Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:49

Төрт эне. Төрт бала. Түшүнө албаган дүйнө... “Данисте” программасы Кыргызстанда балдарына ВИЧ жуккан төрт эненин тагдырын баяндайт.


2007-жылы Ош облусунда дарыгерлер бир гана жолу пайдаланылчу ийнелерден кайра-кайра кан куюп, ондогон ымыркайга aдамдын иммундук таңсыктыгына алып келчү вирусту (ВИЧти) жуктурганы аныкталган.

Ош жана Ноокат шаарларындагы балдар ооруканаларында 40 наристеден ВИЧ табылып, тергөө учурунда 14 медицина кызматкерине каршы кылмыш иштери ачылды.

Дарыгерлердин төртөө сотто акталып, үчөө шарттуу түрдө, калгандары ар кандай мөөнөт менен түрмөгө кесилген. Өкүмгө каршы кийинчерээк Жогорку сотко доо арыз жазылганы белгилүү.

Чыныгы курмандыктар

Перзенти оор илдетке кабылган бул үй-бүлөлөрдө тагдырдын оор жүгүн азыр эң оболу энелер көтөрүп жатышат. Алар менен жазмыштын бул түйшүгүн бирге көтөрө турган өмүрлүк жолдоштору да алсыздык кылып, кетип калышкан.

Өзүнүн туугандары, коом, мамлекет, керек болсо, күйөөлөрүнөн да колдоо таба албаган энелер былтыр жыл соңунда Ошто жана Бишкекте айласы кеткендеги акыркы чарага барып, беттерин чүмбөттөп, митингге чыгышты. Бийликтен алар жакшыраак камкордукту, күнөөкөрлөрдү жазалоону талап кылышты. Бирок талаптары бүгүнкүгө чейин аткарыла элек.

Жакшылыктан үмүтүн үзбөй, оорулуу балдарын бооруна кыса бүтүндөй бир кайдыгер дүйнө менен күрөшкө беттенген энелер менен таанышып алыңыздар. (Энелердин ысымдары өзгөртүлүп берилди)

Салтанаттын баяны

“Балдар бакчасына жайгаштырдым. Бирок аз эле барды. Тез-тез эле ооруп кала берет экен... Балдар бакчасына да оңой менен алышкан жок, ар нерсени айтып жекиришет. Мен мыйзамдарды жакшы билгеним үчүн эле баламдын кабыл алынышына жетиштим. Айрымдары ачык эле “Сенин балаң СПИД, башка балдарга жугуп калат”, - деп албай коюшкан.

Дискриминация алгач айыл-өкмөттөрүнөн, почточулардан башталды: “Башында СПИДдердикин берип коелу”, - деп жатышты. Дарыгерлерге келсек, ал жакта да жек көрүүнү байкадык. Айтсаң, колуна эки каттап медициналык колкап кийип, анан карашат. “СПИДдерди биринчи карап коелу, болбосо булар тополоң чыгарышат”, - дешет. Айтпасаң, акча алышат...

Жолдошум түшүнө алган жок. Балдарым менен мени таштап кетти. Ооруканада жатканыбызда бир жолу да басып келген жок. “Дарыларын өзүм берип жатам, ушундай экен”, деп түшүндүрсөм, баланы колуна алган жок: “Мен намыс кылам. Көчөгө чыкпасам...”, - дегенсип бизди таштай кетти. Ошол 2009-жылдан бери балдарымды жетелеп, батирден батирге көчүп жүрөм.

2007-жылы Ош облустук балдар ооруканасына жатканбыз. Баламдын эти ысып, температурасы түшпөй койгон. Бирок ошол кезде бул илдет жукканын билген эмеспиз. Балам тынбай эле ооруй берди. Эки жылдан кийин гана ага ВИЧ жукканын аныктадык. Биз үчүн бул өтө катуу сокку болду... Температурасы көтөрүлүп, ичи өтүп туруп алды. Көрсө баламдагы ооруунун деңгээли үчүнчү даражасына жеткен экен. Өзү төрт эле даража болот, төртүнчүсү – СПИД. Ошондо адам өлөт...

Биз балдарыбыздын күнүмдүк өмүрүн тилеп жашайбыз... Ооруп, ысып чыкса, түнү менен дары ичирип чыгабыз. Алсыратат, акылынан адаштырат. “Өлүп калдыбы, эмне болду” деп, күнү түнү уктабай, жанынан кетпейбиз...”

Ферузанын баяны

“Ушул баламдын кеселинин айынан үй-бүлөм бузулду. Кайын-энем бизди үйдөн чыгарып жиберди. Мен өзүм да, жолдошум да, калган балдарым - баарыбыз таза элек. Ушул балам менен гана 2008-жылы облустук ооруканага жатканбыз. Ошондо жукту. Күйөөм кетип калды. Азыр балдарым менен батирде жашап жатабыз...

Күндүзү ар нерсеге алаксып, эптеп күн өткөрөм. Түндөрдөн корком... Түнү менен ыйлап чыгабыз. Эрте менен туруп, эң оболу баламдын көзүн карайм – “өлүп калган жокпу?”... Азыр булар тирүү баладай да эмес. Эрте-кеч дары ичиребиз. Адатта, балдар айына ашып кетсе 2-3 жолу ооруса, биздин балдар 10 жолудан ооруп чыгат. Мына, азыр да балам ооруп жатат...”

Гүлнозанын баяны

“Эми азыр биз эптеп күн көрүп, эптеп аларды чоңойтобуз. Бирок булардын келечеги кандай болот? Мен кантип бирөөнүн босогосун аттап, уулума кыз сурайм? Кантип үйлөйм? Айтыңызчы...?!

Мамлекет бизди карабай жатат. Кечээ 5 миң сом алдым. Ал баламдын кийимине араң жетти.

Ар үч ай сайын баламдын жанын оорутуп, кан алышат. Улам текшерип турушу керек экен да. Кыйналып бүттү балам. “Апа, эмнеге иним дары ичпейт, эмне үчүн мен эле дарыларды иче берем?”, - деп сурайт. “Сенин боюң узун болот, балам”, - деп сооротуп коем...

Уулкыздын баяны

“Ыйлай берип көзүмдө жашым кургап бүттү. Ушунчалык чыдабай кеттим... Тойлорго, бата кылчу жерлерге баралбайбыз. Ал бери турсун, үйдө жөнөкөй эле отуруп, жөнөкөй эле күн көрүп, жөнөкөй элек тамак ичиш деген бизде жок...

Азыр уулум 7 жарымга чыкты, мектепке бара элек. Үч жолу балдар бакчасына бердим, үчөөнөн тең “Балаңдын СПИДи бар экен” деп айдап чыгышты. Бирөөнө мен өзүм айткан элем. Энемин да баары бир, башкаларга жугуп калбасын деп ойлогом. Айдап жиберишти... Ошондон коркуп калыптырмын, быйыл мектепке да берген жокмун.

Эгерде көчөдөгү наркоман же сойку кыздардын балдары ушундай болуп калса, кудум, андайга даяр болушканынанбы, тагдырдын бул жазасына кайыл болуп калышат окшойт. Мен буга кайыл эмесмин! Мен буга макул эмесмин!

Анан улам эле баары “Бул энелер моралдык чыгым катары бир миллион сом сурап жатышат” ,деп эле күнөөлөп жатышпайбы – кайсыл акмак өз баласынын ден-соолугун бир миллионго сатат? Мага керек болсо, жүз миллион да аздык кылат! Эгер мамлекет менин баламдын ден-соолугун кайтарып берсе, ошол жүз миллионду мамлекетке мен өзүм төлөмөкмүн!”.

"Данистени" толугу менен бул жерден уга аласыз:

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG