компаниянын мүчөсү Ивана Салачеванын жазасы жеңилдетилди. Ал үч жарым жылга шарттуу кесилди жана 1 млн. крон айып төлөйт. Ивана айым сот менен кызматташпаса, 10 жыл өмүрүн түрмөдө отурмак.

Ратка курулуш компанияларынан параны алууга көмөктөшкөн достору: экс-депутат Петр Кот жана облустук оорукананын мурдагы директору Катержина Панцова апрелде 7, 5 жылга эркинен ажыратылган эле.

please wait

No media source currently available

0:00 0:09:40 0:00

Румыния: премьер-министрдин мүлкү камакка алынды

ЕБнын эң жарды мүчөсү Румынияда да коррупционер-чиновниктердин дүйнөсү тарууда. 22-июлда башкаруучу Социал-демократтык партиясынын жаңы төрагасы шайланды. Себеби үстүнөн кылмыш иши козголгон премьер-министр Виктор Понта партияга зыяным аз тийсин деп, анын башчылыгынан кеткен болчу.

Июнь айында премьер-министр Виктор Понтанын кол тийбестик иммунитетин алып салуу маселеси добушка коюлуп, бирок депутаттар партиялашын сактап калышкан. Бул окуялар Румыниянын саясий элитасы ичинен былыганын көрсөтөт, дейт румын журналисти Мирча Цикудан:

Премьер-министр В. Понта парламентте депутаттык иммунитети алынып салынуусуна каршы добуш берүүдө. 12-июнь 2015
Премьер-министр В. Понта парламентте депутаттык иммунитети алынып салынуусуна каршы добуш берүүдө. 12-июнь 2015

- Виктор Понта коррупцияга аралашкан деп шектелип, ага каршы кылмыш иши ачылгандан кийин ал башкаруучу Социал-демократтык партиянын лилдерлигинен баш тартты. Анын ордуна партиянын төрагасы болуп, Региондорду өнүктүрүү министри Ливиу Драгня шайланды. Драгня 2012-жылкы референдумда добуштарды уурдап жазган деп айыпталып, май айында эле бир жылга шарттуу кесилген болчу. Анын соту сентябрда кайра уланууга тийиш. Жогорудагы фактылар Румыниянын саясый элитасы коррупциянын сазына белчесинен батып калганын көрсөтөт.

Премьер-министр Виктор Понтаны илимий чөйрөлөрдө плагиат катары билишет. Бухарест университети жана Румыниянын Жогорку аттестациялык комиссия түзгөн эксперттер тобу Понта юридика илимдеринен докторлугун жактаганда, илимий изилдөөсүнүн теңин башка бирөөлөрдүн эмгектеринен уурдап алганын аныктаган. 2014-жылы декабрда өкмөт жеке адамдар илимий даражаларынан жана дипломдорунан баш тартса болот деген токтом чыгарып, Понтанын “илимий абийирин” сактап калган. "Бирок анын соту али алдыда", дейт Мирча Цикудан.

- Виктор Понтанын соту али баштала элек. Понта 2012-жылы май айында премьер-министр болгонго чейин адвокаттык кылып жүргөндө коррупцияга мүнөздүү иштерди жасаган: мыйзамсыз жолдор менен табылган акчаны адалдаштырган жана салык төлөбөгөн деп күнөөлөнүүдө. Ал учурда Понта Румыния парламентинин депутаты да эле. Прокурордун чечими менен анын айрым мүлкү, баары эмес, камакка алынды. Көп батирлеринин бирине да мөөр басылды. Бул Румыниянын тарыхында премьер-министр коррупцияга аралашкан деп шектелип, мүлкү камакка алынган биринчи окуя.

Раду Маазаре Констанца шаарынын мэри кезде
Раду Маазаре Констанца шаарынын мэри кезде

2012-жылы Румыниянын мурдагы премьер-министри Адриан Нэстазе 2 жылга түрмөгө отургузулган. Бул ишти Жогорку Соттун төрайымы Ливиа Станчиу аягына чыгарган. Өлкөдө чиновниктерге каршы күрөш 2013-жылы Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин башына мурдагы атактуу баскетболчу Лаура Косеви жана келгенден кийин дагы курчуду.

Агенттиктин мурдагы башчысы Даниэл Морарды да чиновниктер жаналгычтай көрүшчү. 2014-жылы Антикоррупциялык агенттик пара алган 1100дөн көп чиновниктин ишин сотко өткөрдү. 10 200 иш боюнча тергөө уланууда. Бул посткоммунисттик Румыниянын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч.

- Румынияда акыркы бир жыл аралыгында коррупцияга байланыштуу 1 миңден көп өкмөттүк кызматкерлерге, алардын ичинде шаарлардын мэрлерине каршы кылмыш иши козголду. Өлкөдөгү эң чоң порттуу шаар Констанцанын мэри Раду Мазаре да колу булганч деп шектелип, былтыр апрелде камакка алынган. Кийин бошотулуп, мартта кайра камалды. Румыния коррупционерлер жагынан региондо алдына эч кимди чыгарбайт деп ойлойм. Соңку жылдары мурдагы премьер-министр Андриан Нэстасе жана башка бир катар министрлер соттолуп, өмүрүн абакта өткөрүшүүдө.

Румындар коррупционерлерди коргоп жол тосушпайт

Өлкөдө коррупцияга малынган деп шектелген өкмөттүк адамдарга жана жалпы паракорлук, казынакорлукка каршы күрөштө президент Клаус Йоханнистун чечкиндүүлүгү да чоң роль ойноодо. Ал 7-июнда парламент Виктор Понтанын кол тийбестик макамын алып салуудан баш тартканда Понтаны өзүн сыйласа, премьер-министрликтен кетип, сот алдында жооп берүүгө чакырган:

- Премьер-министр Виктор Понтада буга байланыштуу үч жолу бар. Менин оюмча, ал үчүн эң мыкты жана эң татыктуу биринчи жол - кызматтан кетүү жана сотко баруу.

Румыния парламентинде эл кызыкчылыгын коргойбуз деп "төшүн муштаган" көпчүлүк саясатчыларга коррупцияга каршы аёосуз күрөшкөн ак жүрөк адамдар жакпайт. Акыркы айларда эле Антикоррупциялык агенттиктин башчысы, 43 жаштагы Лаура Косеви менен Жогорку Соттун төрайымы, 59 жаштагы Ливиа Станчиуну кызматтан кетирүүнү көздөгөн саясый оюндар көбөйдү. Июнда Сенаттын төрагасы Кэлин Попеску-Таричану өлкө президентин “колундагы бардык конституциялык жана мыйзамый жолдорду пайдаланып, эки аялды кызматтан четтетүүнү” суранды. Попеску-Таричану мурдагы премьер-министр, азыр Либерал-реформаторлор партиясынын лидери.

Экс-спикер Акматбек Келдибековдун тарапкерлери жолду тосушууда. 24-ноябрь 2013
Экс-спикер Акматбек Келдибековдун тарапкерлери жолду тосушууда. 24-ноябрь 2013

Кыргызстанда демейде кайсы бир чоң кызмат адамы же депутаттын иши сотко өтсө, анын тарапкерлери менен туугандары митингге чыгып, кан жолдорду бууй баштайт. Румынияда мындай жосун-салт барбы?

- Күн сайын жол тосуу Румынияда мүмкүн эмес, дейт Мирча Цикудан. - Андай бир да окуя, же коррупцияга шектелип камалган кайсы бир саясатчыны жактап, чоң демонстрация болгону менин жадымда жок. Тескерисинче, парламент кээ бир депутаттарды же бийик кызматтагы адамдарды кол тийбестик укугунан ажыратпай койгондо, көлкүлдөгөн эл катышкан эки-үч демонстрация болгон.

Израил: экс-президент да, экс-премьер да түрмөдө

Ал эми Израил үчүн саясый төбөлдөрдү казынага кол салды, пара алды же аялдарга сексуалдык ыдык көрсөттү деп соттоо кадимки жашоо жолою.

Израилдин 2000-2007-жылдардагы президенти Моше Кацав абакта отурат. Ал бир камераны мурдагы эмгек жана социалдык камсыздоо министри менен бөлүштү. Жетимиштин кырындагы экс-президент дагы үч жыл отурууга тийиш. Ал президент кезде кол алдындагы кызматкерин зордуктаган жана башка эки аялга сексуалдык ыдык көрсөткөн деп айыпталган.

Моше Кацав түрмөдө пенсиядагы президент алчу бардык жеңилдиктерди пайдаланат. Айына 15 миң доллар пенсиясын да алат. Быйыл биринчи жолу Эркиндик майрамына байланыштуу үч күнгө үйүнө чыгарылды.

Израилдин мурдагы президенти Моше Кацав (ортодо) Жогорку Соттун өкүмүн уккандан кийин. Иерусалим, 10-ноябрь, 2011
Израилдин мурдагы президенти Моше Кацав (ортодо) Жогорку Соттун өкүмүн уккандан кийин. Иерусалим, 10-ноябрь, 2011

Моше Кацавга каршы кылмыш иши ал президент кезде эле ачылган. Быйыл май айында кылмышкер деп соттолгон саясатчылардын катарына Израилдин мурдагы премьер-министр Эхуд Ольмерт да кошулду.

Иерусалимдик журналист Александр Баршай Израилде кылмыш жасаган коррупционер чиновниктердин кызмат абалы канчалык бийик болсо, жазасы ошончолук катаал болорун айтат:

- Израилде акыркы жылдары коррупцияга каршы аябай катуу күрөш жүрүүдө. Мурдагы эмгек жана социалдык камсыздоо министри Шломо Бенизри жана мурдагы финансы министри Авраам Гиршзон абакта отуруп чыгышты. Парламент мүчөсү, диний ШАС партиясынын парламенттеги фракциянын төрагасы Арье Дэри да 4 жыл өмүрүн абакта өткөрдү. Израил коомчулугу жана тартип сактоо мекемелери коррупцияга өтө жооптуу мамиле кылышат жана эч кимди башынан сылабайт. Тескерисинче, чиновниктин даражасы канчалык жогору болсо, талап ошончо бийик.

Авраам Гиршзондун иши боюнча сот жети жылга созулган. Ал финансы министри болуп иштеп жүргөндө жалгама документтерди пайдаланып, 700 миң доллар уурдаган жана мыйзамсыз акчаны адалдаштырган деп соттолгон. Гиршзон бюджеттен өөнөп алган 700 миң долларды тергөө башталар замат казынага кайтарып бергенине карбай, сот аны 4 жылга эркинен ажыраткандан башка да 150 000 доллар айып төлөткөн.

please wait

No media source currently available

0:00 0:08:09 0:00

Казынакор саясатчылардын коргонуу методу

Ал эми ШАС диний партиянын өкүлү Шломо Бенизри ага каршы кылмыш иши ачылгандан тартып, мени душмандарым жана ШАСтын атаандаштары саясый максат менен куугунтукташууда деп, маалымат булактарына дембе-дем жарыя кылды жана өзүн саясаттын курмандыгы ирети көрсөткөнгө далбас урду. Бирок тергөө эмгек жана социалдык камсыздоо министри өзүнүн курулуш компаниясы бар досуна түрдүү добоорлорду тапшырып, ай сайын кол акы алып турганы аныкталган. Досу Бенизриге кызмат акысы үчүн бир жолу 200 миң доллар берсе, кийин кымбат райондон батир белек кылган.

Экс-премьер-министр Эхуд Ольмерт соттун өкүмүн угууда. 25-май 2015
Экс-премьер-министр Эхуд Ольмерт соттун өкүмүн угууда. 25-май 2015

Деги эле паракорлор менен казынакорлордун өздөрүн саясый заказдын курмандыгы катары көрсөтүү аракети мүнөздүү көрүнүш. 2003-жылы ШАС партиясынын көрүнүктүү мүчөсү, ички иштер министри Арье Дериге кылмыш иши ачылганда, анын партиялаштары сот Деринин “диний жашоосун жактырбаган” каршылаштарынын буйрутмасын аткарып жатат деп чилдирман чалышкан.

Баршайдын айтымында, Израилде мансап адамдары сот алдында алсыз болушканы менен, коррупция боюнча иштерди аягына чейин чыгаруу абдан узак, талыбаган эмгекти талап кылат:

- Ырас, ишти сотко ашырып, өкүм чыгартуу абдан эле кыйын. Израилдин 16-өкмөт башчысы, көрүнүктүү саясатчы Эхуд Ольмерттин сот иши бир нече жылдан бери созулууда. Ал былтыр сентябрда түрмөгө отуруш керек болчу. Же өкүмдү аткаруу мөөнөтүн артка жылдырат, же жаңы жагдайга байланыштуу жаңы кылмыш ишин ачышат. Ольмертке каршы алгачкы кылмыш иши ал премьер-министр болуп турганда козголгон. Сот майда Эхуд Ольмертти чет элдик ишкерден конвертте акча алган деп таап, сегиз айга кесип, 150 000 доллар айып салган. Ушинтип, Израил коомчулугу коррупцияга өтө олуттуу мамиле кылат. Биздин мурдагы президентибиз да абакта отурат.

Кызыгы, Израилде коррупционер саясатчылар жаза мөөнөтүн отуруп чыккандан кийин кайрадан саясый турмушка жигердүү аралаша беришет. Мурдагы ички иштер министри Арье Дери үч жыл түрмөдө отуруп, зарыл жети жыл саясый иштерден четте жүргөн соң Кнессетке депутат болуп шайланган. Азыр өлкөнүн экономика министри жана ШАС партиясынын ана башы.

Кытай: "Ажыдаарлардын да башы кетүүдө"

Акыркы жылдары коммунисттик Кытайдын жетекчилиги да алкымы бузук чиновниктерге каршы чабуулду чоң жигер менен жүргүзүүдө. 20-июнда Кытайдын мурдагы президенти Ху Цзинтаонун жардамчысы Лин Цзихуа камакка алынып, партиядан чыгарылганы маалымдалды.

Лин эки жыл илгери президент Си Цзинпин демилгеси менен башталган коррупцияга каршы чабуулда мансабынан ажыраган бийик мартабалуу экс-чиновниктердин бири. Линдин астынан бийлик качышына 2012-жылы уулунун кымбат баалуу машинде баратып, жол кырсыгына учуроосу түрткү берген. Анткени Лин кызмат абалынан пайдаланып, уулунун өлүмү жана эки аялдын майып болушуна алып барган аварияны жаап-жашырганга аракет кылган.

Кытай компартиясынын өмүр бою эркинен ажыратылган көрүнүктүү ишмери Бо Силай (ортодо) сот залында. 25-октябрь 2013
Кытай компартиясынын өмүр бою эркинен ажыратылган көрүнүктүү ишмери Бо Силай (ортодо) сот залында. 25-октябрь 2013

Былтыр июнда Кытайдын мурдагы ички иштер министри Чжоу Юнкан өмүр бою түрмөгө кесилген. Партиянын бир кездеги көрүнүктүү ишмери кызмат абалын натуура пайдаланган, коррупциялык иштерге аралашкан деп айыпталды. Анын туугандарынын атына жазылган 15, 5 миллиард долларлык мүлкү конфискация кылынды.

2015-жылдын алгачкы жарымында коррупцияга аралашканы далилденип, 19 миң чиновник соттолду. Бул, расмий маалымдалгандай, 2014-жылга караганда үч жарым эсе аз.

Бул окуялар, көпчүлүк серепчилердин айтымында, Си Цзинпиндин коррупцияга каршы аёосуз күрөшүү ыкласын коомчулукка жараян кылат. Анын жүрүшүндө, Кытайдын башкы прокурорунун сөзү менен айтканда, "ажыдаарлардын да, кандектердин да" башы кетүүдө.

XS
SM
MD
LG