Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

Крым татарлары: кайталанган кысым


11-майда 2 миңге жакын крым татарлары Чатыр-Даг тоосуна көтөрүлүп, депортацияга туш болгон ата-бабаларын эскеришти.

11-майда 2 миңге жакын крым татарлары Чатыр-Даг тоосуна көтөрүлүп, депортацияга туш болгон ата-бабаларын эскеришти.

Крым татарларынын лидерлери сталиндик депортациянын 70 жылдыгын эскерген жүрүштү өткөрбөөнү чечишти.

Буга чейин Крымдын орусиячыл лидери Сергей Аксенов 6-июнга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган токтом чыгарган. 1944-жылы 200 миңден ашык крым татары жарым аралдан сүргүнгө айдалган.

БУУ 16-майда жарым аралдын аннексиясынан бери крым татарлары куугунтуктоолорго жана кысмактоого туш болуп жатканын айтып, камтамасын билдирген.

Жыл сайын 18-майда Крым татарлары депортациянын 70 жылдыгын белгилешет. "Аталарыбыз, агаларыбыз мекенди коргоп, согушуп жаткан кезде бизди сүргүнгө айдашкан", - деп эскеришет ошол кайгылуу окуялардын күбөлөрү.

Быйылкы маараке кыйын учурга туш келүүдө. Крым татарлары жарым аралдын Орусияга кошулуусун колдобой, референдумду бойкоттошкон. Ушул күндөрү активисттердин куугунтукталып, терроризмге шектелип, суракка тартылганы жөнүндө маалыматтар түшүүдө. Крымдын Орусия дайындаган бийлиги эскерүү иш-чараларын чектөөгө аракеттенүүдө.

1944-жылдын май айында 200 миңдей крым татары СССРдин Коргоо боюнча мамлекеттик комитетинин чечими менен жарым аралдан күч менен көчүрүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда нацисттер менен кызматташкан деген кине тагылган элдин басымдуу көбү Борбор Азия жумурияттарына жөнөтүлгөн.

НКВДнын аскерлери крым татарларынын үйлөрүн кыдырып, кары-жашына карабай жүк ташыган машинелерге салып темир жол станцияларына жеткирип турушкан. Конвойдун коштоосундагы эшелондор 3 жумадай жол жүргөн. Элге жык толгон вагондордогу азаптуу күндөрдү эскерген күбөлөр тамак чанда берилгенин, таза суунун тартыштыгынан ич өткөк, безгек, башка жугуштуу оорулар чыкканын айтып беришкен. Көз жумгандарды жерге көмүүгө уруксат бербей, станцияларда же темир жолдун боюнда эле калтырып кетишчү.

Сүргүнгө айдалган крым татарларынын кээ бирлери Кыргызстанда да отурукташып калган. Алар үй ээлери колуна курал алып, мекенди коргоп жүргөн кандуу жылдары крым татарларынын карыган ата-энелерин, аялдары менен бала-чакаларын алыскы Урал, Казакстандын талаалары менен Өзбекстандын чөлүнө ач-жылаңач айдашканы жөнүндөгү эскерүүлөрдү азыркыга чейин сактап келишет.


1989-жылы СССРдин Жогорку Кеңеши крым татарларынын депортациясын кылмыш деп атап, аны айыптаган документ кабыл алган.

Буга карабай орусиялык айрым тарыхчылар азыркыга чейин крым татарларынын киндик каны тамган жерден айдалышын актаган, атүгүл аны колдогон ойлорун жазып келишет.

Журналист Айдер Муждабаев тарыхты бурмалаган, крым татарларын саткын, чыккынчы деп сүрөттөгөн сөздөр тилекке каршы көнүмүш адатка айланганын айтат:
Айдер Муждебаев.

Айдер Муждебаев.

- 70 жыл өтсө да, кээ бир адамдардын чындыгында эмне болгонун азыркыга чейин түшүнбөй жатышы абдан өкүнүчтүү. Көп эле кишилер крым татарларына тилектештигин билдиришпейт же жан тартышпайт, атүгүл аларды туура репрессиялашкан деп ойлошот. Мунун бардыгы пропаганда канчалык күчтүү экенин, бийликтин буга чейинки окуялар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алгысы келбегенин, ошол окуялардын себептерин териштирүүнү каалабасын көргөзөт. Жакында президент Владимир Путин крым татарларынын реабилитациясы тууралуу документке кол койгону менен, менимче, коомдук аң-сезимде көп нерсе өзгөргөн жок. Элибиздин 40 процентке жакыны кырылган ошол геноцидди адилет иш болгон деп эсептегендер дале көп. Кылымдар бою өздөрүнүн тарыхый жеринде кошуналары менен тынч, дос мамиледе жашап, эч кимге жамандык жасабаган крым татарларына карата чоң адилетсиздик болгонун түшүнүү үчүн дагы канча убакыт керек билбейм. Элдин Советтер Союзунан бери пропагандага сугарылып, баштары адашып калса керек. Азыр болсо ксенофобиялык үгүт уланып жатат.

Сталиндик репрессияга кабылган башка калктар өз мекенине 1950-жылдардын этегинде кайта баштаса, алардан айырмаланып, крым татарларына андай укук иш жүзүндө 1980-жылдардын аягында гана берилген.

Маалыматтарга караганда, сүргүндөн 330 миңдей киши кайтып келген. Азыр крым татарлары жарым аралдын калкынын 14 процентке жакынын түзүшөт. Бирок кай бирлери Кыргызстан, Казакстан же Өзбекстанда калып калышкан. Борбор Азиядан тышкары крым татарларынын чакан топтору Кострома, Урал, Мары, Красноярск аймактарына көчүрүлгөн.
1944-жылы 10 жаштагы Ридван Бекиров үй бүлөсү менен өз мекенинен миңдеген чакырым алыс жерге айдалган. Жетимиш жылдан кийин Ридван аксакал крым татарлары баштан кечирген апаатты эскерип отурду. (Видео орус тилинде)


Айрым булактарда крым татарлары кайтып келгенден кийин компенсация, жерлерди талап кылып, коңшулар менен бир топ чырлашканы айтылат.

- Крым татарларын бычактарын көтөрүп алып, бардыгын кырышат, балдарды уурдашат, уруп-сабашат деп мокочо кылып сүрөттөп, жергиликтүү элдерди коркутушчу. Анан алар келгенден кийин анын бардыгы калп экенин түшүнүштү. Татарлар бирөөнүн да канын төгүшкөн жок, бир кездери аларга таандык бир да имаратты, үйдү, бир укум жерди да тартып алышкан жок. Ошол коркутуп-үркүтүүлөр жаманатты кылган куру сөздөр болуп чыкты. Крымда ксенофобия дээрлик жок болчу, бир нече убакыттан кийин крым татарларына терс көз караштар түп-тамыры менен жоюлмак. Азыр эми Крым орустардыкы деген ураандар айтыла баштады. Крым татарлары экинчи сорттогу кишилерге айлангандай. Аларды болбогон эле бир нерселер үчүн жумуштан алган, эң активдүүлөрдү суракка тартышкан учурлар жөнүндө угуп атам,- деди Муждабаев.

Депортациянын мааракеси быйыл оңой эмес кырдаалга туш келүүдө. 16-мартта Крымдын орусиячыл күчтөрү референдум өткөрүп, Орусия Украинанын курамындагы жарым аралды аннексиялап алган. Бирок крым татарларынын көбү ал добуш берүүнү бойкоттошкон.

11-майда 2 миңге жакын киши Чатыр-Даг тоосуна көтөрүлүп, депортацияга туш болгон ата-бабаларын эскеришти. Көптөрү “Украинага даңк!” деген ураандарды, Украинанын желегин көтөрүп жүрүштү.

Крым татарларынын өзүн-өзү башкаруу органы - Межлистин тышкы байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Али Хамзиндин айтымында, акыркы мүнөттөргө чейин жергиликтүү бийлик 18-майда Симферополдо траурдук жүрүшкө уруксат бербей келди, иш-чаранын программасына өздөрү каалагандай өзгөртүү киргизүүгө аракеттенди.

Али Хамзин.

Али Хамзин.

- Биз бул күнү гана көзү өткөндөрдү эскерүү менен бирге элибиздин оңой эмес турмушу жөнүндө сөз кыла алабыз. Крымдын аннексиясынан кийин абал кооптуу боло баштады. Бул жактагы крым татарларынын мындан аркы коопсуз өнүгүүсү камтама жаратпай койбойт. Мындан 10-15 чакты күн мурун Эски Крым деген шаар жана анын айланасындагы айыл-кыштактарда тартип коргоочулар 100 чакты мусулманды, көбүнесе жаштарды, хижаб кийип жүргөн кыз-келиндерди суракка алышты. Аларды мечиттерге барган жеринен аныкташкан окшойт. Ар кандай, кийин уксак айран калтырган бир суроолорду берип, сүрөткө тартып, манжаларынын тактарын алышыптыр. Эми мечитке баруунун өзү кооптуу бир ишке айлангандай. Мунун баары элибиз үчүн кооптуу жагдай түзүлгөнүн далилдейт деп ойлойм. Андан көп узабай крым татарлары байырлаган Сары-Суу деген жерге автомат көтөрүп, ит жетелеп алган 60ка чукул аскер 3 чоң машине менен барып, рейд өткөрүштү. Алар чала курулган имараттарды текшерип, муну теракттардын алдын алуу чарасы деп түшүндүрүштү. Мына кечээ эле биздин лидерибиз Мустафа Жемилевдин Бахчисарайдагы үйүн тинтишти, мен өзүм Киевге жөнөп кеткенде да үйүмдү тинтип чыгышыптыр. Мунун баары мыйзамга ылайык, кайсы бир документтердин негизинде жүргүзүлүп жатат имиш. Бирок бийлик террордук чабуулдардан шектенип жатат. Алар крым татарларын да бүт дүйнөгө кандайдыр бир террордук уюм катары көргөзгүлөрү келет. 18-майды утурлай кысымга алууну көздөшүүдө.

Айдын башында, 3-майда, крым татарларынын лидери, Украина парламентинин депутаты Мустафа Жемилевди Крымга киргизбей коюшту. Ага 2019-жылга чейин жарым аралга кирүүгө тыюу салынды.

Межлис Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышын тааныбай келет. Анын алдында Крым татарлары автономия алуу мүдөөсүн билдиришип, алардын маселеси Бириккен улуттар уюмундагы кеңешмеде талкууланган эле.

Украинанын аймактык бүтүндүгүн жактаган Мустафа Жемилев аннексия боюнча референдумдан кийин БУУнун Коопсуздук кеңешинин бейформал отурумунда сөз алган учурунда Крымга бейпилдик күчтөрдү жөнөтүүнү суранган.

- Депортациянын 70 жылдыгы белгиленип жаткан кезде өмүр бою элибиздин тарыхый мекенине кайтышы үчүн күрөшүп келген даңазалуу Мустафа Жемилевдин Крымга кое берилбей коюшун мен сталиндик акт деп гана сыпаттай алам. Бул крым татарларынын алдында күнөөнү сезишпейт, аларды мындан ары да кемсинтүүнү каалашат, куугунтуктап, өз жеринен сүрүп чыгарууну көздөшөт дегенди туюндурат. Мунун баары өкүнүчтүү. Крым татарларына кысым көргөзүү саясатын жүргүзгөн Орусия чоң ката кетирип жатат деп ойлойм. Биздин мындан башка мекенибиз жок, Крымда жашагандан башка аргабыз жок. Мындай адилетсиздик абдан капа кылат, - дейт Муждабаев.

Межлис Орусиянын курамына кирүү боюнча добуш берүүгө крым татарларынын 1 проценти гана катышты деп ырастоодо. Расмий маалыматтарда болсо бул сан мындан алда канча өйдө көрсөтүлгөн.

Соңку куугунтуктоолорго крым татарларынын Украинадан бөлүнүүнү жактабашы түрткү бергенби деген суроого Али Хамзин:

Крым татарлары Орусиянын Крымга мыйзамсыз басып киргенине каршы нааразылык акциясын өткөрүүдө. 10-март. 2014-жыл.

Крым татарлары Орусиянын Крымга мыйзамсыз басып киргенине каршы нааразылык акциясын өткөрүүдө. 10-март. 2014-жыл.

- Болушу мүмкүн, бирок бул бир гана эпизод. Биз Крымдын жергиликтүү бийлиги жүргүзгөн референдумду ачыктан ачык бойкоттогонбуз. Себеби ал Украинанын мыйзамдарына каршы келген. Андан тышкары жарым аралда Орусия аскерлеринин турушуна каршы чыкканбыз. Менимче, соңку окуялардын артында биздин элибизге каршы багытталган бир чоң долбоор турат. Бизге Орусия бийлиги менен тикелей диалогго мүмкүнчүлүк берилет деп убада кылышкан. Президент Владимир Путинге Межлистин төрагасы Рефат Чубаров жетектеген делегация менен жолугушуу тууралуу ачык кат менен кайрылганбыз. Бирок бизди уккан киши жок, анын ордуна мына ушул окуяларга күбө болуудабыз.

Жума күнү Украинанын утурумдук президенти Александр Турчинов 18-май крым татарларынын укуктары үчүн күрөшүү күнү катары белгиленсин деген токтомго кол койду.

Ошол эле күнү АКШнын Мамлекеттик департаменти крым татарларынын депортациясынын 70 жылдыгына карата билдирүү жасады.

Анда өткөн чактын кылмыштары эстен чыга элек, андыктан Орусиянын оккупациясы жана Крымды мыйзамсыз аннексиялоо аракети эски жараларды козгоду, – делинет. АКШнын тышкы мекемесинин баамында, Крымда болуп жаткан укук бузуулардын тизмеси күндөн күнгө өсүүдө. Крым татарларынын жана башка элдердин өкүлдөрүн уурдоо, өлтүрүү, уруп-сабоо көнүмүш практикага айланды. Крым татарларына кол салуулар болууда. Аларга өз тилинде сүйлөөгө уруксат берилбей жатат. Ал эми жамааттын лидери Мустафа Жемилевге 5 жылга мекенине кайтууга тыюу салынды.

Крым татарларынын жамаатына жаңы кооптонуу туулуп жаткан кезде Вашингтон аларга өз тилектештигин билдирет, - деп белгиленет Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG