Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Чет элдик азилдер: Сот адилеттиги? Күлкүмдү гана келтиресиң да!


Айрым аткаминерлердин укукка карата мамилеси.
Кимбайке. 07.3.2011.
Айрым аткаминерлердин укукка карата мамилеси. Кимбайке. 07.3.2011.

“Күлкү кербенинин” кезектеги чыгарылышы сот бийлиги тууралуу дүйнө жүзүндөгү ар кыл анекдотторго арналат.

* * * * * * *

Оппозициячыл саясатчы Виктор Ющенконун “бандиттер түрмөгө отургузулушу керек!” деген сөзүн Украинанын башкы прокурору Кылмыш кодексинин 109-беренесине (“Мамлекеттик бийликти тартып алууга багытталган иш-аракет жүргүзүүгө” каршы беренеге) таяп баалап, ага карата кылмыш ишин козгоону чечти.

* * * * * * * * *

- Эмне үчүн адил соттун пири - ургаачынын мыктысы Фемиданын көздөрү байланып, колуна тараза карматып коюшат?

- Тараза жагын билбейм, бирок адилет сот өз көзүн байлап алса, берки бош колу менен пара алып жатканында уят-сыйыты сактала берет эмеспи.

* * * * * * * * *

- Айыпталуучу, өзүңүздү коргоо үчүн дагы эмнени айта аласыз?

- Негизи, менин топуктуулугумду эске алсаңыздар: мага миллиондогон долларлык каражатты ишенип тапшырышкан, мен алардын 300 миң долларын гана өөнөп алган болчумун.

* * * * * * * * *

- Орусияда үч башка сот бар. Бири – адилет сот, бири – адилетсиз сот...

- А үчүнчүсүчү?

- Үчүнчүсү – Басманныйдагы сот.

* * * * * * * * *

Сот күбөгө кайрылды:

- Урматтуу күбө! Сиз өлкөнүн Мамлекеттик статистика комитетинде жооптуу кызматта иштейсиз, аны билебиз. Бирок бир саамга кызматыңыздын багытын унутуңуз да, сотко чыныгы маалыматты гана айтыңыз!

* * * * * * * * *

"Акырындап жазалоо". Мана Нейестани тарткан карикатурада Мехди Карруби, Захра Рахнавард (ортодо) жана Мир Хусейн Мусави Иранда үй камакка алынган учур айыпталат. Август, 2017-ж.
"Акырындап жазалоо". Мана Нейестани тарткан карикатурада Мехди Карруби, Захра Рахнавард (ортодо) жана Мир Хусейн Мусави Иранда үй камакка алынган учур айыпталат. Август, 2017-ж.

Сот дагы бир күбөгө:

- Урматтуу күбө! Сиз азыр чындыкты гана айтыңыз, чындыкты гана, андан башка эч нерсени айтпаңыз.

- Түшүндүм, урматтуу сот!

- Эми каралып жаткан иш боюнча эмнелерди айта аласыз?

- Сиз жөндөмүмдү ушунчалык чектеп салдыңыз, эми башка эмнени айтмак элем?

* * * * * * * * *

- Урматтуу прокурор! Эмне үчүн сиз айыпталуучу өзүңүздү “келесоо” деп айтты деп чечтиңиз?

- Урматтуу сот! Ошондой эле болуп атпайбы, бирок айыпталуучу бул маанини кылтыйтып кыйыр билдирип жатпайбы?

- Кандайча “кыйыр”?

- Ал өзү кабагым-кашым дебестен ачык эле: “интеллект деңгээлиңиз боюнча сиз менден ашып кетпепсиз!” деп каратып туруп айтты го!

* * * * * * * * *

Саясий сот жүрүмү. Партиялык курултайда Брежнев окуган баяндамадан да узак убакыт алган сот өкүмүн кээде катуу, кээде күңгүрөп, кээде мыңкылдап окуган сот акыры чекесиндеги терди аарчыды да, отурумга катышкандарга кайрылды:

- Бул сот отурумуна катышып жаткандардын бардыгына өкүмдүн тексти түшүнүктүү болдубу?

Прокурор:

- Урматтуу сот! Мен кээ бир сөз айкаштарын жакшы уга албай калдым.

- Болуптур, анда өкүмдү кайра толук окуп берейин...

Айыпталуучу:

- Ой, тажап да кеттик, жөн эле бүткөргүлөчү эми!..

* * * * * * * * *

Сотто күбө чыгып сүйлөөдө:

- Урматтуу сот, сиз Билл мырзанын кыштагыбыздагы эң кадырман жана ачык-айрым киши экенин эске алып койсоңуз! Кыштагыбызда эмнелер жоголсо, ошонун баарын оңой-олтоң эле Биллдин үйүнөн таап, тим эле жыргап калып жатабыз!

* * * * * * * * *

Прокурор:

- Айыпталуучу, сиз пара алганыңызды моюнуңузга аласызбы?

- Ооба.

- Анан ал парага келген акчаны кантип короттуңуз?

- Мен чып-чыргасын коротпостон бул акчаны урматтуу сотко жеткирип бергем.

Сот:

- Бул сот отурумуна үч саатка тыныгуу жарыяланат!

* * * * * * * * *

(Ар кыл интернет булактарынан алынып, которулду).

TT.

XS
SM
MD
LG