Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:25

Крым татарлары автономия алгысы келет


Крым татарларынын курултайы. Бакчисарай, 29-март, 2014-жыл.
Крым татарларынын курултайы. Бакчисарай, 29-март, 2014-жыл.

Крымда азчылыкты түзгөн татарлар аймактын жаңы өкмөтү менен кызматташууну макулдашты.

Бирок татар Межлиси кечээ кабыл алган чечимде алар Крымдын Орусия тарабынан аннексиялануусун али тааныбай турганы айтылат. Мунун алдында Крым татарлары автономия алуу мүдөөсүн билдиришип, алардын маселеси Бириккен улуттар уюмундагы кеңешмеде талкууланган эле.

Крым татарларынын Межлисинин шейшембидеги чечимине ылайык, аннексияланган аймактын орусиячыл өкмөтүнө алардын эки өкүлү жөнөтүлө турган болду. Алардын бири өкмөттүн вице-премьери деңгээлинде болот.

Бирок татар Межлисинин чечиминде көргөзүлгөндөй, өкмөткө өкүлдөрдүн жөнөтүлүшү татарлар Крымда орун алган саясий, укуктук жана экономикалык өзгөрүүлөрдү тааныды дегенди туюндурбайт.

Өкмөт жибергендер татарлардын жашоо - турмушуна тиешелүү күнүмдүк маселелерди чечүү менен гана алектенет. Ал эми саясий чечимдерди кабыл алуу татарлардын Межлиси же курултайынын ыйгарым укугундагы иш.

Мустафа Жемилев.
Мустафа Жемилев.
​Анын үстүнө өкмөткө жөнөтүлгөндөрдүн эки апталык жумушунун жыйынтыгында татарлардын жаңы бийликке катышуусунун максатка ылайыктуулугу же жоктугу кайрадан талкууга коюлмакчы.

Мунун алдында Крым татарларынын маселеси БУУнун Коопсуздук кеңешинин бейформал жыйынында көтөрүлдү.

Улуттар уюмундагы кеңешмеден кийин Крым татарларынын ардагер лидери, Межлистин мурдагы төрагасы Мустафа Жемилев “Америка добушу” радиосу менен маегинде:

- Азыркы оккупация узак жылдарга созулары айныксыз. Эл болсо жашап, өзүнүн көйгөйлөрүн кандайдыр бир деңгээлде чечиши керек да. Мындай шартта бизден бийлик структураларда кимдир бирөөнүн болушу максатка ылайыктуудур. Бирок маселенин башка да өңүтү бар. Бул мыйзамсыз, атүгүл бандиттик бийликтер менен кызматташкандык. Анан бул маселеде эки башка пикир чыкты, - деп айтты.

Мустафа Жемилев Коопсуздук кеңешинин бейформал отурумунда сөз алган учурунда Крымга БУУнун бейпилдик күчтөрүн жөнөтүүнү суранганын кошумчалады:

- Орусияда 19-кылымдын категориясы менен ой жүгүртүшкөнү, биз качандыр бир кезде бул аймакты каратып алганбыз, андыктан ал орустун жери болушу керек дешкени бизди кыжырлантат. Ушундай мамиле улана берсе, арты жаман кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Орусияда элдин өз тагдырын өзү аныктоо укугун урматтоо деген жок. Крым эли өз тагдырын өзү аныктоого укуктуу деп ойлоп табышканы абсурд. Крым эли деген жок нерсе.

Рефат Чубаров.
Рефат Чубаров.
Крымдын Орусияга кошулуусу боюнча 16 - марттагы референдумду басымдуу бөлүгү бойкоттошкон татарлар аларда да өз тагдырын өзү аныктоо укугу бардыгын апта соңундагы курултайында айтып чыгышты.

Татар Межлисинин төрагасы Рефат Чубаров курултайда:

- Биз Крым татарларынын өз тагдырын улуттук-аймактык автономия формасында өздөрү аныктоо укугу тууралуу айтып жатабыз. Андыктан, эч бирин калтырбай бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө кайрылабыз. Өзгөчө аймактарында федерациянын субъекттери бар жана ал субъекттерди түзүүнүн негизине ошол аймакта жашаган титулдук элдердин укугу коюлган өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө кайрылабыз.

Орусиялык “Независимая газета” татарлардын автономия мүдөөсү менен чыгышын Москвага Крымда кошумча түйшүк алып келүүчү көрүнүш катары баалады. Крымда учурда 300 миңдей татар жашайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG