Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Крымды аннексиялоо айыпталды


Кремлчил активисттердин Кызыл Аянттагы акциясы. Москва, 18-март, 2014.
Кремлчил активисттердин Кызыл Аянттагы акциясы. Москва, 18-март, 2014.

АКШ жана Европа Крымдын расмий аннексияланышын айыптап, Орусиянын кадамын “жер басып алуу” деп мүнөздөштү. Орус президенти бул окуяны өлкөсүнүн улуттук кызыкчылыгына төп келген жана крымдыктардын узактан берки мүдөөсүн орундаткан иш катары сыпаттады.

Орус президенти Владимир Путин Кремлде аннексияланган Крымдын лидерлери менен келишимге кол коюп жаткан кезде Кошмо Штаттардын Украинага коңшу Польшада иш сапары менен жүргөн вице-президенти Жо Байден окуяга төмөнкүчө баа берди:

- Орусия өзүнүн жер ээлөөдөн башка деп баалоого болбой турган кадамын актоо үчүн көптөгөн аргументтерди келтирди. Бирок дүйнө Орусиянын аракеттеринин артындагы жараксыз логиканы четке какты. Эгер Орусия ушул жолдо кете берсе, анын саясий жана экономикалык жактан изоляциялануусу күчөйт, иш жүзүндө АКШ менен Еврошаркеттин жаңы санкцияларына тушугат.

Байдендин бул сөздөрүнөн кийин Ак үйдүн расмий өкүлү Жей Карнинин Вашингтондогу басма сөз жыйында айтканына караганда, президент Обама азыр Орусияга санкция киргизүү маселесинде мунасага жетишүү, АКШ, Европа жана Азиянын Украинаны кантип биргелешип колдоосу, Орусиянын кадамдары эл аралык коомчулук тарабынан кабыл алынбасын ачык көргөзүү үстүндө иштөөдө.

Украинага жакынкы коңшу Польшанын премьер-министри Доналд Туск Орусиянын Крымды аннексиялоосун “эркин дүйнөгө чагым” катары сыпаттаса, Британия Москва менен аскерий кызматтташтыкты токтотконун жарыялады.

Бул өлкөнүн тышкы иштер министри Уильям Хейг мындай дейт:

- Демократиялык жараянды канчалык алдабайлы, тарыхка шилтеме жасабайлы, бул эл аралык укукту бузуу менен суверендүү өлкөгө кол салып, анын аймагынан жерди ээлеп алуу экенин эч нерсе жаап-жашыра албайт.

Француз президенти Франсуа Олланд Еврошаркеттин лидерлерин алдыдагы бейшемби күнкү саммитте Орусиянын кадамына “катуу” жооп кайтарууга чакырды. Ал билдирүүсүндө Париж Крым референдумун тааныбасын айтып, муну “Украина аймагынын Орусияга тиркелиши” деп мүнөздөдү.

Немис канцлери Ангела Меркел Крымды аннексиялоо толугу менен эл аралык мыйзамга каршы келерине көңүл бурду.

Батыштан айтылган жана айтылып жаткан сындарга кечээги кезексиз кайрылуусунда президент Владимир Путин да жооп кайтарды.

Ал Батышты, өзгөчө Кошмо Штаттарды “эл аралык укукка эмес, күчкө таянат” деп айыптап, Крымды Сербиядан ажыраган Косовонун мисалына салыштырды:

- Ошол эле Кошмо Штаттар менен Европадан "Косово өзгөчө учур" дегенди угуп жатабыз. Биздин кесиптештердин пикири боюнча, анын бөтөнчөлүгү эмнеде? Көрсө Косоводогу жаңжал учурунда адам өмүрү көп кыйылыптыр. Бул эмне, укуктук аргументпи?

Путин Орусия Украинанын мындан ары бөлүнүшүн каалабайт деп ырастады.

Бул аралыкта украин премьери Арсений Яценюк түндө эки ортодогу жаңжал “аскерий баскычка” кирүүдө деп айтып чыкты.

Украин тараптын маалыматына караганда, Симферополдо аскерий объектиге куралчандардын кол салуусунан украин армиясынын бир прапошиги каза тапкан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG