Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

Крымдагы бир жыл: эмне өзгөрдү?


Крымдагы референдумдун бир жылдыгына арналган акция, 16-март, 2015

Крымдагы референдумдун бир жылдыгына арналган акция, 16-март, 2015

16-мартта Крым жарым аралы аннексияланып, Орусияга кошулганына бир жыл толду. Бул мезгилде Крымда эмне өзгөрдү?

Бир жыл мурунку окуяны Украина жана эл аралык коомчулук аннексия катары мүнөздөсө, Москва аны жарым аралдын “тарыхый тамырына кайтышы” катары атап келет. Бир жыл ичинде Украинадан бөлүнүп, Орусияга өткөн жарым аралда эмне өзгөрдү? Жергиликтүү калк Москва убада кылгандай “улуу державанын камкордугун” сезе алдыбы же Киев ишендиргендей, сырткы күчтүн кийлигишүүсү менен басым-кысым алдында жашап жатабы?

Былтыр февралда башталган Крым кризиси Украинанын чыгышында куралдуу жаңжалга айланып, Орусия менен Батыштын мамилесин “кансыз согуштагыдай” абалга кептеди. Батыш Орусияга санкция артынан санкция киргизип, бул өлкөнүн экономикалык абалына сокку урду. Дүйнөдөгү геосаясий кырдаалга таасирин тийгизип, андагы негизги оюнчулар өз ара мамилесин дагы бир жолу көздөн өткөрүүгө мажбур болду. Бир жагынан Орусияны кубанычка бөлөгөн, экинчи жактын ачуусу менен айыптоосун жараткан Крым окуясы эгер шарт-жагдай туура келсе, эки тараптуу да, көп тараптуу да келишимдер иштебей эле кагаз жүзүндө каларын көрсөттү.

Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясы Крымда өткөрүлгөн референдум жарым аралдын макамын өзгөртүүгө негиз болбосун белгилеген резолюция кабыл алган.

16-мартта Москва айткандай, референдум өткөрүлүп, жарым аралдын шайлоочуларынын 97% Орусияга кошулуу үчүн добуш берген. Референдумдун жыйынтыгына шылтап, 18-мартта Кремл Крым жарым аралын өзүнө кошуп алды.

Бирок Украинанын жаңы бийлиги жана Батыш Крымдагы референдум эркин өттү дегенге ынанган жок. Алар жарым аралды Орусия күч менен тартып алуу же аннексия деп атады.

Путин чыгарган “чындык”

15-мартта мамлекеттик “Россия” каналынан көрсөтүлгөн “Крым. Ата Журтка жол” деп аталган даректүү тасманы Кремлге ишенимдүү журналист Андрей Кондрашов тарткан. Кондрашовго берген интервьюда Путин “Крымды Орусияга кайтаруу боюнча жумуш” 2014-жылы 23-февралда Украинанын ошол кездеги президенти Виктор Януковичти өлүмдөн сактап калуу операциясына удаа башталганын айтат:

​- Мен Кремлге биздин атайын кызматтардын жана Коргоо министрлигинин жектекчилерин чакырып, аларга Украинанын президентинин өмүрүн сактап калуу жөнүндө тапшырма бердим. Аны жөн эле жок кылышмак. Бул 22-23-февраль күндөрү болду. Биз таңкы жети ченде бүттүк. Мен коллегаларым менен коштошуп жатып: “Биз Крымды Орусиянын курамына кайтаруу боюнча жумушту баштоого мажбурбуз” деп айттым. Анткени биз бул аймакты жана анын тургундарын тагдырдын оор сыноосуна жана улутчулдардын колуна таштап сала алмак эмеспиз. Ошентип тапшырмаларды берип, кантип жана кандайча аракет көрүшүбүз керек экенин да айтып бердим. Бирок дароо белгилеп коюшум керек, бул аракетти эгер Крымда жашаган калк Орусияга кошулууну каалаганына толугу менен ишенсек гана ишке ашырышыбыз керек экенин ачык айттым.

Путин “Крымды Орусияга кайтарып алуу боюнча” ишти баштоого жана анын алкагында крымдыктар арасында жашыруун сурамжылоо жүргүзүүгө тапшырма бергенин айтат:

- Анын жыйынтыгы менен 75% ашыгы Орусияга кошулууга ниети бардыгы белгилүү болду. Бул жашыруун сурамжылоонун жыйынтыгы болчу. Анда Крымды кошуп алуу ыктымалдуулугу тууралуу сөз жок эле. Мен ушундан соң эгер биз бул боюнча аракетти баштасак, бул тарыхый окуяны орундалышын каалагандардын мындан да көп болооруна көзүм жетти.

Орусия жарым аралды өзүнө кошуп алуу боюнча эч кандай ой болгон эмес деген пикирден танып, ал атайын операциянын негизинде ишке ашканы белгилүү болду. Бул жагынан орус бийликтери эл аралык коомчулуктун алдында “бетин ачып алуу” аракетин көргөндөй.

Орусиядагы саясий экспертизалар институтун директору, талдоочу Евгений Минченко “Эхо Москвы” радиосуна сүйлөгөндө орус бийликтеринин бул кадамын төмөнкүчө чечмелейт.

- Мен түшүнүгүмдө, бул жерде логика мындай: биздин Украина менен бир катар келишимдер болгон. Анан президент айткандай, ал өлкөдө төңкөрүш болуп, мыйзамдуу шайланган президентин өлтүрүүдөн кайра тартпаган чукул кырдаал жаралды. Ошондуктан Орусияда юридикалык жактан да, моралдык жактанда Крымды кайтаруу укугу бар болчу. Мен орус бийликтери тарткан тасманын логикасын дал ушундай түшүндүм.

Орусиялык журналист Айдер Муждебаев орус бийликтеринин кадамын “коркунучтуу прецедент” деп атайт:

- Муну менен орус бийлиги цивилизациялуу коом алдында акыркы уятын коюп, “Бизге керек болгон аймакты бөлүп алдык” деп ачык айтты. Бул бир жагынан “жакшы көрүнүш”. Анткени “биз бийликти чындыкты айт” деп чакырып келе жатпайбызбы. Дал ушул кырдаалда Орусиянын президенти чындыкты айтты. Экинчи жагынан бул билдирүү абдан коркунучтуу. Анткени, ал эл аралык саясатка “кааладым, алдым” деген түшүнүктү киргизип жатат. Крымды аннексиялоо Украинадагы мамлекеттик төңкөрүш менен түшүндүрүлүп жатпайбы. Кудай анын бетин ары кылсын, эгер Орусияда ушундай кырдаал жаралса, маселен Кытайды жетекчилиги дал ушундай логика менен иш кылса эмне болот? “Орусиянын бийлиги мыйзамсыз алмаштырылды, бул өлкөдөгү айрым аймактын калкынын укугу бузулган жатат, биз аны коргошубуз керек” десе эмне болот? Бул жагынан Орусия кайсы бир элди куткаруу, мурда бизге караган жерди кайтаруу деген сыяктуу өтө коркунучтуу шылтоону мыйзамдаштырган сыяктуу болуп турат.

Эл аралык укук системасында башы ачылбаган Крымдын Орусияга кошулушу карама-каршылыктуу маселе бойдон калууда.

Эмне өзгөрдү?

“Крым биздики” деген ураан астында орусиячылдар жарым аралдын инфраструктурасын оңдоп, туризмдин кайнаган борборуна айлантууну убада кылышкан. Бирок аймакка киргизилген экономикалык санкциялардан улам бул планды ишке ашыруу кыйын болгонун адистер белгилешет. Аймактын Орусия дайындаган жетекчиси Сергей Аксеновдун айтымында, жарым аралдын калкынын көпчүлүгү бир жыл мурунку чечимди колдой турганын билдирет:

- Былтыр мартта болгон окуяны калктын 90% ашууну колдойт. Мындан мен эч күмөн санабайм. Батыштын журналисттерин да ушуга чакырам. Азыр көчөгө чыгып, сурасаңар баары эле “референдум туура болгон” деп жооп беришет.

“Азаттыктын” Крым кызматына сүйлөгөн бул жарым аралдын жашоочусу акыркы бир жыл ичиндеги өзгөрүүнү мындайча баяндайт:

- Карагылачы, баалар эмне болуп атат? Баары жакшы болот деп, бир нече курдай айтып атышты эле. Аны көргөн жокпуз. Баары кымбаттады. Ойго келбеген кымбаттоо болду. Эч бир жерде тартип жок.

Ал эми Крымдын дагы бир тургуну Орусияга кошулуунун артыкчылыгы менен кемчилигин төмөнкүдөй салмактайт:

- Менин оюмча, Орусияга кошулганы бир аз мыйзам иштей баштагандай. Бул оң жагы. Ал эми жашоо эч өзгөргөн жок. Баалар абдан кымбаттады.

Өзүн Крымдын түпкүлүктүү эли деп санаган жана азыр калктын 12% түзгөн татарлар референдумга кескин түрдө каршы чыгып, добуш берүүнүн жүрүшүн бойкоттогон эле. Бул окуялардан кийин алардын лидери Мустафа Жемиловго 2019-жылга чейин жарым аралга кирүүгө тыюу салынды.

Украинанын аймактык бүтүндүгүн жактаган Мустафа Жемилев аннексия боюнча референдумдан кийин БУУнун Коопсуздук кеңешинин бейформал отурумунда сөз алган учурунда Крымга бейпилдик күчтөрдү жөнөтүүнү суранган.

Мустафа Жемилев

Мустафа Жемилев

Крымда адам укуктарынын абалы начарлап кеткенин буга чейин Human Rights Watch уюму быйыл жарыялаган отчетунда да белгилеген эле. Ай башында жарыяланган отчетто Кремлдин дискриминациялык саясаты үч багытта жүрүп жатканы айтылган. Алар Крым аннексиясын колдобогон этникалык, диний жана улуттук топторго каршы багытталган. Мындай мамиле билим берүү тармагында байкалып, украин тилиндеги мектептер массалык жабыла баштаган.

Крым сабактары...

Акыркы бир жыл жөнөкөй крымдыктар үчүн дал ушундай өзгөрүүлөр менен эсте калса, бул окуядан орус жана украин бийликтери кандай сабак алды? Бул суроону киевдик саясий талдоочу Вадим Карасевге жолдодук:

- Украина төмөнкүдөй сабак алды деп ойлойм. Аймактарга көбүрөөк көңүл буруу керек. Ал эми орус тилдүү аймактар үчүн өзүнчө бир саясат иштеп чыгып, жүргүзүү зарыл. Украиндештирүү деген ураандарды жөнү жок колдонбоо керек. Анан албетте, экономикалык жана социалдык абалды жакшыртуу абзел. Эгер абал жакшы болсо, кандай гана күч болбосун Крым авантюрасы сыяктуу куйтулукту ишке ашыруу кыйын болот же авантюралык оюндарды жасоодон да жазганат.

Украин эксперти Виктор Небеженконун пикиринде, Крым окуясы Украина эле эмес, башк өлкөлөргө да сабак болду. Себеби Орусия сыяктуу “амбициясы ат башындай” коңшу турганда аны менен этият мамиле курууга үйрөнүшү керек:

- Бул бир жыл бизди нес кылып, чыккынчылыктын чеги жок экенин түшүнгөндөй болдук. Анткени Украинанын саясий элитасы кандай болгон күндө да Орусия мынчалык барат деп күткөн эмес. Крым кризисинин таасири мурдагы Советтик мамлекеттерге да тийип, алар да сабак алышы керек. Крымды кайра кайтарып алуу кыйын болсо да ал качандыр-бир мезгилде Украинага кошулат деген үмүт бар. Анткени Украинанын күчү жетпесе да, өз чек араны калыбына келтирүү башка Европалык өлкөлөр үчүн принциптин иши деп ойлойм.

Ал эми москвалык саясий эксперт Дмитрий Орлов Крым окуясынан Орусиянын алган сабагы менен жыйынтыгын төмөнкүчө көрөт:

- Мен саясий мааниси жагынан алганда Орусия үчүн үч жыйынтыкты бөлүп көрсөтүүгө болот деп ойлойм. Биринчиден, Орусияга караштуу эки аймактык бирдик пайда болуп, борбордук бийликке толугу менен баш ийип жатат. Бул Крым жана Севастополь. Экинчиден, Крымдын саясий мейкиндигинин реинтеграциясы ишке ашты. Үчүнчүсү болсо, Орусия аскердик алкакта жаңы артыкчылыкка ээ болду. Мурун Севастополь Украинанын курамында турганда, Орусия бул аймакта толук көзөмөл жүргүзө алчу эмес. Бул ирет толук көзөмөл ишке ашты. Ошол учурда айрым чектөөлөр кала берүүдө. Биринчиси, дүйнөлүк коомчулуктун Крымды Орусиянын курамындагы аймак катары тааныбаганы. Бул маселени акырындык менен чечүү керек. Муну чечүү үчүн башка өлкөлөр, уюмдар жана эл аралык ишканалар менен өз алдынча иш алпарып, Крымды Орусияныкы катары таануу аймагын кеңейтүү зарыл.

Бир жылы мурдагы Крымдын бир тарап айткандай аннексияланышы, же экинчи тарап түшүндүргөндөй, тарыхый тамырын табышы дүйнөлүк саясий абалды өзгөртүп, чиелешкен эл аралык маселени пайда кылды.

Бирок муну менен эле токтобостон, Украинанын чыгышында Москва колдогон жикчилдер менен өкмөттүк аскерлер арасындагы куралдуу тирешүүлөр башталды. Былтыр апрелден бери жүрүп жаткан бул калабада алты миңден көп адамдын өмүрү жайран болду. Донецк жана Луганск облустарынын көпчүлүк бөлүгү жикчилдердин кол астында.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG