Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:57

Крым аннексиясы: Аргументтер күрөшү


Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу (арткы катарда солдон үчүнчү) Севастополдогу аскер-деңиз флотуна Орусиянын желегин илүү салтанатына катышууда. 24-март, 2014-жыл

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу (арткы катарда солдон үчүнчү) Севастополдогу аскер-деңиз флотуна Орусиянын желегин илүү салтанатына катышууда. 24-март, 2014-жыл

Крымдын Москва атагандай, “тарыхый тамырына кайра кайтышы”, Батыш менен Украина мүнөздөгөндөй аннексиясы - эл аралык укук системасына олуттуу сокку урду. Өз ара кайым айтышкан, бири-бирине санкция киргизген тараптардын аргументтер күрөшүндө ким күчтүү?

Талаштын бир жагындагылардын кубанычын койнуна батырбаган, экинчи жактын ачуусу менен айыптоосун жараткан Крым окуясы эгер шарт-жагдай туура келсе, эки тараптуу да, көп тараптуу да келишимдер иштебей эле кагаз жүзүндө каларын көрсөттү.

Крымды кошуп алуусун улуттук майрамга айланткан Орусия муну ал жердеги элдин эркинин негизинде гана кабыл алынган чечим катары сыпаттаса, эл аралык коомчулукта Москванын кадамы ачык эле аннексия катары бааланды.

Эл аралык мыйзамда аннексия түшүнүгү кандайча чечмеленет? Британиядагы Оксфорд университетинин изилдөөчүсү Адам Робертс “Азаттыкка” мындай чечмеледи:

- "Аннексия" деп эл аралык укук боюнча адистер жалпы алганда кайсы бир аймакты оккупациялаган өлкө аны өзүнүн аймагына күч менен кошуп алуусун түшүнөт. Аннексияга каршы эл аралык күчтүү норма 1945-жылдан кийинки эл аралык мамилелердин өзөгү болгон деп айта алабыз.

Эл аралык укук боюнча адис Адам Робертс “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган 1945-жылдан берки аннексия же аннексиялап алуу аракеттеринен төмөнкү мисалдарды келтирди:

Адам Робертс

Адам Робертс

- 1990-жылы Ирактын Кувейтти аннексиялап алуу аракети. Бул иш жүзүндө аннексия деп жарыяланган. Анда БУУнун Коопсуздук кеңеши, анын ичинде ал кездеги СССР буга ырааттуу түрдө каршы чыккан эле. Мындан башка аннексия эмес, бирок кайсы бир аймактар келишим негизинде өткөрүлүп алынган учурлар болгон. Аннексия түшүнүгүнө абдан жакын окуялардан айтсак, мисалы, Түркиянын Түндүк Кипрдеги ролу. Бул көп жагынан аннексияга жакын, бирок тиешелүү аймак басып кирген өлкөнүн бир бөлүгү деп жарыяланууга жеткен эмес. Башкача айтканда, Түндүк Кипр эч убакта Түркиянын бир бөлүгү деп жарыяланган эмес. 1974-жылы Түндүк Кипрдин аймагына киргенде Түркия орус аскерлери Крымга киргендей эле "коркунучка кабылган түрк калкын коргоо" деген жүйөнү карманган. Дүйнө буга чечкиндүү түрдө каршы чыккан. БУУнун Коопсуздук кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү, анын ичинде Советтер Союзу Кипрдин аймактык бүтүндүгүн колдоп, интервенцияга каршылык билдирген.

Орусия Крым аннексиясы менен эл аралык укук, Украинанын аймактык бүтүндүгү, суверенитети орой түрдө бузулду деген дооматтарга каршы аргумент катары ал жердеги референдумдун тыянагын келтирүүдө.

Москванын БУУдагы өкүлү Виталий Чуркин Коопсуздук кеңешинин Крым референдумунан кийинки отурумунда:

Виталий Чуркин

Виталий Чуркин

- Эркин референдум өткөрүү аркылуу Крым эли Улуттар Уюмунун уставында жана көптөгөн эл аралык укук актыларда бекитилген өз тагдырын өзү аныктоо укугун ишке ашырды. Ага катар Орусиядан Крымды өз курамына кошуп алууну суранды. Чектен чыккан тарыхый адилетсиздик оңдолду. 1954-жылы СССРдин ошол кездеги жетекчиси Никита Хрущев волюнтаристтик кадамга барып, ал учурдагы конституциялык нормаларды бузуу менен Орусиянын Крым аймагын жана Севастополду Украин Советтик Социалисттик Республикасына калемдин бир учу менен эле берип салган. Ал муну Крымдын элине айтпастан, алардын макулдугусуз эле жасаган. Крымдыктардын пикирин СССР чачыраган кезде да эч ким сураган эмес.

Батыш коомчулугу жана Украина Крымдагы референдум эркин өттү дегенге ынанган жок.

Мунун айныксыз далили катары алар Орусия расмий моюнуна албаганы менен куралдуу күчтөр киргизилишин, референдум оккупациялык абалда өткөнүн жүйө тартып жатышат.

Соңку күндөрү Батыштын расмий өкүлдөрү Орусиянын Крым боюнча саясатына “жер ээлөө” деген да мүнөздөмө берүүдө.

Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Саманта Пауэр Коопсуздук кеңешинин Крымды Орусия расмий аннексиялагандан кийинки отурумунда:
Cаманта Пауэр

Cаманта Пауэр

- Орусия чек араларын кайра сызууну чечкендей, бирок ал фактыларды кайра жаза албайт. Кошмо Штаттар Орусиянын аскерий кийлигишүүсүн, Крымда жер басып алуусун чечкиндүү түрдө четке кагат. Бул аракеттер дагы бир жолу Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн, Орусия өзү милдеттеме алган келишимдерди, эл аралык укукту, Улуттар Уюмунун уставын бузгандык. Крымда референдум өткөнү менен анын улуттук, эл аралык макамы өзгөргөн жок. Ууру мүлктү уурдап алышы мүмкүн, бирок ал ага менчик укугун бербейт.

Коопсуздук кеңеши эл аралык тартипти көзөмөлдөөчү дүйнөлүк орган катары Крым референдумун мыйзамсыз деп жарыялап, ага укуктук жактан бөгөт коюуга аракеттенди. Бирок резолюция долбоорун Коопсуздук кеңешине мүчө он беш өлкөнүн он үчү колдоп, Кытай калыс калды. Орусия болсо туруктуу мүчө катары чечимдерге вето салуу укугун колдонду.

Талашка түшкөн принцип

Көрүнүп тургандай, Крым кризисинде элдин "өз тагдырын аныктоого суверендүү укугу" деген түшүнүк да талашка түштү.

Эл аралык мыйзам боюнча бул түшүнүктүн макамы кандай, ал укук ишке ашуусу үчүн кандайдыр бир шарттар аткарылышы керекпи?

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы бул суроону кайра эле Оксфорд университетинин эл аралык мамилелер боюнча изилдөөчүсү Адам Робертске жолдоду:

-“Тең укуктуулук жана өз тагдырын өзү аныктоо укугу” деген принцип БУУ уставынын биринчи беренесинде жана башка эл аралык документтерде жарыяланган. Бул принцип эмнени так билдирери жана реалдуу турмуштук кырдаалда кантип колдонула алары боюнча талаштар 1945-жылдан бери эле жүрүп келет. Негизи беренедеги формулировка чачыранды. Бул өз кезегинде “улуттун өз тагдырын өзү аныктоосу” деген тагыраак терминди колдонуудан качууга мүмкүндүк берүүдө. Бул ар бир эл өз мамлекетин курууга укуктуу дегендикти билдирмек. Элдердин “өз тагдырын өзү аныктоо” принциби, албетте, европалык деколонизация жараяны учурунда, Германиянын биригүүсүндө, 1945-жылдан кийинки башка маанилүү окуяларда чечүүчү роль ойноду. Анткен менен али көптөгөн суроолорду жоопсуз калтырууда. Алардын арасындагы эң олуттуулары: кайсы эл бул укукка ээ, кайсынысы жок? Бул суроо дүйнөнүн көптөгөн бөлүктөрүндө көйгөй жаратты. Көптөгөн чыр-чатактардын өзөгү болду, анын ичинде акыркы жылдары Косоводо, Шри-Ланкада, Грузияда, Түркияда. Ал эми Крымга байланыштуу Украинада өз тагдырын өзү аныктоого биримдик канчалык, же муну Крым эле көздөдүбү, өз тагдырын өзү аныктоого крымдык татарлар да укуктуубу деген суроолор чыгат. Булардын баары үчүн жалпы жооп жок. Ушундан улам бул маселени абсолюттук принциптин көз карашынан эмес, тараптардын баарынын мыйзамдуу укугу таанылган сүйлөшүү аркылуу чечүүгө өтө олуттуу негиз бар.

Белгилүү болгондой, өзүн Крымдын түпкүлүктүү эли деп санаган жана азыр калктын 12% түзгөн татарлар референдумга кескин түрдө каршы чыгып, добуш берүүнүн жүрүшүн бойкоттогон.

Крым Косовобу?

Батыш менен Крым талашында орус бийлиги 2008-жылы Сербиядан ажырап, көз карандысыздыгын бир тараптуу жарыялаган Косовонун кадамын да мисалга тартты.

Президент Владимир Путин Федералдык жыйынга Крым боюнча кайрылуу жасаган кезинде:

- АКШнын Эл аралык сотко 2009-жылдын 17-апрелинде Косово боюнча угууларга байланыштуу кагаз жүзүндө берген меморандумунан үзүндү келтирем: “көз карандысыздык жөнүндөгү декларация ички мыйзамды буза алат жана көп учурда ушундай эле болот. Бирок бул эл аралык укукту бузат дегенди билдирбейт” үзүндүнүн аягы. Өздөрү жазышкан, бүт дүйнөгө жар салышкан, баарын ийилтишкен. Эми болсо кыжырданып жатышат. Эмне үчүн? Ошол эле Кошмо Штаттар менен Европадан "Косово өзгөчө учур" дегенди угуп жатабыз. Биздин кесиптештердин пикири боюнча анын бөтөнчөлүгү эмнеде? Көрсө, Косоводогу жаңжал учурунда адам өмүрү көп кыйылыптыр. Бул эмне, укуктук аргументпи?

Бирок Батыш расмий өкүлдөрү, талдоочулары Орусиянын Косово боюнча аргументи да Крым талашында суу кечпешин айтууда. Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Жон Керри президент Путиндин Косово боюнча сөздөрүнө жооп кайтарып:

- Мен Косовонун көз карандысыздыгы бул ( Крым - ред.) үчүн модел дегенди көп уктум. Бирок бул эч бир жагынан модел эмес. Анда Улуттар Уюму резолюция кабыл алып, эл аралык укуктун алкагында аз улуттун укугун коргоого санкция берген. Ал эми Крымда куралын өткөрүп берүүсү үчүн коркутууга кабылган украин аскерлерин эске албаганда, орус аскерлери көбөйтүлгөн шартта коргоого муктаж бирөө жарым болгон жок.

Косовонун көз карандысыздык жарыялашы менен Крымдын Батышта жана Украинада мүнөздөлгөндөй аннексияланышы, Орусияда мүнөздөлгөндөй тарыхый тамырына кайтышында чын эле окшоштук барбы?

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы бул суроону америкалык дипломат, “Слободан Милошевич жана Югославиянын талкалануусу” деген китептин автору Луис Селлге жолдоду:

- Косово менен аналогия жасоо укуктук да, фактылык жактан да эч бир мүмкүн эмес. Бул жерде эң башкысы - аталган эки аймактагы калктын куугунтукка кабылганынын деңгээли. Косового эл аралык кийлигишүү, менин көз карашымда, абдан эле кеч, Милошевичтин зордук-зомбулугунун дээрлик он жылынан кийин болгон. Ал провинциянын автономия укугун 1989-жылы мыйзамсыз жана күч менен жоготкон. Андан кийин 1999-жылы көпчүлүктү түзгөн албан калкын Косоводон кубалоо үчүн энтикалык тазалоо, геноцид өнөктүгү башталган. НАТО мына ушундан кийин гана нукура гуманитардык интервенция жасаган. Анын натыйжасында серб күчтөрү сүрүп чыгарылган. Мындан кийин НАТО Косовону ээлеп, аннексиялап алган жок, ал жерде БУУнун администрациясын түздү. Крымда мунун бири да болгон жок. СССР чачырагандан бери калк ал жерде жаманбы, жакшыбы, ынтымактуу эле жашап жаткан. Массалык же чакан масштабда кысым, куугунтук кездешкен эмес. Түрдүү тайпалар Орусия жана Украина менен ар башка алака-катыш үчүн гана үгүт жүргүзгөн учурлар болгон. Орус калкына Крымда кандай гана окуя болбосун, коркунуч туулган эмес. Айтылган нерселер кызылдай эле калп.

Мурдагы дипломат Луис Селл “Азаттыктын” кабарчысы менен андан аркы маегинде Косово көз карандысыздыгын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1244-резолюциясы кабыл алынгандан тогуз жылдан соң, узак дипломатиялык жараяндан кийин жарыялаганын эске салат:

- Ахтисаари жүргүзгөн жараян Крым менен Косово ортосундагы дагы бир чечүүчү айырма. Косоводо кырдаал стабилдешип, ал өзүнүн убактылуу башкаруу институттарын түзгөндөн кийин гана эл аралык көзөмөл астында сүйлөшүүлөр башталган. Ага талаштагы тараптардын баары катышкан болчу. Крымда мындай эч нерсе болгон жок да. Орусия жөн эле ээлеп алды. Эгер Орусия кызыкдар болсо, Крымдагы орус эли коркунуч астында калганын чындап сезсе, ушундай мүнөздөгү ортомчулук жараяндарга катыша алмак. Анын үстүнө бул нерсе Орусия 1994-жылы өзү кол койгон Будапешт меморандумунда каралган.

Будапешт меморандуму демекчи, Украина жана Батыш өлкөлөрү Орусияны дал ушул дипломатиялык документти бузганы үчүн да айыпташты.

“Коопсуздук кепилдиктери боюнча Будапешт меморандуму” деп аталган документке Украина, Орусия, АКШ жана Улуу Британия 1994-жылы Будапештте кол койгон эле.

Расмий келишим болбосо да ал документтин талаптарына ылайык, Украина совет доорунан калган өзөктүк дүрмөттөрүн, башкача айтканда, узак аралыкка учуучу 1900, кыска аралыкка учуучу 2400 ракетасын 1994-жылы Орусияга өткөрүп берген.

Мунун ордуна Орусия, АКШ, Британия Украинанын аймактык бүтүндүгүнө, саясый көз карандысыздыгына шек келтирбөөгө милдеттеме алышкан.

"Саткын саясатчылар үчүн төлөнгөн кун"

Крым аннексиясынан Украина өзү кандай сабак алып, жыйынтык чыгарууда. Бул суроону биз прикладдык саясый изилдөөлөр боюнча Киевдеги “Пента” борборунун башчысы Владимир Фисенкого жолдодук:
Владимир Фисенко

Владимир Фисенко

- Крым Украина үчүн өлкөнү терең саясый кризиске алып келген, өзүлөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн гана иштебестен, коңшу өлкөгө Украинанын аймактык бүтүндүгүн бузуу аракеттерине көмөктөшкөн жоопкерчиликсиз саясатчылар үчүн төлөнгөн кун болду. Сөз бул жерде Украинанын саясый элитасынын чоң бөлүгүнүн саткынчылыгы жөнүндө жүрүп жатат. Биздин атайын кызматтардын кээ бир адамдары, президент Кучманын тушунда иштеген мурдагы жетекчилер алардын маалыматы боюнча Крымды Украинадан ажыратып алуу боюнча сценарий эки жыл мурда эле иштелгенин жана 2015-жылдагы президенттик шайлоодон кийинки мезгил үчүн даярдалганын айтып жатышат. Азыр Украина үчүн эң башкы приоритет – өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн учурдагы чек ара алкагында сактоо. Крымдын аннексияланышын Украина тааныбайт, Крымды оккупацияланган аймак катары карайт. Бизге эми алдыда өтө олуттуу жана чалкеш укуктук проблемаларды чечүүгө туура келет. Биздин жарандардын укугун коргоо, Крымдагы аскер кызматчылардын тагдырынан тартып, мүлк, деңиздеги чек арабыз, шельф маселелерине чейин. Башкача айтканда, бул кризистин натыйжасында чыккан жана азырынча жообу жок бир катар татаал маселелер күтүп турат. Андыктан, азыр бизге сабак тууралуу айтуу эртелик кылат. Украина Крымды жакынкы убакта кайра кайтарып алат деп үмүттөнүү байоолук болмок. Бирок Орусия да, менимче, арты жакшы эмес жана өзүн эл аралык коомчулуктун басымдуу бөлүгүнө каршы койгон кырдаалга алып келген ката кетирди. Орусиядагы ички саясый кырдаал да кардиналдуу өзгөрдү. Крым кризисинин таасири постсоветтик мейкиндиктеги кырдаалды өзгөртүп, кесепеттери Украина, Орусия үчүн эле эмес, пост-советтик мейкиндик, эл аралык мамилелер системасына да тийиши мүмкүн. Сабакты мындан Украина эле эмес, эл аралык коомчулук, көптөгөн пост-советтик өлкөлөр да алышы керек.

Украина Крымдын аннексияланышынан улам КМШнын курамынан чыгарын жарыяласа, дүйнөнүн ири державалары Орусияны өзүнө кошуп "Чоң Сегиз" форматында жыйын кура албасы да анык болду.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG