Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:57

Крымдын укуктук макамынын чоо-жайы


Симферополдуктар Крымдын желеги менен шаардын Ленин аянтында, 15.03.2014.
Симферополдуктар Крымдын желеги менен шаардын Ленин аянтында, 15.03.2014.

Киев жана Москва ортосундагы Крымдын макамына байланыштуу укуктук “салгылашуу” дүйнө көңүлүн бурду.

Жекшембиде референдумда крымдык шайлоочулардын 96 пайызы Москванын күнкордугуна өтүүгө добуш беришти. Референдумду Батыш тааныбаганы менен, келечекте эки миллион калкы бар жарым аралдын укутук макамы көп талаш-тартыш жаратарына шек жок.

Украина башынан эле Крымдагы референдум эл аралык эрежелерди одону бузуу деген жүйөөнү карманууда. Орусия украин бийликтеринин көз карашын толугу менен четке кагып келет. Жарым арал кандайча жана кандай шарттар менен бир өлкөдөн чыгып, башка өлкөгө кошулуу тууралуу чечимге келгенин Чикагодогу ДеПол университетинин эл аралык укук профессору Берри Келлманн мындайча түшүндүрдү:

Эл аралык мыйзамдарга ылайык, өлкөнүн кайсыл бир бөлүгү бир мамлекеттин курамынан чыккысы келсе, ал ошол өлкөнүн конституциялык процесстерине жараша болушу керек. Ошондуктан расмий Киевдин Крым тууралуу позициясы туура. Маселе - Крымдагы референдум украин баш мыйзамына ылайык өткөрүлдүбү же жокпу дегенде.

Киев Крымдын парламентин таратканы – жарым аралдын Украинанын курамынан чыгуу – өлкөнүн конституциясына дал келбейт деген аргумент бир жагынан жөндүү. Экинчи жагынан, бийликтин бул кадамы Орусиянын Мамлекттик Думасынын Крымды Федерациянын курамына кошуу мыйзам долбооруна бут тосуу катары бааланууда.

Москва Крымды өзүнүн аймагы катары тааныгандан мурда орус эл өкүлдөрү тиешелүү конституциялык өзгөртүүлөрдү кабыл алуусу зарыл. Сунушталган мыйзам долбоорго ылайык, башка мамлекеттин аймагы Федерациянын курамына кирүү үчүн учурдагы өлкөнүн жана эл аралык мыйзамдарга ылайык, элдик референдумдун негизинде гана арыз кабыл алынат.

Киевдин Крымдагы референдум мыйзамсыз деген аргументи орус депутаттары сунуштап жаткан мыйзам долбоорунун "арыз жергиликтүү бийликтерден келиши керек" деген пунктуна карама-каршы. Профессор Келлманндын айтымында, орус Мамдумасынын конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизген учурда дагы, орус мыйзамдары Орусияга гана тиешелүү экенин белгиледи.

Деген менен референдумдан кийин эл аралык эрежелерге ыктап, Орусияны Крымды өзүнө кошуп алуудан баш тарттыртуу мүмкүн эмес. Профессор Берри Келлманн буларга токтолду:

Орусиянын учурдагы маселеси – референдумдун жыйынтыгын таануу. Орусиядан башка Крымдагы шайлоонун жыйынтыгын ким тааныйт? Чындыгында, ал болгон иш. Башкача айтканда, Москва референдумдун жыйынтыгын карманат. Кытайдын Тибетти басып алганын караңыздар. Ал укуктук жараян болгон эмес. Жөн эле аскерий күчтү колдонуу болгон.

Америка Кошмо Штаттары, 28 өлкө кирген Европа Биримдиги жана башка мамлекеттер референдумду мыйзамсыз деп айыптады. Аны менен бирге Москвага каршы экономикалык жана саясий санкциялар кабыл алынаарын эскертти.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG